Хизбулланын Ливанда күчүн калыбына келтирүү аракети «Кылыч сыноого жетпей шилтенди» деген макалга туура келет

14
0

Хизбулланын Ливанда күчүн калыбына келтирүү аракети «Кылыч сыноого жетпей шилтенди» деген макалга туура келет

2024-жылы 27-ноябрда яхудий түзүмү менен Ливандагы Хизбулла ортосунда түзүлгөн “ок атышууну токтотуу” келишиминен кийин, бул келишим согуш аракеттерин токтотууну эмес, чек аранын эки тарабынан ок атышууну токтотуу үчүн гана болгону ачыкталып калды. Анткени, яхудийлер Ливан асманында алыстан башкарылуучу учкучсуз аппараттар менен учууларын улантууда. Хизбулла же анын союздаштарынын аскердик аракеттери катары эсептеген согуш объекттерин бутага алууну улантууда. Бул чек арага жакын айылдарда гана эмес, баш калаа Бейрутка жана түштүк Ливандын дарбазасы болгон Саида шаарына чейин жетүүдө!

Алар айрым учурларда эскертүү берип, андан кийин имараттарды бутага алууда. Башка учурларда болсо, учкучсуз аппараттар менен партиянын талаа командирлерин бутага алган так өлтүрүүлөрдү жасоодо! Бул болсо келишим эч кандай так жоболорго жана ачык эрежелерге негизделбегенин көрсөтөт. Бул келишимди яхудий түзүмү менен Америка Иран партиясынын Ливандагы аскердик таасирин жок кылуу үчүн таңуулаган. Анткени алар партиянын жетекчилик тепкичин башынан тартып (анын баш катчысы өлтүрүлгөндөн баштап) бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан коопсуздук жана аскер жетекчилерин жок кылуу аркылуу тазалашты. Ошондой эле анын көптөгөн мүчөлөрүн (байланыш ташуучуларды) рация аркылуу сүйлөшүү учурунда бутага алышты.

Иран партиясы Ливанда өзүнүн аскерий жетекчилигинин түзүмүндө олуттуу жана оор жоготууга учурады. Себеби, Иран аны 2023-жылдын 8-октябрында «Аль-Акса ташкыны» операциясы башталгандан бир күн өткөндөн кийин чек арада аскерий аракеттерди баштагандан тартып, бир жылдан ашуун убакыт бою жалгыз таштап койду. Партия күтүлгөндөй Жогорку Галилея аймагына кирген жок. Анын ордуна, бир нече белгиленген аскердик объекттерге чектелүү санда ракеталык чабуулдарды гана жасап, терең кирүүчү кээ бир күчсүз чабуулдар менен саясий билдирүүлөрдү жеткирүүгө аракет кылды. Бирок бул аракеттер салгылашуунун жүрүшүн өзгөртүүгө же күч балансын бузууга себеп болгон жок. Бул болсо ХАМАСтын Газа тилкесиндеги географиялык чектелген аймагына салыштырмалуу, Хизбулланын күчү жана аракет чөйрөсү кененирээк деген үмүттөрдү жокко чыгарды.

Мындан тышкары, Иран да ал учурда регион күйүп кетпесин деген шылтоо менен эч кандай маанилүү аралашууга барган жок. Бул убакта яхудий түзүмү Газа, Ливан, Сирия жана Йемендеги, а түгүл Ирандын ичиндеги аймактарда каалаганын кылып, зулумдук кылып жатты.

Биз муну эскертип жаткан себебибиз дал ушул күрөштүн туу чокусунда, күч тең салмактуулугун өзгөртүү үчүн эң ылайыктуу учур келгенде, Ливандагы Иран партиясы эч кандай олуттуу кадам жасаган жок. Тескерисинче, партия өзүнүн уюмдук түзүмүнө чоң жоготууларды алып келген жолду тандады. Акырында болсо, яхудийлерге каршы аскерий аракеттерин токтотууга аргасыз болду. Ошол эле учурда яхудийлердин партиянын лидерлерине жана аскерий объекттерине каршы тынымсыз дрондук чабуулдар жасалды. Бутага алган так өлтүрүүлөрү улантылып жатты. Андан да маанилүүсү, Иран партиясынын жооп бербөөсү жана саясий коргонууга өтүшү 2024-жылдын 27-ноябрынан ушул күнгө чейин яхудий түзүмү тарабынан жасалып жаткан бардык мыйзам бузуу, дрондук чабуул, жетекчилерге жана курал-жарак кампаларына каршы жасалган соккуларга жол ачты. Буга карабастан Иран партиясы ооз ачып да жооп кайтарган жок. Болгону өзүнүн кайрылууларында “күчүн жана тең салмактуулугун калыбына келтирдик” деш менен чектелди. Бирок мындан да аянычтуусу ал жооп берүү же коргонуу аракеттерин Ливан мамлекетине өткөрүп берди. Кайра куруу иштерин эл аралык коомчулукка кайрылып, яхудийлердин соккуларына бөгөт коюу ишин өкмөт мойнуна алышы керек деп билдирүүдө!

Бул жагдай чындыгында партиянын жооп кайтарууга күчү жетпей калганын жана ар кандай жаңы чыңалуунун баасы оор болорун түшүнүп калганын көрсөтөт. Себеби, эгер партия жооп кайтарса, бул яхудий түзүмүнө кайрадан кеңири масштабдуу аскерий операцияларды баштоого шылтоо болот. Натыйжада, алар буга чейин бутага алынган аймактарды кайрадан талкалайт. Ал эми партия өзүнүн тарапташтарынын арасында, өзгөчө түштүк Ливандагы колдоочуларынын нааразылыгына кабылышы мүмкүн. Алар буга чейин эле кайра куруу иштеринин кечигип жатканына нааразы болгон. Ал эми 2006-жылдагыдай Ирандан келген каражаттар менен кайра курууну баштоо бүгүнкү күндө мүмкүн эмес. Анткени Ливан бийлиги жана анын артында турган Америка муну токтотуп койгон.

