Динден кайтуучулар

27
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Динден кайтуучулар

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Абу Дауд өзүнүн “Сунанында” мындай деген:

حَدَّثَنَا أَحْمَدُ بْنُ مُحَمَّدِ بْنِ حَنْبَلٍ حَدَّثَنَا إِسْمَاعِيلُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ أَخْبَرَنَا أَيُّوبُ عَنْ عِكْرِمَةَأَنَّ عَلِيًّا عَلَيْهِ السَّلَام أَحْرَقَ نَاساً ارْتَدُّوا عَنْ الْإِسْلَامِ فَبَلَغَ ذَلِكَ ابْنَ عَبَّاسٍ فَقَالَ: لَمْ أَكُنْ لِأُحْرِقَهُمْ بِالنَّارِ إِنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “لَا تُعَذِّبُوا بِعَذَابِ اللَّهِ وَكُنْتُ قَاتِلَهُمْ بِقَوْلِ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَإِنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “مَنْ بَدَّلَ دِينَهُ فَاقْتُلُوهُ” فَبَلَغَ ذَلِكَ عَلِيّاً عَلَيْهِ السَّلَام فَقَالَ: وَيْحَ ابْنِ عَبَّاسٍ

Бизге Ахмад ибн Мухаммад ибн Ханбал Икримадан риваят кылып айтты. Али (р.а) Исламдан чыккан адамдарды өрттөп жиберди. Бул кабар Ибн Аббаска жеткенде ал айтты: “Мен аларды отко күйгүзмөк эмесмин. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллахтын азабы менен жазалабагыла”. Мен аларды Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын сөзүнө таянып өлтүрмөкмүн. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ким динин өзгөртсө, аны өлтүргүлө”. Бул сөз Азирети Алиге жеткенде, ал: №Ибн Аббаска кайгы болсун!”, – деди.

“Али Исламдан кайткандарды өрттөп жиберди”. Ал бидъатчылардын жанында китептери бар эле. Ал от жагууну буйруду жана аларды отко таштады. “Бул кабар ибн Аббаска  жетти” Ибн Аббас, ал кезде Азирети Алинин атынан Басрада валий болгон. Аль-Хафиз айтты:

“өлтүрмөкмүн” башкача айтканда, Исламдан баш тарткандарды өлтүрмөкмүн деди. Бул кабар Али (р.а)га жетти. Ибн Аббастын сөзү (Аллах андан ыраазы болсун). Али Ибн Аббаска кайгы болсун деди. Мүмкүн ал каршы болгон нерсеге ыраазы болбой, хадистеги от менен азаптоодо тыюуну мутлак арам эмес, арамдан оолак болуу катары көргөн болушу мүмкүн. “Вайха”  кайгы болсун сөзү ырайымдуулук сөзү катары да иштетилет.Ошондуктан Али (р.а) ибн Аббаска катуу кайгырды. Анткени ал тыюуну түз мааниде кабыл алды жана аны таптакыр арам деп эсептегини үчүн , аны четке какты. Мүмкүн Али (р.а) ибн Аббастын айткан сөзүнө канааттангандыктан, өзү унутуп калганын эске салганы үчүн ага мактоо катары айтышы мүмкүн. “Вайха” сөзүнүн тафсиринде айтылган нерселердин бирине таянып, “Ан-Нихаяда” риваят кылгандай мактоо жана таң калуу мааниде да айтылган.

Аль-Хаттаби айтты: Анын сөзү ага каршы дуба, бирок анын мааниси аны мактоо жана анын сөздөрүнө суктануу. Бул Аллахтын элчисинин Абу Басир жөнүндө: “وَيْل أُمّه مِسْعَر حَرْب” “Согушту тутанткан энесине кайгы болсун” деген сөзүнө окшош.

