Суу ресурстарын көзөмөлдөө колониализмдин дагы бир көрүнүшү

40
0

Суу ресурстарын көзөмөлдөө колониализмдин дагы бир көрүнүшү

Байыркы замандардан бери Борбор Азиянын өнүгүшү дыйканчылык, андагы сугат маселеси менен тыгыз байланышта болуп келген. Бул көйгөйдүн актуалдуулугу бүгүнкү күндө да жогору. Казакстандын түндүк аймактарын эсепке албаганда, региондун дээрлик бардык айыл чарбасы атайын сугат иштерине муктаж. Айыл чарба өндүрүшү региондун экономикасында негизги орунду ээлеп, калктын басымдуу бөлүгүн элеттиктер түзөт.

Сугат мезгили башталган сайын, региондо суу маселеси курчуп, талаш-талкуулар уланып келет. Айыл чарба азыктарын керектөө өскөн сайын, сугат суусуна болгон муктаждык дагы да артууда. Мисалы, Өзбекстанда айыл чарба тармагы суу ресурстарынын 90–92 пайызын пайдаланып, өндүрүш жана күнүмдүк турмуш үчүн болгону 4% гана колдонулат.

Борбор Азия суу көйгөйүн регионго каапыр-колонизаторлор үстөмдүк кыла баштагандан бери жон териси менен сезип келишүүдө. Адатта, бул тоолуу өлкөлөр мөңгүлөрдөн агып чыккан суу корлорун мурастап калышкан. Бул артыкчылыкты пайдаланып, алар суу маселесин мамлекеттер аралык сооданын жана басым көрсөтүүнүн объектисине айлантышкан. Өрөөндө жайгашкан өлкөлөр төмөн тараптагылардын сунуштарын четке кагып, суу ээси катары бул ресурсту саясий шантаж жолунда колдонуп келишкен.

Сугат суусунун жетишсиздиги региондогу чоң чыңалууга себеп болууда. Бул маселе келечекте Борбор Азияда ачык кагылышууларга алып келиши мүмкүн. Чыр-чатактар Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда гана эмес, коңшу өлкөлөр менен да чыгууда. Мисалы, Кытай Кара-Иртыш дарыясы боюнча ири долбоорлорду ишке ашырып, Казакстан менен Орусиянын кызыкчылыктарына доо кетирүүдө.

Ошондой эле Аму дарыясы боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Талиб өкмөтү болсо коңшу мамлекеттерди тынчсыздандырууда. АКШнын каржылык колдоосу менен Түндүк Афганистанда курулуп жаткан Коштепе каналы Аму дарыянын агымын азайтууда. Долбоордун үч баскычы аяктагандан кийин, бул канал дарыянын кеминде 15% суусун өзүнө алат. Маселе суу каналында эмес, Кабулдун коңшу мамлекеттердин кызыкчылыгын эске албастыгында.

Борбор Азия мамлекеттери чыңалууга карабастан, диалог аркылуу чечим издөөдө. Эми маселе Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Талибан өкмөтү менен байланыш түзө алышында. Буга кадам таштоонун бирден-бир жолу Талибандын террордук уюмдар тизмесинен чыгарылышы жана соода байланыштарын жолго коюу эле. Бирок бул абалды колонизатор күчтөр татаалдаштырууда. Алар маселенин чечилишине жардам берүүнүн ордуна, суу маселеси аркылуу региондогу карама-каршылыктарды күчөтүүгө аракет кылууда. Натыйжада, суу темасы Борбор Азия үчүн акыркы отуз жылдагы эң чоң көйгөйгө айланды.

Суу ресурстарын бөлүштүрүүдөгү теңсалмаксыздык Борбор Азия мамлекеттеринин пикирин эске албай, ачык талкуусуз жана ымаласыз каржыланган ири суу долбоорлордун натыйжасы. Мындай аракеттер Аму дарыя бассейниндеги өлкөлөрдүн ортосунда чыңалууга алып келүүдө. Бул жерде АКШнын жана USAID сыяктуу негизги каржылоочу институттардын долбоорлору өзгөчө роль ойнойт.