Бүгүнкү күндө саясий абалды түшүнгөн ар бир адамга көрүнүп турган чындык мындай: партиянын аскерий аракеттерин токтотуу чечими кабыл алынды. Бул процесстин бир бөлүгү буга чейин эле башталган. Мындай чектөө яхудийлердин соккулары аркылуу ишке ашып, партиянын күчүн талкалады. Эми ал Ливандагы кадимки партиялардын бири, өлкөдөгү белгилүү бир диний-этникалык топтун өкүлү катары саясий ишмердүүлүккө өтүп жатат. Башкача айтканда, партия өзүнүн таянычы болгон Иран менен Башар Асад режими тарабынан колдоого алынган аскерий кубатынан ажырады. Ал эми Америка бул күчтөрдү колдонуп бүтөрү менен Ирандын колун тартты. Мунун натыйжасында, Сириядагы оюн эрежелери өзгөрүп, АКШга ыктаган башка бир күч – Түркия – үстөмдүк кыла баштады. Ал эми Иран менен анын партиясы бул сахнадан сүрүлүп чыкты.

Британия аркылуу жарыяланган, бирок Иран тарабынан четке кагылбаган бир нече билдирүүлөр Ирандын аймактагы таасири, агенттерине болгон мамилеси жана аларга карата стратегиясы өзгөрүп жатканын ачык көрсөтүүдө. Британиялык “The Telegraph” гезити кабарлагандай, бир жогорку даражадагы ирандык расмий өкүл мындай деген: «Тегеран аймактагы өкүлдөр тармагын колдоо стратегиясын кыскартып жатат жана аларга болгон саясатын кайра карап чыгууда. Мунун ордуна, Иран түздөн-түз АКШдан келе турган коркунучтарга көңүл бурууну чечти». Ошондой эле ал: «Ар бир жыйын дээрлик толугу менен Трамп жана анын саясаты тууралуу талкуу менен өтүүдө. Буга чейин Тегеран колдоп келген аймактык топтор тууралуу азыр дээрлик сөз да болбой калды»,- деп белгилеген.

Ал тургай, ошол эле ирандык расмий адам: «Хуситтер АКШнын соккуларына туруштук бере албайт көрүнөт. Алардын саналуу күндөрү же айлары калды. Алар Насрулла менен Асадга негизделген тармактын бир бөлүгү болчу. Эми аларды коргоп калуунун логикасы да, пайдасы да жок»,- деп ачык айткан.

Бул билдирүүлөр Иран тарабынан түз айтылбаса да, аймактагы өзүнө таандык күчтөргө (Хизбулла, Хуситтер, Асад режими ж.б.) болгон мамилеси өзгөрүп жатканын тастыктап турат. Ал тургай, бул маселе 2025-жылдын 12-мартында Орусиянын Тышкы иштер министри тарабынан да ырасталган. Ал Вашингтондун Иран менен талкуулагысы келген негизги темалар ядролук программа, ракеталык программа жана аймактагы өкүлдөр менен байланыш маселеси экенин билдирген.

Демек, бул Ирандын региондук саясаты жаңы фазага өткөнүн көрсөткөн ачык белги. Эми Иран өзүнүн аймактык таасиринен артка кетүүдө. Ал эми бул процесс АКШ жана башка державалар менен жаңы келишимдердин алкагында жүрүүдө. АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Морган Ортагус айымдын Ливанга сапары жана анын президенттен баштап, премьер-министр, парламент төрагасы, тышкы иштер министри, армия генералы жана башка министрлер жана фракция лидерлерине чейин жолугушуусу жөн эле дипломатиялык иш-аракет эмес экенин көрсөттү.

Мунун баары Ливан бийлигинин 2024-жылдын 27-ноябрында деңиз чек арасын белгилөө жана аскердик аракеттерди токтотууга алып келген Хохштайндын “маятник дипломатиясы” деп аталган моделинен шыктанганын билдирет. Бул болсо, Ливан бийлиги жердеги чек араны да белгилөөгө, андан ары башка араб мамлекеттери сыяктуу эле яхудий түзүмү менен нормалдашууга багыт алганын көрсөтөт. Мында Иран партиясынын куралы жана “каршылык көрсөтүү күчү” АКШ үчүн эми мааниге ээ эмес болуп калды. Ал бүтүндөй “оюндан” чыгарылып, Ливандын расмий бийлигине жана армиясына чек араны көзөмөлдөө милдети берилди. Башкача айтканда, партия азыр “куру сөздөр” менен гана өзүнүн куралдуу күчү жана таасири тууралуу айтып, бирок эч кандай реалдуу салмакка ээ болбой калды.

Хизбулланын учурда айтып жаткан “күчкө толдук”, “курал бар”, “каршы турабыз” деген сыяктуу билдирүүлөрү эми элди ишендирбейт. Американын көз карашында, анын заманы бүттү. Бул жагдайды араб макалында айтылгандай сүрөттөөгө болот:

«كالسيف سبق العذل»

«Кылыч сыноого жетпей шилтенди»

Котормочудан:

(Бул макал бир иш жасалып бүткөндөн кийин гана аны туура эмес деп сындагандарга карата колдонулат. Башкача айтканда, иш жасалып бүткөн соң сынактан өткөрүүнүн, кеңештин, актануунун пайдасы жок).

Инженер Мажди Али

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here