Сирия үчүн Франция сунуштаган алсыз «жол»
Франциянын бийлиги өткөн жумада Париж шаарында өткөрүлгөн беш тараптуу саммиттин жыйынтыгында Сирия боюнча «жол карта» жарыялады. Бул саммитке Франция, Греция, Кипр жана Ливандын лидерлери катышып, Сирия президенти Ахмад Аш-Шара онлайн видео байланыш аркылуу катышкан. Бул жол картасы алты пункттан турат:
- Сирияга карата киргизилген санкцияларды алып салуу;
- Экономикалык жардам көрсөтүү;
- Качкындар маселеси;
- Деңиз чек арасын аныктоо;
- Сириянын эгемендүүлүгү;
- Сирия мамлекетинин өзүнө коюлган шарттарды аткаруу милдеттери.
Бул документ теория жүзүндө Сириянын эгемендүүлүгүн толук сыйлоого көмөк көрсөтүү керектигин белгилеп, чет элдик кийлигишүүлөрдү жана мыйзам бузуу аракеттерин токтотууга чакырат. Ошондой эле, бардык чет элдик аскер күчтөрүнүн Сирия аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылат. Бирок, яхудий түзүмүн коркоктук менен атоодон качышкан.
Саммитке катышкан беш мамлекеттин лидерлери Сирияга чектеш Жер Ортолук деңизинин чыгышындагы коңшу өлкөлөр катары Сирия боюнча жаңы талкуу жолунун ачылышын кубатташты. Бул талкуунун максаты «бирдиктүү, туруктуу жана коопсуз Сирияга өтүү» деп аталган жараянга колдоо көрсөтүү экени айтылды.
Франция өзүнүн жол картасында Ахмад аш-Шарага толук эркиндик берген жок жана Сирияга карата санкцияларды жарым-жартылай гана шарттар менен жеңилдетти. Ал Сирияга жылдар бою салынган санкциялардан улам келип чыккан экономикалык кыйынчылыктарды пайдаланып, өз талаптарын коюп, айрыкча өлкөдөгү аз улуттарга кандай мамиле кылуу керектигин жана Сирия мамлекетинин аларга карата жүрүм-турумун көзөмөлдөө шартын киргизди.
Бул картада Сириянын деңиз чек арасын аныктоого колдоо көрсөтүү айтылган, бирок бул иш эл аралык деңиз мыйзамынын негизинде жана Сириянын “европалык коңшуларынын” (бул жерде Греция менен грек Кипри назарда тутулууда) кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөрү баса белгиленген.
Жол картасынан байкалышынча, Түркия бул процесске таптакыр катыштырылган эмес. Бул болсо Сирияда жана бүткүл региондо маанилүү рол ойногон мамлекет болушуна карабастан, анын толугу менен четтетилгенин көрсөтөт. Бул Франциянын стратегиялык көрөгөчтүгү тардыгынан кабар берет жана региондогу өсүп келе жаткан маанилүү күчтөр менен иш алып баруудагы алсыздыгын көрсөтөт. Франциянын өз көңүлүн Греция менен Кипрдей экинчи даражадагы өлкөлөргө буруп, Түркияны четте калтыруусу жөн гана анын улутчулдугу менен текеберлигинин белгиси. Ошол эле учурда анын эски европалык үстөмдүк акылынан али кутула электигин ачыктап турат.
Мындай шартта, Франция жана жалпы Европа АКШнын артынан жетеленип, аймактагы окуяларды башкарууда кандайдыр бир рол алып берүүсүн үмүт кылып, мурда өз колониясы болгон аймактарда эми АКШнын майда өкүлүнө айланганын көрсөтөт.
