Жамгырдын мисалы

38
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жамгырдын мисалы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Муслим Аллах аны ырайымына алсын өзүнүн “Сахихинде” риваят кылган хадисте айтылат:

حَدَّثَنَا أَبُو بَكْرِ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ وَأَبُو عَامِرٍ الْأَشْعَرِيُّ وَمُحَمَّدُ بْنُ الْعَلَاءِ وَاللَّفْظُ لِأَبِي عَامِرٍ قَالُوا حَدَّثَنَا أَبُو أُسَامَةَ عَنْ بُرَيْدٍ عَنْ أَبِي بُرْدَةَ عَنْ أَبِي مُوسَى عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ إِنَّ مَثَلَ مَا بَعَثَنِيَ اللَّهُ بِهِ عَزَّ وَجَلَّ مِنْ الْهُدَى وَالْعِلْمِ كَمَثَلِ غَيْثٍ أَصَابَ أَرْضًا فَكَانَتْ مِنْهَا طَائِفَةٌ طَيِّبَةٌ قَبِلَتْ الْمَاءَ فَأَنْبَتَتْ الْكَلَأَ وَالْعُشْبَ الْكَثِيرَ وَكَانَ مِنْهَا أَجَادِبُ أَمْسَكَتْ الْمَاءَ فَنَفَعَ اللَّهُ بِهَا النَّاسَ فَشَرِبُوا مِنْهَا وَسَقَوْا وَرَعَوْا وَأَصَابَ طَائِفَةً مِنْهَا أُخْرَى إِنَّمَا هِيَ قِيعَانٌ لَا تُمْسِكُ مَاءً وَلَا تُنْبِتُ كَلَأً فَذَلِكَ مَثَلُ مَنْ فَقُهَ فِي دِينِ اللَّهِ وَنَفَعَهُ بِمَا بَعَثَنِيَ اللَّهُ بِهِ فَعَلِمَ وَعَلَّمَ وَمَثَلُ مَنْ لَمْ يَرْفَعْ بِذَلِكَ رَأْسًا وَلَمْ يَقْبَلْ هُدَى اللَّهِ الَّذِي أُرْسِلْتُ بِهِ

Бизге Абу Бакр ибн Абу Шайба Абу Мусадан риваят кылды,  Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: “Чындыгында, Алла Тааланын мени хидаят жана илим менен жибергенинин мисалы жерге жааган жамгырдын мисалы сыяктуу. Жердин бир бөлүгү жакшы болуп, сууну кабыл алып, чөптөрдү жана эгин зарларды, жайытты мол өстүрөт. Бул Аллахтын динин түшүнгөн жана Аллах мени жиберген нерседен пайда көргөн, үйрөнгөн жана үйрөткөн адамдын мисалы. Ал эми жердин бир бөлүгү какыраган болуп сууну кармап турат, Аллах ал аркылуу элге пайда берет, адамдар андан суу ичишип малдарын сугарышып ага жайышат. Булар илимди жаттап сактап, өздөрүнөн  башкаларга өткөрүп берген адамдын мисалы.  Ал эми  сууну кармабаган, чөп чыгарбаган бош түздүк жердин мисалы мен аркылуу жөнөтүлгөн Аллахтын хидаятын кабыл албаган адамга окшойт”.

Ан-Нававинин түшүндүрмөсүндө:

غَيْثٍ жамгыр, الْكَلَأَ وَالْعُشْبَ өсүмдүктөрдүн аттары, чөп жана жайыт, нымдуу чөп менен чектелген. Кээ бир аалымдар (الْكَلَأَ) кургак жана нымдуу чөптөрдү камтыйт дешкен. Ал эми (الْأَجَادِب) какыраган дегенди Аль-Хаттаби: “Бул сууну кармап, бат кургабай турган жер”, – деди. Казы айтты: “Какыраган түшүмдүүлүктүн карама-каршысы”. Ал эми ( الْقِيعَانُ ): “Тегиз жер түздүктү түшүндүрөт. Ал жерде эч кандай өсүмдүк жок. Асмаи айтты: “Үйдүн короосу, анын ичи”.

