Газага колдоо көрсөтүү жүрүшүнө жүз миңдеген мусулмандардын өз эрки менен катышуусу Ислам үммөтүнүн биримдиги менен ойгонушунун жаркын мисалы

15
0

Басма сөз баянаты

Газага колдоо көрсөтүү жүрүшүнө жүз миңдеген мусулмандардын өз эрки менен катышуусу Ислам үммөтүнүн биримдиги менен ойгонушунун жаркын мисалы

Газаны колдоо жүрүшүнө жүз миңдеген мусулмандардын өз алдынча жана ыктыярдуу түрдө катышуусу Ислам үммөтүнүн биримдигинин жана ойгонушунун жаркын мисалы болуп саналат. Калкынын саны боюнча дүйнөдөгү төртүнчү орунда турган бул өлкө исламдык өздүгүн жана мусулман бир туугандарын унутпаганын далилдеди. Алар саткындар менен мунафыктардын үгүт-пропагандасына көңүл бурбай, «Аллаху Акбар!» деп ураан салышып, таухид байрагын көтөрүшүп, яхудий мамлекети менен Америкага каршы ураандарды кыйкырып көчөлөрдү дүңгүрөттү. Ошентип, көптөгөн тоскоолдуктарга карабай, мусулмандар үммөттүн биримдигине болгон бекем ишенимин билдиришти.

Батыш жөөттөрү жана кресттүүлөрү өз агенттери аркылуу ислам үммөтүн улутчулдук менен бөлүүгө аракет кылып жаткан учурда, мусулмандар мүмкүнчүлүк чыккан сайын өздөрүнүн чыныгы исламдык өздүгүн жана мусулмандык бир туугандыгын даана көрсөтүп келишүүдө. Газа үчүн уюштурулган өз алдынча жүрүш жана эл аралык аракеттер мунун даана мисалы.

2023-жылдын 7-октябрынан бери, АКШнын колдоосу менен Газадагы мусулмандарга каршы яхудийлер жүргүзүп жаткан жапайычылыкка жооп катары, өлкө боюнча, анын ичинде абройлуу билим берүү жайларында да, кеңири элдик нааразычылыктар өттү. Силер да күбө болгондой, Ислам үммөтү мусулмандардын ыйык жери Палестинадагы мусулман калкына каршы яхудий мамлекети тарабынан жасалып жаткан кыргынга карата эч кандай чара көрбөй жаткан, айрыкча араб өлкөлөрүндөгү башкаруучу саткын режимдерди четке кагууну талап кылды.

Бул өлкөдө массалык нааразычылык акцияларына күбө болгон секуляристтик жана улутчул саясатчылар өздөрүнүн саясий кызыкчылыктары үчүн Газа маселеси боюнча кандайдыр бир кадам жасоого мажбур болушту. Булардын чыныгы жүзү Трамптын Газадагы мусулмандарды көчүрүү боюнча жарыялаган планына, же болбосо бул кыргынды жүргүзүп жаткан яхудий мамлекети үчүн чыныгы колдоочу болгон АКШга каршы бир да сөз айтпаганынан көрүнүп турат. Алар элге таухид тууларын же Америкага каршы жазуулар жазылган транспаранттарды көтөрбөөгө буйрук беришти. Аны «өлкөнүн имиджин бузат» деген шылтоо менен акташууда. Алар элдин сезимдерин шылдыңдашты, ал тургай, эл аралык коомчулуктан жана БУУдан согушту токтотууну жана яхудий мамлекетин эл аралык сотто жазалоону талап кылуу менен жалпы адамзаттын сезимин тебелеп-тепселешти.

Бирок эми ар бир акыл-эси жайында болгон адамга белгилүү болду: Америка жана анын эрке баласы яхудий мамлекети, БУУну да, Эл аралык сотту да көзгө илбейт. Эгерде аларда элдин сезимдерине аз да болсо урмат болсо, анда, жок дегенде, өз билдирүүлөрүндө Америка жана яхудий мамлекети менен болгон дипломатиялык мамилени үзүүнү талап кылышмак. Капырлар жана алардын агенттери жөнүндө сөз кылганда, Аллах ﷻ  мусулмандарды мындай деп эскертет:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاءَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَمَن يَتَوَلَّهُم مِّنكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ﴾

«Эй момундар, жөөттөр менен насранийлерди дос тутпагыла! Алардын кээ бирлери кээ бирлерине дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте Алла заалим коомду туура жолго баштабайт». (Маида сүрөсү, 51-аят)

Азыр бүткүл дүйнөдөгү Ислам үммөтү мусулмандардын башкаруучулары болгон бул агенттердин бар экенин түшүнүп калды. Ошондуктан алар бул саткын башкаруучу катмардан жүз үйрүшүп, армиядагы калыс уулдарын жардам берүүгө чакырышууда. Алар көтөргөн транспаранттарда мындай жазуулар бар:

«Палестина кансырап жатат — армиялар, жооп бергиле!»

«Аскердик баскынчылыкка аскердик куткаруу гана жооп!»

«Бүгүн Аль-Акса мечитин бошото турган Салахуддин кайда?»

«Колдору мусулмандардын канына боёлгон адамдар менен достуктун эмнеге кереги бар?»

«Мусулмандар үчүн жападан жалгыз коргоо — бул Халифалык!».

Биз ислам үммөтүнүн уул-кыздары катары, армиянын жоокерлери да Палестинанын берекелүү жерин коргоо үчүн согушка кирүүгө ынтызар экенин, бирок мамлекеттен буйрук күтүп турушканын билебиз. Биз, «Хизб ут-Тахрир» партиясы катары, куралдуу күчтөрдүн калыс офицерлерине төмөнкү хадисти эскертүүнү каалайбыз.

Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген: «Имам — калкан. Анын артында согушулат жана коргонулат» (Имам Муслим риваяты).

Бул хадиске ылайык, Палестинаны бошотуу ислам үммөтүнүн чыныгы өкүлүн, тактап айтканда, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты кайра тикелөөнү талап кылат. Себеби дал ошол Халифалык гана мусулмандардын армияларын бириктирет жана Палестинанын берекелүү жерин бошотуу үчүн аскердик операцияларды жетектейт. Бул жолдо Салахуддин Аюби сыяктуу инсандын изи менен басышыбыз керек. Аллах Таала мындай деген:

﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيًّا وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيرًا﴾

«(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!» (Ниса сүрөсү, 75-аят)

Хизб-ут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагы маалымат бөлүмү

13.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here