Мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары диндеги душмандарга кызмат кылууда

69
0

Мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары диндеги душмандарга кызмат кылууда

2025-жылдын 31-мартында, дүйшөмбү күнү, Грециянын Андравида аба базасында жыл сайын өтүүчү эл аралык көп улуттуу аба машыгуулары – “Инохос 2025” башталды. Бул машыгуулар 11-апрелге чейин уланат. Бул жолу катышуучу мамлекеттердин саны рекорддук деңгээлге жетип, 11 өлкөнү түздү. Алардын ичинде Катар менен яхудий мамлекети алгачкы ирет катышууда. Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттары, Америка, Франция, Индия, Италия, Черногория, Польша, Словения жана Испания бар. Ал эми Словакия менен Бахрейнден атайын журналисттер жиберилди.

Бул машыгуулар биринчи жолу 1980-жылдын аягында өткөрүлүп баштаган. Анын максаты аба мейкиндигиндеги биргелешкен операцияларды аткарууга ылайыкташкан заманбап тактикалык машыгууларды жүргүзүү болгон. Бул биргелешкен машыгуулардын артында каапыр Батыштын саясий жана аскерий максаттары жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Алар мусулмандардын жерлерин ачык эле пайдаланып, мусулман аскерлерин өз кызыкчылыктарына колдонуп, алардын ыйманын буруп, колонизатордук стратегияларына кызмат кылууга багыттоодо. Мындан сырткары, башкарууга “дайындалган” малай кызматчыларды да ушул сыяктуу иш-чаралар аркылуу даярдап жатышат.

Бул машыгуулар Катар менен Бириккен Араб Эмираттарынын рувайбиза жетекчилеринин яхудий мамлекети жана Ислам үммөтүнө душман болгон анын колдоочулары менен бирге катышуусунда өтүп жатат. Бул болсо яхудийлер биздин туугандарыбыз Газа, Ливан жана Сирияда кыргын салып жаткан учурга туура келүүдө. Газада аялдардын, балдардын жана кары-картаңдардын дене бөлүктөрү асманга сапырылып, кан суудай агып жаткан учурда, алардын суусуна, азыгына бөгөт коюлууда. Мындай трагедиялуу учурларда мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары Батыштын колонизатордук кызыкчылыктарына кызмат кылууга жарышып, яхудий мамлекети үчүн азык, энергия жана курал-жарак менен жардам берүүгө жанталашып жатышат. Ушундай арсыздыкты, уятсыздыкты эмне менен актоого болот?!

Катар өз аймагындагы америкалык аскерий базасы аркылуу мусулмандарга каршы чабуул жасоого жол берип тим болбостон, Газадагы мусулмандарга каршы кылмыштуу согушта яхудий мамлекети үчүн аскердик жабдуулар менен камсыздоону, ХАМАС менен ортомчулук шылтоосу менен яхудий делегацияларын кабыл алууну да улантууда.

Бириккен Араб Эмираттары тууралуу айтпай эле койсок болот. Ал яхудийлер менен ачык союздаштык кылып, аларды азык-түлүк жана аскердик жабдуулар менен камсыз кылууда. Бул болсо мусулмандардын сезимдерин ачык шылдыңдоо болуп эсептелет. Бул кайдыгерликпи? Коркоктукпу? Же түз эле чыккынчылыкпы?

Жооп кандай болбосун, бул башкаруучулар үммөттү башкарууга татыктуу эмес. Натыйжа бир: алар мусулмандарды колонизаторлорго баш ийдирип, эркиндикке чыгуусуна тоскоолдук кылышууда. Бул кор болгон, амалкөй бийликтердин бирөө да бийликке шарият жолу менен келген эмес. Алар үммөттүн бийлигин каракчылык менен басып алгандыктан, башкарууга жооптуу эмес. Алардын ички жана тышкы саясатында ислам такыр өлчөө эмес. Тескерисинче, алар үммөттүн душмандары болгон каапыр Батышты жана яхудий түзүмүн дос тутуп, аларга мусулмандардын жерлерин толук көзөмөлдөөгө шарт түзүп беришкен.

