Британия Судан боюнча өкмөттү чакырбаган жыйын өткөрүүдө

10
0

Британия Судан боюнча өкмөттү чакырбаган жыйын өткөрүүдө

2025-жылдын 18-мартында “Sudan Tribune” сайты кабарлагандай, Европа Биримдиги Британия жана башка бир нече мамлекет менен биргеликте Судандагы кризиске байланыштуу жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрүүнү көздөөдө. Бул жыйындын Лондондо өтүшү пландалууда.

Судандагы 20,9 миллион эң аялуу абалдагы адамдарга жардам берүү үчүн 4,2 миллиард доллар чогултуу максатында түзүлгөн гуманитардык жардам планы жетиштүү каржыланбай жатканына байланыштуу, ачарчылыктын күчөшү менен гуманитардык иштердин толук кыйроо коркунучу пайда болду.

Европанын жарандык коргонуу жана гуманитардык жардам боюнча башкы дирекциясы билдирүү жасап, мындай деди: «Европа Биримдиги, Британия, Франция жана Германия Судандагы кризис боюнча жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрүшөт». Аталган жыйын ушул жылдын 15-апрелинде өтөт.

Бул жыйындын максаты гуманитардык кызматкерлерге, жабдууларга жана карапайым жарандарга фронттук аймактар аркылуу коопсуз өтүү коридорлорун камсыз кылуу, инфратүзүмдөрдү коргоо, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана коргоо кызматтарын көрсөтүүгө милдеттенмелерди алуу экенин билдиришти. Ошондой эле жыйындын катышуучулары Судан элинин гуманитардык муктаждыктарын канааттандыруу боюнча өз ара милдеттенмелерин тастыктап, кагылышып жаткан тараптарды карапайым элди, жарандык инфратүзүмдөрдү, медициналык жайларды коргоого, муктаж болгондорго жардам жеткирүүгө тоскоол болбоого, жыныстык жана биологиялык зомбулукка тыюу салууга чакырышты.

Жыйын ошондой эле кагылышууларды токтотууга жана Судан армиясы менен Тез жардам күчтөрү 2023-жылдын 11-майында кол койгон Жидда келишиминдеги милдеттенмелерди аткарууга үндөдү.

Бүгүнкү күндө Судандын 30,4 миллион жараны, бул калктын болжол менен 64 пайызы, жумушсуздуктун жана иш орундарынын жоктугу шартында гуманитардык жардамга муктаж.

Европа мындай жыйындарды өткөрүүдөн тажабайт. Анткени бул анын таасирин бекемдөө же кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн колдонгон колониалдык ыкмаларынын бири. Маселен, Суданда таяныч пунктка ээ болуу сыяктуу максаттар болушу мүмкүн. Мисалы, Европа Биримдиги 2025-жылдын 13-мартында Судан боюнча үчүнчү гуманитардык жогорку деңгээлдеги жолугушууну өткөрүп, ага донорлор, БУУнун агенттиктери, Кызыл жарым ай уюму, эл аралык бейөкмөт уюмдар жана жергиликтүү ыкчам аракеттенүү топтору катышкан. Мындан сырткары, 2024-жылдын апрелинде дагы бир жыйын өткөн.

2024-жылдын апрелинде Франциянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында кабарлангандай, Франция, Германия жана Европа Биримдиги Парижде Судан жана анын коңшу мамлекеттери үчүн эл аралык гуманитардык жыйын өткөрүшкөн. Бул жыйын Судандагы куралдуу кагылыш башталгандан бир жыл өткөн соң уюштурулган.

Мындай жыйындар «Европа командасы» (Team Europe) форматы менен өткөрүлүп келет. Бул формат мурда Германиянын 2020-жылы жана Франциянын 2021-жылы уюштурган жыйындарынын логикалык уландысы болуп саналат. Алар Судандагы убактылуу мезгилди колдоо максатын көздөшкөн. Ошондой эле 2023-жылдын июнунда Женевада өткөн «Судан үчүн донорлор конференциясы» жана башка жогорку деңгээлдеги эки жыйын дал ушул багыттагы аракеттердин бири катары көрсөтүлүүдө.

