Яхудийлердин Батыш жээктеги кылмыштары кыргын, кысым жана көчүрүү, ал эми мусулмандар болсо мунун баарына кайдыгер
1967-жылдагы басып алуудан бери Батыш Иордан жээги Палестина эли үчүн жашоого жараксыз жерге айландыруу үчүн системалуу кылмыш программасына дуушар болуп келет. Бул программа туруктуулугу жана баскынчылыктын күчөшү менен мүнөздөлөт. 1967-жылдын июнундагы согушта иорданиялык режим Батыш жээкти жана Иерусалимдин калган бөлүгүн чыныгы каршылык көрсөтпөстөн яхудийлерге өткөрүп берген. Ошондон бери кылмыштар токтогон жок. Ал эми 2023-жылдын 7-октябрынан кийин алар ого бетер күчөдү.
Статистикага жана сандарга токтолбостон, Батыш жээктеги палестиналыктар күн сайын туш болгон кылмыштардын кыскача тизмеси төмөнкүдөй:
- Батыш жээктеги эркектер, аялдар жана балдар күн сайын яхудийлердин аскерлери жана отурукташуучулары тарабынан өлтүрүлүүдө. Кээде «каршылык көрсөтүүчүлөрдү» жок кылуу деген шылтоо менен, кээде куралсыз адамдар да жөн гана «шектүү» катары атып өлтүрүлөт.
- Үйлөрдү жана курулуштарды бузуу, жаап салуу же талкалоо саясаты Батыш жээкте жана Иерусалимде кеңири колдонулууда. Бул кээде «уруксатсыз курулуш», кээде «коопсуздук» же «мыйзамсыз отурукташуу аймактарына жакындык» деген шылтоолор менен ишке ашырылат. Ошондой эле «терроризмге каршы күрөшүү» деген жүйө менен жалпы жаза катары шейиттердин же туткундардын үйлөрү жок кылынууда. Акыркы айларда бул саясат өзгөчө күчөп, Түндүк Батыш жээктеги качкындар лагерлеринде үйлөрдү жардыруу, өрттөө жана коопсуздук жолдорун куруу, мисалы Нецарим жана Филадельфия коридорлорундай жолдорду түзүү менен мүнөздөлүүдө. Жакында эле Бетлехемдеги Дейше лагеринде ондогон үйлөрдү бузуу коркунучу айтылды.
- Күч менен көчүрүү жана үйлөр менен кварталдарды куралдын күчү, бомбалоо жана үйлөрдү ичиндегилер менен кошо бузуп салуу аркылуу коркутуп, мажбурлап бошотуу. Мындай көрүнүштөр Батыш Иордандын түндүгүндөгү лагерлерде жана айыл-кыштактарда кеңири таралган.
- Миңдеген адамдар камакка алынууда. Бул аялдарга, балдарга жана кары-картаңдарга чейин таасирин тийгизди. Алардын чоң бөлүгү “административдик камак” деген шылтоо менен сотсуз, айыпсыз эле камакта кармалууда. 2023-жылдын 7-октябрынан кийинки шарттар өзгөчө оор. Адамдарды тирүү кармап туруу үчүн минималдуу гана тамак берилет, төшөк, кийим жок, суукка каршы эч нерсе жок, күндүн нурун көрүүгө да уруксат берилбейт. Мунун үстүнө сөөктөрдү сындырып кыйноо, абактарда жүздөгөн туткундарды өлтүрүү да орун алууда.
- Батыш жээктин бөлүктөрүн бири-биринен ажыратып салган аскерий тоскоолдуктар. Палестиналыктар бул тоскоолдуктардан өтүү үчүн сааттап кезек күтүшөт. Окупациялык аскерлер Батыш жээктеги шаарлар менен айылдардын ортосун тосуп салып, адамдардын бир жерден экинчи жерге өтүшүн чектеп салышкан. Ал жерлерден чыгуу үчүн атайын белгиленген тосмолор аркылуу гана жол бар. Мисалга алсак, Батыш жээктин түндүгү менен түштүгүн бириктирген жалгыз гана өтмөк “Контейнер тосмосу” деп аталат. Анын жанында турган бир аскер каалаган убакта аны негизсиз жаап коюшу мүмкүн. Мындан тышкары, Батыш жээктегилер Иерусалимден жана Масжид аль-Аксадан толугу менен обочолонуп калышкан. Алар ал жакка бара да, намаз да окуй алышпайт. Натыйжада Батыш жээкте үч муундай калк бар. Алардын буту Иерусалимге да, Масжид аль-Аксага да басып көрө элек.
- Экономикалык муунтуу, тактап айтканда, системалуу түрдө уюштурулган кысым. Бул яхудийлер тарабынан Батыш жээктеги элди моюн сундуруу максатында колдонулуп жатат. Элди күнүмдүк нан табуу менен алек кылып, алардын кирешесин яхудийлердин колундагы жумуштарга же болбосо аларды башкарып жаткан Палестина администрациясынын ырайымына байлап салышты.
- Отурукташуу (мурда жок болгон аймактарга көчүп барып жашоо) саясаты тынымсыз улантылып, жаңы отурукташуу пункттары курулууда. Ар бир отурукташуу өзүнүн коопсуздук зонасы менен кошо келет. Бул зона көбүнчө анын аянтынан бир нече эсе чоң. Натыйжада Батыш жээкте отурукташуу пункту же аскерий база, же болбосо яхудийлер колдонбогон жол дээрлик калган жок.