Мындай бийликтер Аллах менен болгон байланышын жана үммөт менен алакасын үзүшкөн. Ачык жана толук түрдө колонизатор мамлекеттерге жана яхудийлерге ыкташып, өздөрүн мусулмандарды басынтууга колдонулуучу куралга айлантышты. Алар муну менен өз бийлигин чыңдайт, исламды алсыратат деп ойлошот, бирок иш жүзүндө үммөттүн эң жакшыларына каршы иш кылышып, ошол эле учурда өздөрүнүн да кулашын тездетип жатышат.

Бул рувайбиза адамдардын Америка, каапыр Батыш мамлекеттери жана яхудийлер менен болгон шериктештиги, алардын кылмыштарын жана мусулмандардын жерин басып алганын таануу, аларга дос болуу менен анык болду. Бул Исламда эң чоң күнөөлөрдүн бири болуп, Аллахка, Анын Элчисине ﷺ  жана момундарга чыккынчылык кылуу болуп эсептелет.

Яхудийлер жана аларды колдогондор тууралуу Аллах Таала мындай деп айткан:

﴿لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِّلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا﴾

«Ыйман келтирген адамдарга эң катуу душмандык кылуучу адамдар жөөттөр жана мушрик (Аллага бир нерсени тең кылуучу) болгон кимселер экенин көрөсүң…» (Маида сүрөсү, 82-аят)

Мындан тышкары, алар Исра жана Мираждын жерин басып алышкан. Бул болсо алар менен болгон алака согуш абалындагыдай болушу керектигин көрсөтөт. Себеби алар Ислам жери болгон аймакты басып алышкан. Ошондуктан, мусулмандарга жардам берип, бул жерди эркиндикке чыгаруу парз. Бул милдет дүйнөдөгү бардык мусулмандарды камтыса да, орундалууга тийиш. Аллах Таала мушриктер жана яхудийлер менен болгон алака күрөшүү жана согушуу аркылуу болушун, сүйлөшүү же достошуу менен болбошун белгилеген!

Эй кор болгон чыккынчылар тобу!

Силер мусулмандарга эң катуу душман болгон Америкага өлкөлөрүңөрдүн эшигин толугу менен ачып бергениңерге канаат кылбай, ага мусулмандардын Акса мечитин жана Пайгамбарыбыздын ﷺ  Мираж жолун басып алган яхудий түзүмүн да кошуп, аскердик машыгууларыңарга чакырдыңарбы?!

Силер мусулман аялдын “Я Муътасим!” деп кыйкырган үнүнө жооп кылып, Амурияны багынткан Муътасим жөнүндө уккан эмессиңерби?! Силер римдиктерди кордогон абалда кат түрүндө жооп жазып, кек алган Харун ар-Рашид жөнүндө уккан эмессиңерби?! Силерге мусулман аял менен кызы Хабашистанда туткунда экенин укканда: “Аллахка ант болсун! Британияны оң бутума, Португалияны сол бутума өтүк кылып кийгизсеңер да, мен алардын кунун бирөөнүн башынан кем кабыл албайм! Эгер кабыл кылсак!”, деп айткан Канка Мусанын жообу жеткен эмеспи?!

Эмне үчүн уялбайсыңар?! Эмне үчүн кыжаалат болбойсуңар?! Силер мусулман армиясынын балдарын — биздин балдарыбызды — каапыр колонизаторлордун кандуу машиналарына отун кылып жатасыңар! Газада жана мусулмандардын башка жерлеринде балдарыбызды, аялдарыбызды, кары-картаңдарыбызды кыргын кылган нерсе ошол силер шериктеш болгон мамлекеттердин учактары, дрондору, ракеталары жана бомбалары! Аллага касам, бул  рувайбиза башкаруучулар жана мусулмандардын аскерлерине чыккынчылык кылган режимдер кылмыштарына эч кандай актоо калтырган жок!

