Трамптын бүтүндөй дүйнөгө бажы салыктарын киргизиши

37
0

Трамптын бүтүндөй дүйнөгө бажы салыктарын киргизиши

Трамп Европа, Кытай жана Жакынкы Чыгышты кошкондо, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнөн импорттолгон товарларга бажы салыктарын киргизди. Ал мындай чечимге АКШда “боштондук күнү” катары белгиленген 2-апрелде кол койду. Бул кадамга көптөгөн өлкөлөр Америкадан келген товарларга ушундай эле же андан да жогорку салыктарды салуу менен жооп кайтарышты. Биз бул маселеде негизги бир нече учурга токтоло кетели:

1- Мабдаий жагы:

АКШ бир нече он жылдыктан бери улуттук капитализмди глобалдаштыруу аракетин көрүп келет. Бул соода, инвестиция жана капитал агымы дүйнө жүзүндө эркин жүрүүгө тийиш дегенди билдирет. Америка мамлекеттер аралык товарлар менен акча каражаттарынын кыймылына коюлган чектөөлөрдү жоюу үчүн бар күчүн жумшап, соода эркиндигин камсыздоочу мекемелерди да түзгөн. Анын ою боюнча, бул глобалдашуунун табигый натыйжасы болуп эсептелет. Товарлар менен продукциялар түндүк жана батыштан түштүк жана чыгышка карай агылып турушу, ал эми капитал менен байлыктар тескерисинче, түштүк жана чыгыштан түндүк жана батышка өтүп турушу керек болчу.

Америка глобалдашуусунун келип чыгышы Советтер Союзу кулаган 1991-жылдагы муздак согуштун жыйынтыгы болгон. Бирок, анын артынан эле Кытай дүйнө үчүн, анын ичинде Америка үчүн күнүмдүк керектөөлөрдү камсыз кыла ала турган оор жана жеңил өнөр жай өндүрүштөрүн өзүнө тартып, соода күчү катары чыга баштады. Бара-бара Кытай, Корея, Жапония, Европанын жана Латын Америкасынын көптөгөн өлкөлөрү да арзан өндүрүш наркынын эсебинен дүйнөгө, анын ичинде АКШга товар экспорттоодо алдыга чыкты. Бул жагдай акча жана товарлар агымын тескери буруп, Америка дүйнөдөгү эң ири импорттоочу мамлекетке айланып калды. Биринчи орунда Кытайдан товар импорттой турган болду. Ошентип, Америка өзү курган глобалдашуунун капканына өзү түштү, эми ошол өз колу менен курган “глобалдашуу кудайчасын” талкалоого мажбур болууда.

2- Американын карыз кризиси:

Америка азыр ички жана тышкы мамлекеттик карыздардын өсүшүнө байланыштуу чоң коркунучка туш болууда. Америка карызы боюнча төлөнө турган пайыздар жана карыз тейлөөнүн баасы өлкөнүн жылдык бюджети менен салыштырганда 13%дын тегерегин түздү. Ал эми жалпы мамлекеттик карыздын көлөмү 32 триллион доллардан ашып, бул АКШнын ички дүң продукциясынын (ИДП) дээрлик 100%ына барабар.

Ушундай таң каларлык көрсөткүчтөрдүн алдында АКШ президенти, аны шайлаган элдин алдында өзүнүн аброюн сактап калуу үчүн, оор жана жасалма жол менен жыл сайын 800–900 миллиард долларга жакын каражат тартууну тандады. Бул акча, бир жагынан, карыздарды жабууга жумшалат, экинчи жагынан, аны шайлоо өнөктүгүндө колдогон ири капиталисттер үчүн салыктын кыскарышын улантуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Трамп карыздарды жабуу үчүн салыктарды көтөрүүнүн ордуна, тескерисинче, салыктарды башка мамлекеттерге жүктөөнү чечти. Бул болсо убактылуу жана сырткы көрүнүштү оңдогон гана чара. Анткени Американын карызы туруктуу өсүүдө. Бирок Трамп салыктарды капиталисттик элитага көбөйтүп салуу чечимин кийинки 4 жылдан кийин келүүчү президентке калтырганды туура көрдү.

