АКШ либералдык экономиканы коркунучка салды
Учурда дүйнө АКШ президенти Трамптын дүйнөлүк тартиптин негиздерине кайра-кайра сокку уруп жатканын байкап жатат. Бирок, Американын өзү эки дүйнөлүк согуштан кийин эл аралык тартиптин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. АКШ дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен соода согушун баштап, аларга келген бардык товарларга бажы төлөмдөрүн жогорулатты. Америка менен соода кылган өлкөлөр, өзгөчө Кытай, аны менен адилетсиз соода жүргүзүп жатканын жана мындай соода өндүрүштү кыскартууга, жумушсуздуктун өсүшүнө жана соода балансынын дефицитине алып келерин билдирди. Буга жооп катары АКШ менен соода кылган өлкөлөр аны менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгууга шашылышты. Өз кезегинде, АКШнын негизги экономикалык атаандашы болгон Кытай америкалык товарларга жооп иретинде бажы төлөмдөрүн киргизди. АКШнын дүйнөлүк тартиптин негиздерине каршы бул чабуулу Кытайдын өсүп жаткан экономикалык күчүнө каршы чара болду. Бүгүн башкаруу системасы коммунистик, экономикасы болсо капитализм элементтерин камтыган Кытай, АКШ үчүн чоң сыноо болуп калды. Ал эми Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) өз өлкөсүндө кеңири масштабдуу өндүрүштү жайылтууга мүмкүнчүлүк берип, Кытайды дүйнөдөгү экинчи экономикалык державага айлантты.
Бул окуяларды коштой, дүйнөлүк тартиптин үч экономикалык түркүгүнүн бири болгон ДСУнун (Дүйнөлүк соода уюму, Эл аралык Валюта Фонду жана Эл аралык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы) ишмердүүлүгүнө доо кетүүдө. Бул уюмдар түзүлгөндөн бери, алардын ишмердүүлүгүнөн АКШ жемиштүү пайдаланып келген жана ал тургай, бул уюмдар АКШнын көп жылдар бою экономикалык супердержава ордун кепилдешине, кийинчерээк дүйнөдөгү алдыңкы мамлекетке айланышына жол ачкан. Кечээ жакында эле жүз берген каржы кризисинен толук калыбына келе элек Америка өзүнүн дүйнөдөгү лидерлик касиеттеринин бирин жоготуп коюу коркунучун түшүнүүдө.
2001-жылы Кытайдын ДСУга кириши менен Кытай -АКШ ортосунда атаандаштык башталса, 2008-жылдагы дүйнөлүк каржы кризиси дүйнөлүк соодада эки гиганттын тирешүүсүнө шарт түздү. Эгер атаандаштар артка чегинүүгө барбай, ушул абалда тирешүүнү уланта берсе, кырдаал курчуп бара берет. Мунун натыйжасында жакынкы келечекте учурдагы дүйнөлүк тартиптин толук талкаланышы, анын кесепети катары жергиликтүү же дүйнөлүк аскерий чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн.
Капитализмге негизделген дүйнө тартиби жана андан келип чыккан экономикалык мамилелер дүйнө элдеринин үстүнөн капитализм үстөмдүк кылып жаткан соң өзгөрбөйт, башкача айтканда анын ордуна Исламга негизделген Халифалык мамлекетинде ишке ашуучу жаңы дүйнө тартип келмейинче бул зулум түзүм өзгөрбөйт.
Бектурсун Азык