Экинчи жагынан, Россия да өз долбоорлорун алдыга сүрөп, Кыргызстан менен Тажикстандагы ГЭСтерди курууга катышарын убада кылууда. Мисалы, Рогун ГЭСине катышууга кызыктар. Өзбекстан менен Тажикстан ортосунда бир катар макулдашуулар болгонуна карабастан, Кремл шантаж ыкмаларын колдонуп келет. Региондо саясий же экономикалык карама-каршылыктар жаралганда, Россия суу агымын бөгөп, Казакстан менен Өзбекстан сыяктуу дарыянын төмөн жагындагы өлкөлөрдү кризиске кептеген учурлар көп кездешет. Андан соң Россия адаттагыдай, Мирзиеев же Токаевге айрым жеңилдиктерди беримиш этип, саясий лидерлик позициясын сактап калуу аракетин көрөт. Ошентип, суу ресурстарына муктаж болгон өлкөлөрдү кысымга алуу үчүн курулуп жаткан ГЭС долбоорлору Россия үчүн келечекте пайдалуу куралга айланат.

Борбор Азия — үч ядролук мамлекет (Россия, Кытай, Пакистан) менен чектешип, Индияга жакын жайгашкан, дүйнөдөгү эң ири беш экономиканын үчөөсү (Кытай, Индия, Россия) менен чек аралаш аймак. Ошондуктан, суу ресурстары үстүнөн көзөмөл жүргүзүү дүйнөлүк геосаясий үстөмдүккө жетүүнүн куралы болуп калды. Пакистан менен Иран сыяктуу мусулман өлкөлөрүн да эске алганда, регионду көзөмөлдөө колонизаторлор үчүн абдан маанилүү максат экенин көрөбүз.

Бул саясат региондогу мамлекеттерди бири-бирине каршы коюу. Бул узак оюн жана маселени талдоодо, аны чечүү жолдорун издөөдө муну эске алуу зарыл. Колониалдык Батыш жана Россия Борбор Азиядагы суу маселесине кийлигишүүнү токтотпойт. Өздөрүнүн аракеттерин көмөк көрсөтүү, электр энергиясынын тартыштыгын чечүү маскасы артында кылат. Бирок көп тараптуу ресурстарды бөлүштүрүүдө калыс механизмдерди колдоонун ордуна, жашыруун келишимдерге барып, ири курулуштарды жүргүзүшөт. Бул жараяндар региондогу бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске албайт.

1990-жылдардын башынан бери иштеп келе жаткан суу дипломатиясын жөнгө салган Аймактагы суу чарба тармагын координациялоочу өкмөттөр аралык комиссия (МКВК) натыйжасыз экенин көрсөттү. Комиссия жыл сайын Сыр-Дарыя жана Аму-Дарыянын суу квоталарын макулдашуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бирок Афганистандын бул процесске катышпай келиши комиссиянын таасирин төмөндөтүүдө. Кабулдун Аму-Дарыяга тийгизген таасири, Афганистан менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдердин жоктугуна байланыштуу. Буга кошумча Кытай менен Казакстандын ортосундагы татаал суу мамилелери, мунун баары колонизаторлор үчүн жаңы чыр-чатактарга шарт түзөт.

Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшү тоо мөңгүлөрүнүн азайышына алып келип, региондогу негизги дарыялардын агымын азайтууда. Анын үстүнө колдо бар суу ресурстарын туура эмес пайдалануу жана бөлүштүрүү дагы кошумча көйгөй.

Борбор Азия мамлекеттери диалог жүргүзүүгө аракет кылып жатышканы менен жетишсиз болууда. Регионго суу маселесин жөнгө салуу үчүн түпкү чечимдер талап кылынат. Афганистанды кошуп, бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алган чечимдер керек. Суу ресурстары колонизаторлор тарабынан басым көрсөтүүнүн куралы болуп кала берүүдө. Мындай шартта Борбор Азия мамлекеттеринен саясий сактык жана биримдик талап кылынат. Бирок капиталисттик система шартында бул биримдикти элестетүү өтө кыйын.

