Алжир менен Франциянын ортосундагы чыңалуу: Себеби жана багыты
Францияда мыйзамсыз жашап жаткан алжирлик мигранттар маселеси эки өлкөнүн ортосундагы мамилени ого бетер курчутту. Анткени Алжир аларды кайра кабыл алуудан баш тартты. Бул жагдай Франциянын Ички иштер министри Бруно Ротаёну 1968-жылы Алжир менен түзүлгөн келишимден баш тартуу менен коркутууну кайрадан айтууга мажбур кылды. Бул келишим алжирликтердин Францияга көчүүсү жана ал жакта жашоосу боюнча айрым артыкчылыктарды камтыган. Бирок кийинчерээк бул артыкчылыктарга чектөөлөр киргизилген эле.
Франциянын премьер-министри Франсуа Байру болсо февраль айынын аягында Алжир мыйзамсыз жүргөн жарандарынын кайтарылышына макул болбосо, анда аталган келишимди жокко чыгарууну талап кылаарын билдирген. Бул талапты аткарууга алты жума убакыт берилген.
Ротаё бул билдирүүсүн Париждин француз-алжирлик жаранды Алжирдин чалгын кызматына Францияда жашап жаткан оппозиция өкүлдөрү тууралуу жашыруун маалыматтарды берген деп айыптагандан кийин жасады.
Бул коркутуулар Франция сот системасынын мурдагы өнөр жай министри Абдуссалам Бушуарибди Алжирге өткөрүп берүүдөн баш тарткан чечимине карата нааразылыгы менен дал келди. Бушуариб өз өлкөсүндө мурдагы президент Абделазиз Бутефликанын тушундагы коррупция жана ири өлчөмдөгү уурулук боюнча айыпталып жаткан. Бул иштер 2019-жылы ачыла баштап, бир катар жогорку даражалуу кызмат адамдарынын кулашына себеп болгон. Бушуариб дал ошол учурда Алжирден Францияга чыгып кеткен.
Франция 2024-жылдын 16-ноябрынан бери түрмөдө отурган француз-алжирлик жазуучу Буалем Сансалдын камакка алынганына нааразылык билдирди. Ал Францияда берген маегинде “Алжирдин батышындагы чоң аймактар Мароккого таандык” деп айткан жана Франциянын оторчулук доорундагы жетекчилерин “бул аймактарды бөлүп берүү менен акмактык кылышкан” деп сындаган. Ошондой эле Сансал: “Полисарио кыймылы Марокконун туруктуулугуна сокку уруунун куралы болгон Алжирдик уюм” деп да айткан. Сансалдын кризиси француз-алжирлик дагы бир жазуучу Камал Дауддун айланасындагы кризис менен дал келди. Сансалдын иши Франция менен болгон чыңалууну күчөтмөк эмес эле. Бирок француз маалымат каражаттары президент Макрон «Немис айылчасы» романынын автору (2008) камакка алынганына тынчсызданып жатат» жана «анын бошотулушу үчүн алжир бийлигине кийлигишүүнү көздөп жатат» деп билдиришкенден кийин кырдаал курчуп кетти.
Эки өлкөнүн мамилеси былтыр жайда эле жетишерлик чыңалуу абалында болчу. Анткени ошол учурда Алжир Франциянын Марокконун Сахарадагы автономия планын тааныганына каршылык билдирип, Париждеги элчисин чакыртып алган. Ошондо Алжир “эски жана жаңы оторчулардын союзу түзүлдү” деп айыптап, эки өлкөнү белгилеген. Белгилүү болгондой, Алжир менен Рабаттын (Марокко) ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2021-жылдан бери расмий түрдө үзүлгөн.
Бул пикир келишпестиктер, негизинен тарыхый эстеликтер, басып алуу кылмыштары, коопсуздук кызматташтыгы жана миграция маселелерине байланыштуу болгону менен, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуунун башкы себеби эмес. Мисалы, миграция маселесинде алжирликтерди Франциядан чыгаруу чечимдери Марокко жана Тунис сыяктуу башка өлкөлөрдүн деңгээлинде.
Мындан тышкары, бул теманы көтөргөн мигранттардын салттуу душманы болгон ашынган оңчул күчтөр. Бул жагдай Алжир президенти Абдельмажид Теббунду да коркутууларды маанилүү эмес деп сыпаттоого алып келген. Ал 2025-жылдын 22-мартында Алжир каналдарына берген маегинде мындай деген: «Францияда толук ойдон чыгарылган талаштын айланасында саясий ызы-чуу болуп жатат». Андан ары мындай деди: «Биз үчүн президент Макрон гана негизги тарап болуп эсептелет жана биз бирге иш алып барып жатабыз».
Франциялык расмий адамдардын Алжир оккупацияланган деп эсептеген Сахара аймагына болгон сапарлары тууралуу Теббун мындай деди: «Бул сапарлар биз үчүн провакация эмес. Биз акмак эмеспиз, бул автономия маселеси Франциянын өзүнөн башталганын жакшы билебиз, анан биздин батыштагы коңшулар (Марокко) аны коргоп чыгышты. Франция менен Марокко жакшы тил табышкан, бул биз үчүн маселе эмес. Бирок маселе бул мамилени ашыкча мактанып көрсөтүүдө. Анткени бул БУУну жана эл аралык мыйзамдуулукту тынчсыздандырат».
Францияны чындап тынчсыздандырган нерсе анын Африкадагы салттуу таасиринин кескин төмөндөшү. Бул анын аскер күчтөрүнүн Мали, Нигер, Буркина-Фасо, Чад жана Сенегалдан чыгып кетиши менен айкын болду. Азыр Франция Алжирдеги стратегиялык кызыкчылыктарын сактап калууга аракет кылып жатат. Анткени мурда анын аскердеги адамдары башкаруудан четтетилип, ордуна Британиянын адамдары катары сыпатталган Бутефлика келген. Бул Франциянын Алжирдеги таасиринин солгундашына алып келди.
