Омандaгы Америка–Иран сүйлөшүүлөрү
Иран менен Америка ортосундагы сүйлөшүүлөр Оманда башталып, Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишүү жана ага карата салынган санкцияларды алып салуу маселеси талкууланууда. Иран тарап билдиргендей, Америка жакын арада өзөктүк келишимге жетүүнү каалап жатат. Бул тууралуу ишемби күнү Оманда болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Ошол эле учурда АКШ президенти сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаса, аскерий чара көрүү менен коркутууда. Ирандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүгө катышкан тараптар кыска убакытка түз байланышта сүйлөшкөнүн, сүйлөшүүлөр өз ара урматтоого негизделген конструктивдүү атмосферада өткөнүн билдирди.
Иран–Америка мамилесин талкуу кылуу үчүн, АКШнын Иран менен өз ара алакасын жана анын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетүүгө болгон кызыгуусу эске алынышы керек. Бул АКШнын кызыкчылыгынан келип чыгып, Ирандын АКШга кызмат кылып келе жаткан ролуна байланыштуу. Бирок бул сүйлөшүүлөр ар кандай саясий шарттар жана жаңжалга тиешеси бар тараптардын таасиринен улам көпкө созулуп, бир нече жолу үзгүлтүккө учураган.
Бул маселеге байланыштуу сүйлөшүүлөр мурунку президент Барак Обаманын учурунда башталган. Ал Иран менен өзөктүк программага байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө умтулуп, Иранга экономикалык жактан жеңилдик берип, анын аймактагы, өзгөчө Сириядагы ролун күчөтүүгө аракет кылган. Анткени, ошол учурда Сириядагы режим Башар Асаддын бийлиги алсырап, өлкө АКШнын таасиринен чыгып кетүү коркунучунда турган. 2015-жылдын 14-июлунда, Сирияда «Халифалык» ураандын астында жалпы эл арасында маанай өзгөрүп жатканда, Америка Иран менен келишим түзүп, аны кайрадан Сириядагы ролун жандантууга тарткан. Ал эми Ирандын Халифалык идеясына жана долбооруна каршылыгы жалпыга маалым.
Бул маселе, тактап айтканда, Сирияда Халифалыкты талап кылуу Америка менен Батышты мурдагыдан да оор кырдаалга кептеди. Анткени, алар Халифалыктын улуулугун жана күчүн түшүнүшөт. Халифалык тикеленсе башка күчтөр эч кандай мааниге ээ болбой каларын, ал тургай таптакыр жок болуп кетерин да билишет. Мындан сырткары, кырдаалды ого бетер курчуткан дагы бир жагдай бар болчу. Бул АКШнын ички кризистерге белчесинен батып турушуна байланыштуу. Анын Сирияда өсүп жаткан исламий маанайды түздөн-түз басууга кудурети жетпей калган. Ошондуктан, ал бул исламий маанайга каршы күрөшүүдө аймактан өзүнө өнөктөш издеди. Мына ушул максатта, Америка Иранды келишим аркылуу “күңүрттөн” чыгарып, үммөттүн революциясына каршы өз атынан эмес, анын атынан күрөшүүгө түрткөн. Ал тургай Обама: “Биз Иран менен жасаган ишибиз мен кызматка келгенден бери жетишилген эң олуттуу жана маанилүү ийгилик”, – деп билдирген.
Башында бул келишимге айрым эл аралык тараптар, анын ичинде Европа Үчтүгү — Британия, Франция жана Германия каршы чыгышты. Бул Европанын Иранга болгон мамилеси Ирандагы Хомейни революциясынан кийин начарлап кеткенинен кабар берет. Анткени бул революция Британиянын таасирине каршы Америка жүргүзгөн долбоор болгон. Ошондой эле бул келишимге каршы чыккан тараптардын бири яхудий мамлекети болду. Анын премьер-министри Нетаньяху: “Бул келишим тарыхый ката жана жаман келишим. Ал Иранга өз каалаганын берет: санкциялардын бир бөлүгүн жоюп, өзөктүк программасынын негизги бөлүгүн сактап калууга мүмкүндүк түзөт”, – деп билдирген. Бирок, яхудийлердин Иранга каршы чыгышы диний себептен эмес, саясий гана себептерге байланыштуу. Алар АКШнын кызыкчылыктарына ким жакшы кызмат кылат ошол биринчи орунда болсун деп талашып жатышат. Мындан тышкары, яхудий мамлекети үчүн дагы бир маанилүү маселе коопсуздук комплекси. Алар аймакта өзүнөн башка эч бир күч таасирдүү болушун каалабайт. Ошондуктан, ал Иран канчалык союздаш болсо да, анын өзөктүк кубатын толугу менен жок кылууну каалайт.