Чындыгында, Америка азыр абдан оор каржылык кризис мезгилине кирди. Анын мамлекеттик карызы өлкөнүн ички дүң кирешесине тең болуп калды. Бул абал төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн. Демек, Трамптын бажы салыктарын жогорулатуу чечими мамлекеттин өсүп жаткан жалпы карызы, пайыздык төлөмдөр жана карыз тейлөөсү боюнча негизги маселени чече албайт. Бул кадам болгону Трампка шайлоодо көмөктөшкөн ири капиталисттерге өзүнүн берилгендигин көрсөтүп, мамлекеттик түзүмдүн ишенимине ээ болуу үчүн гана колдонулган ыкма болду.

Мамлекеттик карыз жана ИДП боюнча таблица:

Жыл ИДП наркы Трлн ($) Мамлекеттик карыз Трлн ($) Карыздын ИДПга болгон катышы
2020 21.46 28.15 131%
2021 23.83 29.49 124%
2022 26.23 30.85 118%
2023 27.58 32.91 119%
2024 29.80 35.46 119%
2025 31.40 37.65 120%
2026 33.00 39.91 121%
2027 34.70 42.10 121%
2028 36.50 44.39 122%

3- Америкалык жана дүйнөлүк экономиканын рецессияга киришин ылдамдатуу:

Бажы салыктары боюнча өз ара согуш сөзсүз түрдө баалардын өсүшүнө, күнүмдүк жашоонун кымбатташына жана Америкада эле эмес, жооп катары бажы салыктарын көтөргөн башка өлкөлөрдөгү өнөр жай чыгымдарынын да көбөйүшүнө алып келет. Бул болсо Америкада эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө мурда болуп көрбөгөн инфляциялык басымга себеп болот.

Инфляциянын кесепеттерин азайтуунун эң кеңири колдонулган жолу кванттык жумшартуу (англ. quantitative easing) деп аталган ыкма, башкача айтканда, акчаны көп көлөмдө басып чыгарып, аны өлкө сыртындагы базарларга багыттоо. Бирок бул ыкма натыйжа бербей калат, анткени дүйнөнүн бардык өлкөлөрү ошол эле учурда инфляциянын өсүшүнө дуушар болушат. Демек, долларды (же евро, фунт, кытай юаны, жапон иени сыяктуу валюталарды) чет өлкөгө агызуу аркылуу инфляциядан качуу мүмкүн болбой калат.

Бул абал глобалдык деңгээлдеги экономиканын токтоп калуусуна алып келет. Натыйжада, табигый түрдө дүйнө 1929-жылдагы Экинчи дүйнөлүк согуштун алдындагыдай экономикалык депрессияга туш болот. Ошентип, Трамптын бул кадамы дүйнөлүк масштабдагы рецессияны шартташы мүмкүн.

Бул жерде маанилүү суроо туулат: Трамп жана анын жанындагы экономисттер мындай кадам улуттук жана дүйнөлүк экономика үчүн чоң коркунуч жаратарын билишпейби? Мындай рецессия дүйнөдө стабилдүүлүктүн бузулушуна, ал тургай глобалдык коопсуздукка коркунуч жаратарына көздөрү жетпейби?

Албетте, алар мунун баарын түшүнүшөт. Экономикалык-саясий аналитиктерге бул жаатта эч кандай жашыруун нерсе жок. Бул болсо бизди дагы бир маанилүү суроого жетелейт: АКШ эмнени көздөп жатат? Бүткүл дүйнөлүк экономиканы атайылап рецессияга түртүп жатышынын максаты эмне?

Бул суроого жооп берүү үчүн дүйнөлүк геосаясий тирештин терең катмарларын түшүнүү керек. АКШ балким, жаңы глобалдык түзүмдү жаңы эрежелер жана артыкчылыктар менен түзүүнү көздөп жатат…

Доктор Мухаммад Жилани

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here