Аралды сактап калуу боюнча эл аралык фонд жана МКВК сыяктуу институттардын натыйжасыз экенин моюнга алуу зарыл. Бул уюмдар көзөмөлдүн жана башкаруунун иштен чыккан моделдери. Эгерде мамлекеттер өз ара бөлүнүп, ар ким өз кызыкчылыгын көздөй бере турган болсо, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана суу пайдаланууну оптималдаштыруу да натыйжа бербейт. Колонизатор капиталисттер сунуш кылган инновациялар регионду бириктирүүгө эмес, тескерисинче, аларды бөлүп жарып, өз кызыкчылыгына иштетүүгө кызмат кылат. Демек, региондогу бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алган, натыйжалуу кызматташуу механизмдерин түзүү зарыл.

Суу көйгөйүн чечүү үчүн маселенин тамырына карап, өзөгүнөн чечүү керек. Анын тамыры колонизатор державалардын үстөмдүгү. Алар алсыз мамлекеттердин муктаждыктары жана кызыкчылыктарын пайдаланып, аларды көз каранды абалда кармап, бөлүп-жаруу саясатын жүргүзүп келишет. Маселенин өзөгү — ислам жерлеринин колонизаторлор тарабынан бөлүп жиберишинде. Ар бир исламий өлкө колониализмдин курмандыгы жана ушу күнгө чейин каапырлардын тил бириктирүүлөрүнөн жана кара өзгөй пландарынан жапа чегип келет.

Маселенин чечими жашыруун сыр эмес. Анын чечими – колонизаторлор келгенге чейин эле биримдикти сактаган, Ислам негиздерине таянган, бардык тармактарды камтыган, адилеттүү башкарууга негизделген бирдиктүү мамлекетти түзүү. Эгер бул мамлекеттер бир административдик жана саясий түзүмгө бириксе, ресурстарды тең бөлүшүп, көптөгөн көйгөйлөрдү биргеликте чечип кетишет. Бул биригүүнүн огу бышып жеткен исламий аң-сезимдин пайда болуусу.

Пайгамбар (САВ) айткан: «Адамдар үч нерседе шерик: суу, жайыт жана от».

Демек, мусулман элдер энергетикада биргелешип иш алып барса болот. Бул дегени ар бири өз муктаждыгын эске алуу менен ГЭС аркылуу энергия өндүрө алат. Ошондой эле Пайгамбар (САВ) айткан:

«…Өзүңө жеткидей ал, калганын коңшуңа бер». Бул сөздөр өрөөнүндөгүлөрдүн (суу башындагылардын) жоопкерчилигин күчөтөт. Төмөн жактагы мамлекеттер толугу менен тоолуу аймактардан чыккан сууларга көз каранды. Ошондуктан саясий жана административдик биримдик алардын мамилесин бекемдейт. Суу маселеси бирдиктүү, ислам идеологиясына жана шариат мыйзамдарына негизделген мамлекетсиз чечилиши мүмкүн эмес. Мындай башкаруудагы мамлекет айыл чарбасын реформалоо менен бирге заманбап технологияларды колдонуп, сууну үнөмдөөчү ыкмаларды ишке салып, болушунча көп түшүм алууну камсыздайт. Ар бир шаарга, айылга ичүүчү жана сугат суусун жеткирип бере ала турган заманбап технологиялар мусулмандардын эле эмес, ар бир адамдын, жарандын муктаждыгын камсыздайт.

Демек, суу маселесинин түпкү чечими Халифалык мамлекетинин түптөлүшүндө, ал өз табиятына ылайык саясий жана экономикалык таңкыстыктан алыс, күчтүү жана бирдиктүү башкарууга негизделген түзүм.

Латыфуль Расых

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here