Ошондой эле бул келишимге ошол кездеги Америкадагы Республикалык партия да каршы чыккан. Бирок алардын каршы чыгышы Иран жеңишке жетти же өз кызыкчылыгына жетти дегенден улам келип чыккан эмес. Чыныгы абал Обаманын убагында мындай болчу:
Бул келишим Иран үчүн уяттуу багынуу жана өзөктүк долбоорунан баш тартуу эле. Бирок Трамп келишимден чыгып кетерин жарыялады. Анын бир нече маанилүү себептери бар:
- Партиялык жана оппозициялык себептер. Трамп демократтар бул келишим аркылуу өз атына “жеңиш” жаздырбасын, жеңиш анын ысмына таандык болсун деген максатта аракет кылды. Бүгүнкү күндө жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр дал ушул максатты далилдеп турат.
- Шайлоо алдындагы себептер. Республикалык партиянын негизги электораты болгон евангелисттер мындай саясатты толук колдошот. Анткени алар үчүн яхудийлерге мүмкүн болушунча жогорку коопсуздукту камсыз кылуу диний (идеологиялык) милдет деп эсептелет жана ал саясий кызыкчылыктан жогору турат.
Саясий себептер:
- Иранга болгон муктаждык мурункудай эмес. 2015-жылы Иранга Сириядагы таасирин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Анткени Башар Асаддын абалы начар болчу. Бирок Трамптын тушунда Башардын режими кайрадан бекемделип, АКШ Ирак менен Сирияда өз максаттарына жеткен соң, Ирандын түздөн-түз ролу мурункудай керектүү болбой калды. Жаңы кырдаал түзүлдү.
- Америка Иранга каршы кастыкты чоңойтуп, бул кастыкты Сауд Арабия жана ага окшош өлкөлөрдүн көз алдында яхудий мамлекети менен болгон кастыктын ордуна коюуну көздөдү.
- Европаны “сабоо”. Айрыкча соода жаатында. Европа бул келишимден пайдаланып, Иран менен соода алакасын кеңейткен. Бул АКШ менен болгон сооданы азайтканы үчүн Трамп Европаны жазалагысы келди.
Хизб ут-Тахрир 2018-жылдын 13-майында чыгарган «Трамптын өзөктүк келишимден чыгышы» деген суроого берилген жообунда мындай делет: “Европа бул келишимдин жокко чыгарылышы аларга чоң соода жоготууларды алып келерин жана бул келечекте саясий чыгымдарга да себеп болорун түшүнгөн. Ошондуктан алар Трампты келишимден баш тартпоого көндүрүүгө аракет кылышты. Макрон Америкага барып, Трампты токтотууга аракет кылды, бирок ийгиликке жеткен жок. Андан кийин Германия канцлери Меркель да ошол эле аракетти жасады. Алар АКШга бир нече жеңилдиктерди сунуш кылышкан, бирок АКШ кабыл алган жок. Натыйжада Европа бул маселеде алсыз тарап катары көрүнүп калды. Анан Британия да аракетке өтүп, Макрон жана Меркель менен байланышып, алар Иран менен өзөктүк келишимди сактап калууга бекем позицияда экенин жарыялашты. Андан соң Британиянын Тышкы иштер министри Борис Жонсон Америкага барып, «бул келишимдин болушу дүйнөнү коопсузураак кылат» деп билдирди. Британия чечкиндүү аракеттерге өтө баштаганда, Трамп Европанын бул аракеттерине бөгөт коюу үчүн өзүнүн келишим боюнча расмий позициясын 12-майдан 8-майга жылдырды жана чечимин жарыя кылды. Ал Европага эч кандай маани берген жок, анткени Америкадагы мамлекеттик институттар бул үч себепти өзүнүн кызыкчылыгы үчүн келишимден чыгуунун негизги себептери катары көрүшкөн:
- Партиялык-саясий себептер, жеңишти өзүнүн атына жаздыруу.
