Басма сөз баянаты
Халифалык боюнча ийгиликтүү конференция миңдеген адамды өзүнө тартты
«Дүйнө бурулушта: идеологиялык кризис жана келечекке жол» деген темада өткөн Халифалык конференциясына жүздөгөн адам жандуу катышып, дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген адам онлайн түрүндө түз эфир аркылуу көрүштү. Бул жыйын Батыштын адилеттүүлүк, эркиндик жана адамдык ар-намыс тууралуу дооматтарына жана карама-каршылыктарга жооп берүү максатында өткөрүлдү. Лос-Анжелестеги спутник аркылуу уюштурулган кошумча иш-чара бул жыйындын чагылдырылышын дагы кеңейтти.
Жыйын Батыштын тандалма эркиндик түшүнүгүнө жана саясий-коомдук турмушта Алланын көрсөтмөсүнөн баш тартуунун кесепеттерине баа берүү үчүн философтор менен адистерди бириктирди. Катышуучулар үммөттү бириктире турган жана анын аброюн көтөрө турган исламий жашоо тутумуна кайтууга чакырган таасирдүү баяндамачыларды угушту.
Жыйындын ачылышын устаз Харис Абу Нурин «Беткапты чечүү: Батыш баалуулуктары тууралуу дооматтардагы карама-каршылыктар» аттуу баяндамасы менен баштап, демократиялык ураандар цензураны, согуш кылмыштарын жана зомбулукту жаап-жашыруу үчүн кандайча колдонуларын ачып берди. Ал маалыматтык манипуляция жана социалдык тармактарды чектөө Батышта яхудийлерди коргоо үчүн колдонулуп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда Газада журналисттер өлтүрүлүп, Америкада студенттер кыянатчы түзүмдү сындаганы үчүн коопсуздук органдары тарабынан кармалып, жоголуп жатышат.
Андан кийин доктор Абдур-Раффа Газадагы камоо шартындагы саламаттыкты сактоо тууралуу баяндама жасады. Ал Газадагы жарадарларды дарылоо тажрыйбасына таянып, саламаттык сактоо инфраструктурасынын толук кыйрашын сүрөттөп берди. Балдар жалпы анестезиясыз буту-колунан ажыратылууга аргасыз болууда. Анын айтымында, мындай азап капысынан келип чыккан эмес, тескерисинче бул сырттан колдоого алынган атайын саясий чечимдердин жана курчоонун натыйжасы.
Жыйын соңунда доктор Мухаммад Абдулла «Америкадагы мусулмандар: Кантип алдыга жылсак болот?» деген темада баяндама жасап, мусулмандарды жамаъий саясаттан жана улуттук чек аралардан чыгып, өздөрүнүн исламдык шахсиясына кайтууга чакырды. Ал адамзат чыгарган жана ийгиликке жетпеген системаларды четке кагууга, бардык адамдар үчүн адилеттүүлүктү камсыздап, мусулмандарды бир туугандык желеги алдында бириктире турган Аллах түшүргөн Ислам түзүмүнө кайтууга үндөдү.
Бул жыйын Америка менен чектелбеген билдирүүнү жолдоду. Анда Батыштагы жана дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды жашап жаткан доору тууралуу ой жүгүртүүгө чакыруу болду. Эми унчукпай туруу мезгили өттү. Үммөт өзү уюшуп, ачык сүйлөп, бекем чечкиндүүлүк менен аракет кылууга тийиш. Аллах Таала мындай дейт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ كُونُواْ قَوَّامِينَ بِالْقِسْطِ شُهَدَاء لِلّهِ وَلَوْ عَلَى أَنفُسِكُمْ أَوِ الْوَالِدَيْنِ وَالْأَقْرَبِينَ﴾
«Эй момундар, адилет менен туруп, ошондой эле өзүңөргө каршы, же ата-эне жана тууган-уруктарыңарга каршы болсо да, Алла үчүн туура күбөлүк берүүчү болгула!» (Ниса сүрөсү, 135-аят)
Жыйын дүйнөдө чечимдер жок эмес экенин, бирок тоскоолдук чындыкты, башкача айтканда, Исламды четке кагуу экенин белгиледи. Биздин милдет ушул чындыкты көтөрүп чыгуу, үммөттү көтөрүү жана Аллахтын рахматын дүйнөгө жайылтуу.
﴿كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللهِ﴾
«(Эй Мухаммаддын үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер». (Али Имран сүрөсү, 110-аят)
Хизб-ут-Тахрирдин Америка вилаятындагы маалымат бөлүмү
05.04.2025