Франция унутуп койгон нерсе, бүгүнкү күндө Сирияда, Ливанда жана Жакынкы Чыгышта жалпы геосаясий реалдуулукту аныктап жаткан жападан жалгыз эки мамлекет Америка менен яхудий түзүмү болуп калды. Бул процессте Францияга да, Европага да эч ким кайрылбайт. Ал эми Түркия өз кызыкчылыктарын сактоо жана Сирияда кандайдыр бир рол ойноо үчүн Америкага жага турган жолду тандап, анын колдоосун алууга аракет кылууда. Түркия да, Франция да бул аймакта өздөрүнүн ролдорун Америкадан алган уруксаттын негизинде гана аткарышат. Франция жана анын артында турган бүтүндөй Европа аймакта АКШ колдонгон санкциялардан башка эч кандай реалдуу таасир куралына ээ эмес.
Франциянын Сирия менен Ливандагы таасири өтө начар жана алсыз абалга кептелди. Бул өлкөлөрдө анын ролу АКШнын чечимдерине көз каранды болуп калды. АКШ чечет, Франция болсо анын чечимдерин ишке ашыруу менен гана алек. Аймак үчүн эмне пландалса, Франция аны жөн гана артынан кайталап жүрөт. Ошентип, бул «жол картасы» Франция өзүнчө чоң бир демилге көтөргөндөй кылып жарыялаганы менен ички мазмуну таптакыр бош жана Сириядагы реалдуу күчтөрдүн абалын чагылдырбайт. Бул эч кандай келечекти көрсөтпөгөн алсыз, бош документ. Сириянын келечегине жол көрсөтүүчү өлкө Франция эмес, аны такыр башка күчтөр аныктайт.
Сириянын бүгүн эки гана реалдуу жол картасы бар:
- АКШнын жол картасы. Бул дүйнөдө өзүн биринчи күч катары эсептеген Американын үстөмдүгүнө негизделген, жалган планы.
- Ислам үммөтүнүн жол картасы. Бул чындык, акыйкат жол. Аны Ислам үммөтү өзү түзүп жана жакынкы келечекте ишке ашыруусу абдан ыктымалдуу.
Франция да, Европа да, башка бир дагы тарап үчүнчү жол катары эсепке алынбайт. Франция бул саммит аркылуу өзүнүн мурдагы колонизаторлук доорунун калдыктарын кайра жандандырууга үмүт кылган эле. Бирок, чындыгында, бул бир чоң алдануу экени айкын болуп калды. Франция бүгүн өтмүштөгү таасирин тездик менен жоготуп жатат. Африкадагы мурдагы колонияларынан биринин артынан экинчисинен куулуп чыкты. Ал Мали, Нигер, Буркина-Фасо, Чад, Сенегал жана башка көптөгөн Африка өлкөлөрүнөн сүрүлүп, азыр андан эч нерсе калган жок. Болгону урап калган эскерүүлөргө ыйлап отурат. Кызыгы, Шам жеринде мурда эч кандай колониялык таасирге ээ болбогон Германиянын таасири бүгүн Францияныкынан да жогору болуп калды. Бул болсо Сирия революциясы маалында Германия 1 миллион сириялык качкынды кабыл алганынан улам болду. Ошентип, алар менен байланыш түзүлүп, алардын көпчүлүгү бүгүн Германиянын жарандыгын алып, Сирия менен Германия ортосунда туруктуу социалдык жана саясий байланыштар түзүлдү. Мунун натыйжасында Германиянын Сириядагы таасири Франциядан кыйла ашып түштү.
Бирок, Сирия үчүн чыныгы, туруктуу жана өзгөргүс жол картасынын ачкычы мусулмандарга гана таандык. Бул жол жалгыз гана максатка жетелейт. Ал болсо Пайгамбарлык жолундагы экинчи рошид Халифалыкты куруу. Бул халифалык сөзсүз түрдө Шам жеринен жана жалпы мусулман өлкөлөрүнөн батыш таасирин бүтүндөй тазалап жок кылат, андан эч бир из да калтырбайт.
Абу Хамза ал-Хутвани