- Эл аралык-саясий себептер, аймактагы саясий шарт өзгөрүп, Ирандан башка күчтөр АКШнын кызыкчылыктарына кызмат кыла баштаган.
- Экономикалык-стратегиялык себептер, Европалык компаниялардын ордуна америкалык компанияларга Иран рыногун ачуу”.
Жогоруда айтылгандардан кийин Трамп эмне үчүн азыр кайрадан Иран менен сүйлөшүүлөргө кайтып жатканын түшүнүүгө болот. Анын максаттары төмөнкүлөр:
- Жеңишти өзүнүн колу менен келген ийгилик катары көрсөтүү.
- Аймактагы жаңы саясий шарттардан улам Ирандын ролун кыскартуу, анткени азыр АКШ үчүн кызмат кылган башка күчтөр да бар.
- Иранды өз долбоорлорунан жана куралдуу түзүмдөрүнөн баш тарттырууну улантуу. Мисалы, Трамп мурунку президенттик маалында Касым Сулейманини өлтүргөндө Иран тараптан эч кандай реалдуу жооп болгон эмес. Ал макулдашылган, алсыз реакция менен чектелген. Азыр болсо Иран Ирак менен Ливандагы өзүнүн куралдуу топторун кысымга алып, аларды АКШнын аскерлерине же базаларына чабуул жасабоого мажбурлап жатат. Газа маселесинде болсо Иран канкор согуш машиналарынын алдында аны жалгыз калтырып, “стратегиялык уятка” калууга канааттанды.
Америка Иран жетекчилеринин канчалык деңгээлде басынганын, уятка калганын, куру кыйкырыктар менен чектелип калышканын көрдү. Иран бүгүн Америкага бардык тармактарда кызмат кылууда, өз кызыкчылыгы үчүн эмес, болгону АКШ аны ачык эле соккуга албай, яхудий мамлекетин Иранга каршы коюп бербеши үчүн кызмат кылууда.
Иран өзүнүн өзөктүк программасынан баш тартууга даяр, мурда да баш тарткан, мындан кийин да баш тартат. Андан тышкары, Трамптын мурунку мөөнөтүндө АКШнын санкциялары Европанын бардык компанияларын Ирандан чыгып кетүүгө мажбур кылган. Натыйжада, Иран азыр бул келишимдерден бошотулгандай болуп калды жана америкалык компаниялар үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачылды. Иран аларга инвестициялык шарттарды сунуштоого даяр.
Ал эми яхудий түзүмүнүн позициясы болсо, абдан ачык болду. Нетаньяху азыр Ак үйдө жаңы бир чындык менен бетме-бет келди. Ал жакта мурдагыдай алсыз киши эмес, соодагерлердей акыл жүргүзгөн адам отурат. “Times of Israel” гезити бул боюнча Дэвид Хоровицтин макаласында яхудийлер үчүн “эң жакшы келишим” жөнүндө сөз кылып, мындай деди: “Бул келишим Ирандын өзөктүк куралын түбөлүк токтотушу керек”. Ал ошондой эле Нетаньяхунун Ак үйгө болгон акыркы сапарында Трамптын билдирүүсү “күтүүсүз” болгонун белгиледи. Трамп ага Иран менен сүйлөшүүлөрдү баштай турганын алдын ала айтпай, дароо эле сүйлөшүүгө отуруп, чечимди колдогонун билдирүүсүн талап кылган.
Акырында айтарыбыз, Иран Америка үчүн чоң кызыкчылык. АКШ аны Иракта, Ооганстанда жана Шамда сынап көрдү. Трамп болсо Иран анын кызматын ачык, жашыруун жана уктаган абалда да аткарышын каалайт. АКШнын кызыкчылыгы кайда болсо, Иран да ошол жакка багыт алышын талап кылууда. Кыязы, Иран буга даяр көрүнөт. Бирок бир аз болсун абийирин сактап кала тургандай “режиссурага” муктаж болуп турат. Эгер ал абийирден бир нерсе калса…
Хасан Хамдан