- Отурукташуу саясаты менен кошо, Батыш жээктеги жерлерди тартып алуу саясаты да улантылууда. Элди өздөрүнө тиешелүү жерлерге да киргизбей, аларды пайдаланууга тыюу салышууда. Мунун шылтоосу: ал жерлер отурукташуу пункттарына, аскерий базаларга же яхудийлер колдонгон жолдорго жакын болушу. Натыйжада, жердин ээлери аны айдап, курулуш жүргүзө албай калышууда. Көп учурда өздөрүнүн зайтун дарактарын жыйнап алуу үчүн да оккупациялык армиядан уруксат алышы керек болот.
- Жогоруда айтылгандар менен чектелбестен, яхудийлер жана алардын артында турган Америка Батыш жээктеги элге кысым көрсөтүүнү жалгыз өздөрү гана жүргүзбөй, Осло келишиминин негизинде түзүлгөн Палестина автономиясын да репрессиялык аппаратка айландырышты. Бул аппарат элдин жашоо-тиричилигине кийлигишип, ар-намысына шек келтирип, аларды камап, кыйнап, керек болсо өлтүрүп, өз жеринен сүрүп чыгарып жатат. Тагыраагы, оккупациянын кылмыштарын ошол эле элдин атынан ишке ашырууда.
Бул жана башка кылмыштар Батыш Иордан жээгинде жашаган элге каршы 1967-жылдагы баскынчылыктан бери жасалып келүүдө. Бул зулумдуктарды яхудийлердин өкмөттөрүнүн алмашуусу болобу, динчил, ашынган оңчул, солчул же борборчул топтор болобу токтото алган жок жана жеңилдете да алган жок. Анткени бул кылмыштар бардык өкмөттөр тынымсыз улантып келген, ырааттуу, багытталган саясат болуп саналат. Ал тургай өзүн «умеренный», «тынчтык өнөктөшү» деп атаган, кылмыштары үчүн Нобель тынчтык сыйлыгын алган өкмөттөр да бул саясаттан четте калган эмес.
Чынында, бул кылмыштар ар кандай саясий процесс, демилге же келишимден кийин ого бетер күчөп кеткен. Мисалы: 1977-жылы Египет менен Кэмп-Дэвид келишиминен кийин отурукташуу (мыйзамсыз конуштар) тездеди. 1988-жылы Палестина Азаттык Уюму (PLO) «көз карандысыздык» жарыялаган соң зомбулук жана кысым күчөдү. 1993-жылы PLO менен Осло келишиминен кийин, 1994-жылы Иордания менен Вади-Араба келишиминен кийин 2000-жылы Кэмп-Дэвид II сүйлөшүүлөрүнөн кийин Палестиналыктарга карата кыргын күчөдү. 2002-жылы Бейруттан жарыяланган Араб тынчтык демилгеси Батыш жээкти басып кирүү менен коштолду.
Бул зулумдар, кыргындар үммөттүн чыккынчылык кылган, кылмышка катышкан же болбосо унчукпай турган, ишке жарабаган нааразылык билдирүүлөр менен чектелген режимдердин көз алдында жана кулагынын түбүндө ырааттуу түрдө жасалып келет.
Үммөттүн көпчүлүк уул-кыздары узак убакыт бою жалган тынчтык келишимдерине, пайдасыз сүйлөшүүлөргө, ири мамлекеттерден жана эл аралык мыйзамдардан жардам күтүүгө алданып келишкен. Башкалары болсо, Палестин элине каржылык жана саясий колдоо көрсөтүү менен же алыстан жихадды колдоо менен чектелүү жетиштүү деп ойлошкон. Бирок эми ачык-айкын болуп калды: бул кылмыштарды токтотуунун жалгыз жолу – Палестинаны толук бошотуу. Бул – үммөттүн жана анын армияларынын мойнундагы парз. А бул парзды аткаруу аларды башкарып турган режимдерден кутулуу менен гана мүмкүн болот. Чек араларды, тоскоолдуктарды жана тосмолорду бузуп өтүү үчүн үммөт жана анын армиялары биргелешип жапырт жоого аттанып, бүткүл Палестинаны, Куддусту, Масжид аль-Аксаны, Батыш жээкти, Газаны жана 1948-жылы басып алынган жерлерди бошотушу керек. Бул аракет митингден кийин таралуу менен болбойт. Дуба кылып анан уйкуга кетүү менен да болбойт. О.э бойкот жарыялоо менен гана чектелүү менен да болбойт. Бул аракет үммөт өзүнүн башчыларынын сарайларын кыйратып, аларды тактан кулатып, армияларды казармалардан чыгарып, аларды үммөт менен чогуу жоого чыгууга мажбурлашы менен болот.
Эгер үммөт, анын армиялары, күчтөрү жана аалымдары ушул дааватка дароо жооп берсе, анда алар бул дүйнөнүн жана акыреттин жакшылыгына жетишет. Ал тургай Аллах Таала аларды убада кылганындай, Жер бетинин мураскери кылып коёт. Ошондой эле, аларды азаптан жана буга чейин кайдыгерлик кылгандарга келген “алмаштырылуу” жазасынан сактайт.
﴿إِلَّا تَنفِرُوا يُعَذِّبْكُمْ عَذَاباً أَلِيماً وَيَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ وَلَا تَضُرُّوهُ شَيْئاً وَاللهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾
«Эгер (согушка) чькпасаңар, (Алла) силерди жан чыдагыс азап менен азаптайт жана ордуңарга башка бир коомду келтирет. Силер болсо Ал Затка бир да зыян жеткизе албайсьңар. Алла бардык нерсеге кудуретгүү». (Тообо сүрөсү, 39-аят)
Амир Абу Риш
Берекелүү Палестина жери