Бисмиллахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Өзүңдү ибадатка арна
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ إِنَّ اللَّهَ تَعَالَى يَقُولُ يَا ابْنَ آدَمَ تَفَرَّغْ لِعِبَادَتِي أَمْلَأْ صَدْرَكَ غِنًى وَأَسُدَّ فَقْرَكَ وَإِلَّا تَفْعَلْ مَلَأْتُ يَدَيْكَ شُغْلًا وَلَمْ أَسُدَّ فَقْرَكَ
Абу Хурайрадан риваят, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллах Таала айтты: “Оо Адам баласы, Өзүңдү Мага ибадат кылууга арна, Мен сенин көкүрөгүңдү байлыкка толтуруп, кедейлигиңди кетирем. Болбосо колуңду жумушка толтуруп, кедейлигиңди кетирбейм”.
Жамиъ ат-Тирмизинин түшүндүрмөсү “Тухфат ал-Ахвазиде айтылат:
“Аллах айтат: Эй Адам уулу, Өзүңдү Мага ибадат кылууга арна”. Башкача айтканда, мага моюн сунуу үчүн милдеттериңден бошон.
“Көкүрөгүңдү байлыкка толтуруп” жүрөгүңдү байлыкка толтурам деген маани. Башкача айтканда, бул жүрөктүн байлыгы.
“Кедейлигиңди кетирем”. Башкача айтканда, эгер Өзүңдү Мага ибадат кылууга арнасаң, Мен сенин муктаждыктарыңды орундатам жана сени Өзүмдүн макулуктарымдан көз карандысыз кылам.
“Болбосо, колуңду жумушка толтуруп, кедейлигиңди кетирбейм”. Башкача айтканда, эгер сен өзүңдү мага моюн сунууга арнабай, башкалар менен алек болсоң, мен сенин кедейликтен арылтпайм. Анткени адамдар таптакыр жакыр. Ошондуктан сен таптакыр жакыр болгон макулуктарга муктаж болуп жакырчылыгыңа жакырчылыкты кошосуң.
Кимдир бирөө бул дүйнөдөн оокат издеп, же андан да чоң үлүш издөөнү шылтоолоп, Алла Таалага ибадат кылууга өзүн арнабай жатканы таң калычтуу! Бул жерде ибадат сөзү албетте, исламдын беш түркүгүн гана билдирбейт. Ибадатты Алла Тааланын:
(قل إن صلاتي ونسكي ومحياي ومماتي لله رب العالمين).
“Айткын: “Чындыгында, менин намазым да, курмандыгым да, жашоом да, өлүмүм да ааламдардын Раббиси Аллах үчүн”” деген сөзү менен түшүндүрүү жетиштүү.
Аллахка ибадат кылууга өзүн арноодон көрө материалдык пайда үчүн эмгек кылууну артык көргөндөр, муну менен Аллахка жана Анын буйруктарына каршы чыгып жатышканын билишпейби? Андан Аллах сактасын! Байлык менен кедейлик Билүүчү, Кудуреттүү Аллахтын өкүмү эмеспи? Ырыскы Берешен Аллахтын кепилдиги эмеспи? Кантип биз Аллах Таала буйруган нерселер менен алек болбогонубузга ыраазы болобуз? Алла Таала бизден алек болууну буйруган нерсени кантип таштайбыз?
Аллах Таала бизден ибадат кылууну талап кылууда. Ибадаттын эң башкысы, Аллах Тааланын динин тикелөө жана аны бардык диндерден үстөм кылуу!
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
1446-х, 21-шаввал,
2025-ж, 19-апрель.