Эске салсак, 1990-жылдардагы «кара он жылдык» деп аталган кан төгүүдө Франция менен байланышкан аскерий жетекчилер алжир элинин канына малынган. 1991-жылы өткөн шайлоолордо Ислам Куткаруу Фронту жеңип чыккандан кийин, аскерийлер шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, ошол кезде президент болгон Шазли Бенжедид кызматтан кеткен. Натыйжада өлкө он жылга созулган кандуу жарандык согушка кирип кетти.
Бул кыргында француз аскер учкучтары жана Франциянын колдоосу менен аракет кылган генералдар негизги ролду аткарган. Алар: мурда Франция армиясында кызмат өтөгөн генерал Халед Неззар, «президенттерди жаратуучу» деп аталган генерал Туфик, генерал Мухаммад Туати жана генерал Мухаммад ал-Амари да катышкан. Ал-Амаринин 90-жылдардагы урааны: «Мага туткундар керек эмес, мага жарадарлар керек эмес, мага өлүктөр керек!» болгон. Айта кетчү нерсе, бул генералдардын көбү 1954–1962-жылдардагы Алжирдин көз карандысыздык согушуна 1961-жылдын соңунда, жеңишке саналуу айлар калганда гана кошулган. Ошондуктан, көптөр аларды Алжирдин революциясына чагым салуу үчүн Франция жиберген «жашыруун уюм» болушу мүмкүн деп айыпташкан.
Бутефлика элдешүү саясатын жүргүзүп, жараларды айыктырууга аракет кылды жана өлкөнү жыйырма жыл башкарды. Бирок 2019-жылы бүткүл өлкөнү камтыган, мурда болуп көрбөгөн элдик толкундоолор анын бешинчи мөөнөткө баруу ниетине чекит койду. Анын ордуна 2017-жылы премьер-министр болгон Абдулмажид Теббун шайлоодо жеңип чыгып, президент болду. Бул шайлоону ошол учурдагы аскер башчысы генерал Ахмед Каид Салих уюштурган болчу, ал шайлоодон көп өтпөй каза тапкан.
Ошентип, Британия Алжирдеги таасирин сактап кала алды. Бирок ошол эле учурда Франциянын адамдары аскерде жана маданий-интеллектуалдык чөйрөдө сакталып калды. Натыйжада, “Баары кетсин!” قاع) ) деген ураан менен чыккан элдик кыймыл Европанын таасирин толук тазалоого жетишкен жок.
Ошондуктан Франция миграция маселеси сыяктуу айрым темаларды атайылап көтөрүп чыгып жатат. Ал азыр өкмөттө орун алган ашынган оңчул күчтөрдүн бар экендигин пайдаланып, Алжирге басым кылууда. Анын негизги максаты: өзүнүн кызыкчылыктарына жана таасирине доо кетирбөө. Бул айрыкча, Алжирде жүрүп жаткан ири саясий жана маданий өзгөрүүлөр фонунда болуп жатат. Анткени Алжир акыркы жылдары колонизаторлук доору менен тыгыз байланышта болгон француз тилине болгон көз карандылыкты азайтууга аракет кылууда.
Өлкөдө араб жана англис тилдерин билим берүү системасында жана расмий мекемелерде кеңири колдонууга басым жасалып жатат. Мисалы, мектептерде жана университеттерде англис тилин окутуу программаларына киргизүү ачык көрүнүп турат. Мындан тышкары, айрым депутаттар Улуттук Парламентке мыйзамдык демилге катары расмий гезитти французча эмес, толугу менен араб тилинде гана чыгаруу сунушун даярдап жатышат. Бул кадам Франция тарабынан өзүнүн Алжирдеги маданий таасиринин төмөндөшү катары кабыл алынып, анын катуу нааразылыгын жаратты. Анткени Франция бул өзгөрүүнү өзүнүн салттуу таасиринен айрылуу катары көрүүдө.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелер да солгундап баратат. Себеби Алжир өзүнө жаңы өнөктөштөрдү табууга аракет кылууда. Мисалы, Кытай менен Алжир өз ара пайдалуу кызматташуу принцибине негизделген мамиле курууну көздөйт. Франция болсо, айрыкча Орусиянын Украинага болгон баскынчылыгынан кийин, Европанын Алжир мунайы менен газына болгон көз карандылыгы арткан шартта, өзүнүн энергетикалык кызыкчылыктарына зыян келүүсүнөн коркуп жатат.
Франция 2024-жылы Алжирдин суюлтулган мунай жана газын эң көп импорттогон өлкөлөрдүн арасында экинчи орунда турат. 2025-жылдын январь жана февраль айларында да ошол эле деңгээлде калды. Айрыкча, ал Европанын ичинде суюлтулган газга эң көп таянган өлкө болуп саналат. 2024-жылы анын импорту 18.52 миллион тоннаны түзгөн. Ушундан улам, Франция өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарына коркунуч туулду деп эсептеген сайын, басымы да күчөй берет.
Мындай шартта, Франциянын колониялык эзүүсүнө каршы миллиондогон шейиттерин берген, адам ресурсуна жана жаратылыш байлыктарына бай, ошондой эле даңазалуу ислам тарыхына ээ болгон Алжир сыяктуу өлкө чет элдик таасирдин бардык түрлөрүн тазалашы керек. Алжир Түндүк Африкадагы зулумдук, колонизаторлуктун мурасы болгон диктатуралык башкарууну кулатып, анын ордуна үммөттүн улуу долбоору экинчи рошид Халифалыкты курууга негиз боло алат.
Доктор Асад ал-Ужайли