Хадис муртад эркек сыяктуу муртад аялды өлтүрүүгө далил катары колдонулган. Ханафилер аны өзгөчө эркектер үчүн белгилеп, аялдарды өлтүрүүгө тыюу салган хадиске таянышкан. Көпчүлүк аалымдар мусулман эмес аялдын согушка же өлтүрүүгө катышпаса аны өлтүрүүгө тыюу салынышын жана Пайгамбар (с.а.в)дын кээ бир хадистеринде аял өлтүрүлүп жатканын көргөндө аялдарды өлтүрүүгө тыюу салган сөздөрүнө таянып чечмелешкен: “مَا كَانَتْ هَذِهِ لِتُقَاتِلَ” “Бул аял согуша турган эмес.” Анан аялдарды өлтүрүүгө тыюу салды. Муаздын хадисинде Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) аны Йеменге жөнөткөндө ага мындай деди:

أَيّمَا رَجُل اِرْتَدَّ عَنْ الْإِسْلَام فَادْعُهُ فَإِنْ عَادَ وَإِلَّا فَاضْرِبْ عُنُقه، وَأَيّمَا اِمْرَأَة اِرْتَدَّتْ عَنْ الْإِسْلَام فَادْعُهَا فَإِنْ عَادَتْ وَإِلَّا فَاضْرِبْ عُنُقهَا

“Кайсы бир эркек Исламдан чыкса, аны чакыр, эгер кайтып келсе, жакшы, кайтып келбесе анын мойнуна чап, кайсы бир аял Исламдан кайтса, аны чакыр. Эгер кайтса, жакшы. Кайтып келбесе мойнуна чап”.

Бул хадистин жеткирүү чынжыры хасан жана ал талаш маселе. Ошондуктан аны карап чыгуу керек. Бул тууралуу Фатх Аль-Бариде да айтылат. Ислам дини өзүнүн акыйдасына кирүү үчүн башка дүйнөлүк кызыкчылык эмес, анын туура ишеним болушун каалайт… Мамлекеттик бийликтен коркуп эмес…. Анын жакшы камкордугуна болгон ач көздүктөн да эмес…  Исламга, анын мамлекетине жана элине каршы куулук жана кара ниеттик менен да эмес… Тескерисинче, бул ааламдын, адамзаттын жана жашоонун артында аны жоктон бар кылган бир Жаратуучу турат деген чындыкка дал келген бекем ишеним менен болушун каалайт. Ал адамзатты бул жашоодо  туура жолго салуу үчүн элчилерди жиберди. Мухаммад (с.а.в)ды бардык адамдарга куфр караңгылыгынан Ислам нуруна алып чыгуу үчүн Ислам дини менен жөнөтүлгөн пайгамбарлардын жана элчилердин мөөрү кылып жөнөттү. Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллам)ды Ислам кабары менен жибергенден кийин, Аллах Исламдан башка эч кимден эч бир динди кабыл албайт. Ислам бардык башка диндерди жокко чыгаруу үчүн келген. Исламга киргендердин анын акыйдасына напсилерин тынчтанта турган аклий ишеним менен ишенүүлөрүн каалайт…. Аллах Таала айтат:

{لَا إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ قَدْ تَبَيَّنَ الرُّشْدُ مِنَ الْغَيِّ}.

“Динде мажбурлоо жок. Туура жол туура эместен айырмаланды”.

Ислам ага чындап ишенгендердин гана кирүүсүнө кепилдик бериши керек жана жаман ниет менен Исламга кирүү үчүн өзүн азгырган адамдан сак болушу керек. Исламга кирип, андан кийин динден чыгуунун себеби кандай болушуна карабастан, аны таштаган ар бир адамга кайтара туруучу катаал  жазаны белгилеген…

Бул жаза, бүгүнкү талкуубузда айтылгандай, өлүм. Исламдан баш тартуу эки учурда болот:

  1. Муртад жеке инсан болсо… ага тообо кылуу мүмкүнчүлүгү берилиши керек. Тообо кылып Исламга кайтса ага тийилбейт. Бирок тообо кылуу мүмкүнчүлүгү берилгенден кийин кайтып келбесе, өлүм жазасына тартылат. Өлүм жазасы ички коопсуздук башкармалыгы шурта аркылуу ишке ашырылат.
  2. Муртаддар бир тайпа болсо… алар менен байланышып, Исламга кайтуулары талап кылынат. Эгер тообо кылып, кайтып келип, шарияттын өкүмдөрүн карманса, анда аларга тийилбейт. Бирок, эгер алар динден чыгууга көшөрүп бекем туруп алышса, анда  Ички коопсуздук башкармалыгы аларга белгиленген жазаны ишке ашырышы  керек болот… Эгер алар чакан топ болсо, шурта алар менен күрөшө алат.

Урматтуу бир туугандар! Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 17-шаввал

2025-ж, 15-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here