Эмне үчүн үммөттүн кудурети, күч ээси, эң таалуу сокку уруучулары күчтөрү өзүнүн эң катаал душманы болгон каапырлардын башкаруусуна өткөрүлүп берилишине макул болуп жатасыңар?! Эмне үчүн силер үммөттүн тирүү күчтөрүн Батыш каапыр колонизаторлордун жерлериңерди басып алышына, балдарыңарды өлтүрүшүнө, байлыгыңарды тоноп кетишине, зулум башкарууларын коргошуна, колонизаторлукту сактап калууга жана алардын агенттерин коргоого колдонууга жол берип жатасыңар?!

Андан да оор кылмыш силердин ислам үммөтүнө каршы жүргүзүлүп жаткан Америка, Батыш жана яхудийлердин согушуна мусулмандардын аскерлерин мобилизациялооңор болуп саналат. Аларды өз бир туугандарын өлтүрүүгө, Аллахтын каарын чакырууга кызмат кылат. Алар Аллахтын динин алып келүүчү долбоорду жолотпой, тоскоолдук кылууга курал катары колдонулуп жатышат. Силерде акыл жокпу?!

Эй мусулмандар! Бул чыккынчы башкаруучулар менен сүйлөшүүнүн да, аларга кайрылуунун да кажети жок. Анткени алар эбактан бери душмандын катарына кошулуп алышкан! Сүйлөө жана суроо силерге багытталат! Качанга чейин алардын чыккынчылыгына жана үммөттү жалгыз таштап жатышына унчукпай турасыңар?! Качанга чейин Куддус жана анын айланасындагы ыйык жерде туугандарыңарга карата агенттердин кыянаттыгына жана душмандардын зулумуна жол бересиңер?!

Баарыңарга айтабыз! Бузулган, түгөнгөн, сасып кеткен бул системанын Аллахтын буйругуна жана тагдырына каршы тура турган күчү жок! Ислам жана Халифалык Аллахтын жазган өкүмү жана тагдыры! Аны көтөрүп жүргөн Аллага баш ийген дааватчылар Анын ыйык кулдарынан тандалгандары! Аллах Таала алар аркылуу Өз өкүмүн орнотот жана Өз убадасын ишке ашырат! Аллах Таала айткан:

﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾.

«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынчтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар». (Нур сүрөсү, 55-аят).

Ислам диниңерге, анын мамлекетин тикелө аркылуу кайткыла! Анткени ошол мамлекетте силердин урмат-сыйыңар жана ар-намысыңар орундалат. Ошону менен силер саткын башкаруучуларыңардын кулчулугунан кутуласыңар. Ошонун негизинде армияларыңар Палестинаны жана башка жерлерди бошотууга аттанат, яхудийлердин мамлекети түбөлүккө жоголот, колонизатор капырлар куулуп чыгат. Ошондо силер Ааламдардын Эгесинин ыраазылыгына ээ болосуңар жана дүйнө зулум, жамандык, эзүүдөн кийин кайрадан ырайымга жана адилеттүүлүккө бөлөнөт.

﴿مَن كَانَ يُرِيدُ الْعِزَّةَ فَلِلَّهِ الْعِزَّةُ جَمِيعاً إِلَيْهِ يَصْعَدُ الْكَلِمُ الطَّيِّبُ وَالْعَمَلُ الصَّالِحُ يَرْفَعُهُ وَالَّذِينَ يَمْكُرُونَ السَّيِّئَاتِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ وَمَكْرُ أُولَئِكَ هُوَ يَبُورُ﴾.

«Ким күч-кудуретти каалай турган болсо, анда, бардык күч-кудурет Аллага таандык Пакиза Сөз (тагыраак айтканда, «Лаа-илааха иллаллах, Мухаммадун Расулуллах» келмеси) Ага көтөрүлөт жана жакшы ишти да (Алла Өз даргөйүнө) көтөрөт. Жаман айла-амалдар кыла турган кимселер үчүн болсо катуу азап бар. Жана алардын айлакерликтери да жок болот (бекер кетет)». (Фатир сүрөсү, 10-аят)

Абдулилах Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here