Жыйырманчы кылымдын баатыры

104
0

Жыйырманчы кылымдын баатыры

Бул баатыр тууралуу окуяны айрым чини жана жылдыздары бар аскер жетекчилер окушу сунушталат. Учурда Газада геноцид кылынып жаткан мусулмандарды көрүп туруп, өзүнүн сүкүт сактап турушунан уялып калса ажеп эмес.

1940-жылы бир гана адамды жок кылуу үчүн учурунун кудуреттүү державалары Кытай менен Советтер союзу аскерлерин аттандырды. Кытай менен Россиядай державаны тиш-тырмагына чейин куралданган 300 миң аскерин жиберүүгө мажбур кылган инсан ким болгон?

Ал Ислам үммөтүнүн тарыхынан атайын өчүрүлүп жиберилген баатыр уулдарынын бири Усман баатыр Ислам уулу.

Ошондо Кытай менен Советтер союзу мусулмандарды моюн сундуруу үчүн Чыгыш Түркистанды басып алып, кыргын, талап-тоноо, намыска кол салуу сыяктуу эң жийиркеничтүү кылмыштарды жасашкан. Мылтык, кылыч, а түгүл аңчылык бычагын көтөрө алган ар бир адамды камакка алышчу.

Бирок, баатыр деп таанылган Усман баскынчыларга тизе бүгүүнү каалаган эмес. Колуна курал алып, тоо боорунда жашоону тандаган жана ушул аймакта мусулмандардын биригишин алдын алуу үчүн бастырып кирген душман коалициясына каршы согушкан…

Усман өзүнүн согуштук стратегия жана жөндөмү менен таанылган. Маселен, душманга тузак коюунун укмуштуудай жолдорун ойлоп тапкан. Анын тузактары ушундай тартипте болгон дейсиң, ага биринчи душмандын эң алдындагы активдүү взоду түшкөн… Кийин аларды куткарууга келген отряд дагы башка жашыруун тузактын курмандыгына айланган. Ушул жашыруун стратегия токтоосуз уланып, душмандын армиясынын баары мындай тузактардан коркууга түшөт…

Усман жана анын кошуунунан коркуу ушунчалык даражага жетип, орус жана кытай армиясы алардын жетекчилерине пара сунуштоого мажбур болушат. Муну алар Усман баатыр жана анын жолдоштору согушуп жаткан аймактан чегинип туруусу үчүн бермекчи болушат. А түгүл, кытайлык командир түшкүндүккө түшүп мындай деген: «Кимде-ким Усмандын тирүү же өлүк башын алып келсе, ага өз аялымды 70 күнгө тартуу кылам, аны менен каалаганын кылат». Бирок анын аялы качып кетип, мусулмандар лагерине өтүп алат жана ал жерде мусулмандардын армиясындагы ахлакты көрүп, Исламды кабыл кылат. Кийин аял Усмандын командачыларынын бирине турмушка чыгат жана мусулмандар менен урматы тебеленбеген абалда сый менен турмуш өткөрөт.

Усмандын лагери калк арасында абдан жогору абройго ээ болот. Себеби, адамдар алардан зулумдук көрүшпөгөн. Аялдар, балдар, карыялар зулумдукту эмес, тескерисинче, исламий согуштун ахлагына күбө болушат.

Кол башчы Усман тууралуу «Туркистон түндөрү» китебинде абдан так жана көркөм көрүнүштө айтылган: «Усман баатыр салабаттуу, калың сакалдуу, узун муруттуу, кең жана терең пикирлүү жигит эле. Тоонун ызгаардуу суугу себептүү калың кийинип жүргөн. Тоолорду титиреткен урааны Аллаху Акбар, Аллаху Акбар болгон».

Усмандын, кайраттуулук жана баатырлыгын кыянатчылыктан башка нерсе сындыра албайт эле. Анын аскерлери арасында бир саткын душманга анын жайгашкан лагери тууралуу маалымат берген. Ошондо Кытай сан-санаксыз кошуун менен ошол жерге чабуул коет… Усман ошол жырткыч салгылашта өзүнүн эки жүз мужахиди менен бирге душманга каршылык көрсөткөн. Акыры тулпары жыгылып, Усмандын кылычы колдон түшөт. Канжары менен согушат жана акырында жаракат алып жыгылат…

1951-жылы Усман баатыр туткунга түшөт. Ошондо да тизе бүкпөй, өлүмдү улуулук, кадыр-баркы жана такбир-тахлилдер менен тосуп алат. Душман анын мурун жана кулактарын кесип таштайт, кудум Алланын арстаны Хамза ибн Абдулмутталибге кылынганы сыяктуу. Усман тээ жаны үзүлгөнгө чейин Аллаху Акбар деп кыйкырып турду…

Бул кабар энесине жетип келгенде сыймыктануу менен «мен аны ушул күн үчүн тарбиялагам», деди. Усман баатырды жана анын баатыр жоокерлерин Аллах рахматына алсын. Мына ушундай кайраттуу, эр жүрөк уулду төрөп, тарбиялаган энесин да Өз ырайымына алсын.

(Бул сүрөт Усмандын канкор Кытай армиясы тарабынан туткунга алынышынан мурдагы абалы).

Булак: Мухаммадкасым Амин Туркистонийдин «Түркистондун айрым эр кишилери» китеби. Доктор Мухаммадмуса Шарифтин «Унутулган мужахиддер» китеби.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here