Бул жыйын коңшу мамлекеттерди, аймактагы өлкөлөрдү, донорлорду жана аймактык уюмдардын өкүлдөрүн, мисалы, Африка Биримдигин, Өнүгүү боюнча Өкмөттөр аралык Уюмду (IGAD), Араб мамлекеттеринин Лигасын, ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын Судан боюнча атайын өкүлүн, БУУнун бир катар агенттиктеринин жана уюмдарынын жетекчилерин жана өкүлдөрүн чогултту. Алардын катарында: БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгы (OCHA), Качкындар боюнча жогорку комиссариат (UNHCR), Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (WHO), БУУнун өнүктүрүү программасы (UNDP), Эл аралык миграция уюму (IOM), БУУнун калкты жайгаштыруу фонду (UNFPA) бар. Ошондой эле жыйынга Кызыл жарым ай уюмунун төрайымы, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү, Африкадагы экономикалык өнүгүү боюнча Араб банкы жана эл аралык жана судандык 50гө жакын бейөкмөт уюм катышты.

Катышуучулар Судандагы жаңжалдын эки тарабын согушту токтотууга, эл аралык гуманитардык укукту сактоого жана гуманитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга чакыруу максатында чогулушту.

Чынында, Европа, айрыкча Британия, АКШ Судандагы таасирин бекемдеп, бардык рычагдарды өз колуна алып алган соң, өзүнүн мурдагы таасирин кайра жандандырууга аракет кылып жатат. Европа бул максатына жетүүдөн үмүтүн үзө элек. Алар жакшы билишет: Судандын бардык саясий рычагдары азыр Американын колунда. Бул согушту тутанткандар да, аны токтото ала тургандар да дал ошол АКШ, анын Судандагы өкүлдөрү генерал Абдел-Фаттах аль-Бурхан жана Мухаммад Хамдан Даглу (Хамидти).

Европанын мындай жыйындары, билдирүүлөрү жана «гуманитардык» чакырыктары саясий сахнага кайра чыгууга жана көрүнүктүү ролду ойноого болгон урунуу. Чынында, Европанын адамгерчилик менен эч байланышы жок, анын тарыхы кылмыштарга толгон. Бул кылган иштери кээде агып түшкөн «крокодилдин көз жашы» сыяктуу. Европа айтып жаткан «коопсуз гуманитардык коридорлор», «Судан элине жардам берүү үчүн каражат чогултуу», «кайгылуу абал, жумушсуздук жана калыбына келтирүү» тууралуу билдирүүлөрүнүн баары АКШ жасалма согуш аркылуу Европаны четке каккандан кийин, кайрадан оюнга кирүүгө болгон жан далбас уруу гана.

Эң өкүнүчтүүсү Судан сыяктуу байыркы жана маанилүү өлкө бүгүн АКШ менен Европанын ортосундагы күрөштүн майданына айланып калды. Андан да кайгылуусу бул бүтүндөй процессти биздин ичибизден эле чыккан саткын башкаруучулар ишке ашырууда. Алар өз элинин тагдырын колонизаторлордун колуна берип коюшту. Натыйжада өлкөдө бузукулук, кыйроо, баш аламандык өкүм сүрүүдө. Мунун ачык мисалы жалган, ыплас жана маанисиз согуш, миңдеген адамдардын өмүрүн алган, алардын кээ бири согуштун себептеринен да кабарсыз эле. Бул согушта адам өлтүрүү, зордуктоо, үй-жайдан кубалоо, талап-тоноо, мүлктү талкалоо сыяктуу бардык ыплас кылмыштар орун алды.

Мунун баары мусулман үммөтүн башкарган саткын бийликтер болбосо, ишке ашмак эмес. Алар кожоюндарынын алдында ийилип, өз өлкөлөрүн алардын күрөш майданына айлантып беришти.

Судан эли бул азаптан кутулушу үчүн бир гана жол бар: Ислам өкүмдөрүнө кайтып, Аллахтын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтү менен үммөттү башкаруучу халифага байат берүү. Мына ушундай гана жетекчи үммөттү жетелеп, анын тарыхый улуулугун кайра жандандырат.

﴿لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلْ الْعَامِلُونَ﴾

“Мына ушундай нерселер үчүн аракет кылуучулар аракет кылышсын!” (Саффат сүрөсү, 61-аят)

Устаз Абдул Халик Абдун Али

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here