Никабчан муслималар мамлекеттик мекемелерге киргизилбейт
18-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик Бишкек шаарында жыйын өткөрдү. Муниципалдык органдардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана дин кызматкерлери катышкан бул иш-чарада жүзүн жаап жүргөн адамдарга байланыштуу маселелер каралды. Жыйында «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» кабыл алынган жаңы мыйзамдын алкагында жүзүн жаап жүргөн адамдар эми мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбеши, бул талапты бузган учурда айып пул салынары айтылды.
Динге каршы багыттагы бул «Дин тутуу» жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы күжүрмөндүк менен алып барылууда. Бул мыйзамдын алкагында негизинен эшик кагып даават кылууга тыюу салынып, мечит жана медреселердин санын чектөөгө шарттар коюлуп, Исламий билим алууга да чектөөлөр киризилген. Аларга катар никабга тыюу салынды. Эми никабчан муслималар мамлекеттик мекемелерге да киргизилбей тургандыгы айтылууда.
Бийлик никаб маселесинде жүйө катары Муфтияттын чечимин көрсөтүүдө. Ал эми муфтияттагылар никабдын тыюу салынышы «коопсуздукту сактоо үчүн зарыл, анан да бизге бул жат көрүнүш» деп жатышат. Бирок, өзгөчө баса белгилөө керек, ошол эле «аалымдар» никабды «мустахаб амал» деп айтышат. Башкача айтканда, аткарса мактала турган амал. Кызыгы, кийим маселесинде коомубузда канчалаган харам көрүнүштөр жайылып жатат, бирок муфтияттагылар өзүлөрү «мустахаб» деген амалдын тыюу салынышына жол беришүүдө, кудум харамга тыюу салып жатышкандай.
Жүйө катары көрсөтүлгөн «коопсуздук», «жат көрүнүш» деген нерселер да бир шылтоо гана. Бүгүнкү күндөгү коопсуздук чаралары, өзгөчө видео көзөмөл жана башка системалар адамды аныктап табууга эч бир тоскоолук жаратпайт. Ал тургай, маска тагып алып кылмыш жасаган кылмышкерлер эртеси күнү эле кармалып жатканы маалымат каражаттарында байма-бай эле чыгып жатат. Андыктан никаб кийүү эч кандай маселе жаратпайт.
Эми бийликтин кызыкчылыгы үчүн фатва чыгарып берген “аалымдарга” суроо туулат. Биздин өлкөдө башка улуттагы мусулман боордошторубуз жашашат. Алардын абалы кандай болот? Себеби алардын кээ биринде никаб важип болсо, айрымдары үчүн илгертен келе жаткан үрп-адат, абийир, намыс болуп эсептелет. Эч болбосо алардын акы-укугу эсепке алындыбы?!
Буга кошумча, мужтахиддер арасында никаб маселеси ихтилафтуу болуп, кээ бири важип десе, кээ бири мубах дешкен, кээ бири мустахаб деген райды карманат. Важиб деп айткан аалымды ээрчип жүргөн муслималар эмне кылышат? Же бийликтин акылынан чыгарылган коопсуздук шылтоосу үчүн важип амалын ташташабы?
Жыйынтыктап айтканда, никабга карата чектөөлөр динге каршы кабыл алынган бул мыйзамдын бир бөлүгү гана. Бул мыйзамда дагы көптөгөн чектөөлөр каралган. Өкүнүчтүүсү, бул мыйзамдын кабыл алынышына, аткарылышына аалым делген адамдар «ак батасын» берип жатканы. Андыктан, мусулмандар мындай чектөөлөргө ар-намыс маселеси катары катуу каршы турушубуз шарт!
Харун Абдулхак