Ан-Навави (Аллах аны ырайымына алсын) айтты:

Ал эми хадистин мааниси жана максаты тууралуу айта турган болсок, Пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам  алып келген хидаятты жамгыр менен салыштыруу. Бул жер үч түрдүү экенин билдирет. Ошондой эле адамдар  дагы үч түргө бөлүнөт. Биринчи типтеги жерлер жамгырдан пайда көрөт, ошондуктан ал өлгөндөн кийин кайра тирилет жана чөп өсөт, ал адамдарга, жаныбарларга, эгиндерге жана башкаларга пайдалуу. Анын сыңарындай эле, биринчи типтеги адамдар хидаят жана илим алышат, ошондуктан аны жаттап аны менен жүрөктөрүн жандантат. Алар ага амал кылышат жана аны башкаларга үйрөтүшөт, алар андан пайда алышат.

Экинчи түрдөгү жер – өзүнө пайданы кабыл албаган, бирок анын ичинде пайда бар, башкача айтканда өзү сууну кабыл албайт, башкаларга сууну кармайт, андан адамдар жана жаныбарлар пайда көрөт. Ошондой эле, экинчи түрдөгү адамдардын жүрөктөрү илимди сактайт, бирок алардын бул тууралуу терең түшүнүгү жок, маани жана өкүмдөрдү истинбат кылып чыгаруу үчүн ижтихад кылышпайт. Алар ижтихадга амал кылууга умтулушпайт, ошондуктан колундагы илимге суусаган муктаж илим алуучу келгенге чейин жаттап алган болушат. Ал илим алуучулар пайда көрүүгө татыктуу болушат, ошондуктан алардан илим алат жана андан пайда көрөт. Булар алгандарынан пайда көргөндөр.

Үчүнчү типтеги жер – бул өсүмдүктөрдү жана ушул сыяктууларды өстүрбөйт. Ал суудан пайда көрбөйт, башкалар үчүн да сууну сактабайт. Ошол сыяктуу эле, үчүнчү типтеги адамдарда да илимди сактай турган жүрөктөрү жана баамдоочу акылдары жок. Алар илим укканда андан пайда көрүшпөйт, башкаларга пайда келтириш үчүн аны жаттап да алышпайт. Эң туурасын Аллах билүүчү.

Ибн аль-Каййим (Аллах аны ырайымына алсын) “Аль-Вабил ас-Сайиб”де мындай деген:

“Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хидаят жана илим жагынан адамдарды үчкө бөлгөн:

Биринчи топ: Пайгамбарлардын мураскорлору жана халифалары (аларга Аллахтын салам-салаваттары болсун). Алар илимде, амалда жана Аллах Таалага жана Анын Элчисине (саллаллаху алейхи уа салламга) чакырууда динди ишке ашыргандар. Булар Расулулла (с.а.в)дын чыныгы жолдоочулары. Алар  жердин жакшысы сыяктуу сууну кабыл алып, чөптөрдү жана эгин зарларды жайытты мол өстүргөндүктөн, өзү да пайда алат, адамдар да ал аркылуу пайда алат. Мына ушулар динди түшүнүү ага чакыруу менен күч кубатты бириктирген адамдар. Демек, алар пайгамбарлардын мураскорлору, аларга (Аллахтын салам-салаваттары болсун). Бул түшүнүк чөп жана өсүмдүктөрдү мол өстүргөн жер сыяктуу жана бул нерсе бул топту айырмалап турган нерсе.

Экинчи топ: Алар нусустарды жаттап алышкан жана аларды сактоо жана анын тактыгына умтулушкан бирок өкүмдөрдү истинбат кылышкан эмес. Алар башка илим алуучу  адамдар  келип,  алардан илим алышты, алар алардан өкүмдөрдү истинбат кылышып, илимдин казынасын чыгарышты. Андан пайдаланып, айдоо жана өсүмдүк өстүрүүгө ылайыктуу жерге айлантышты жана ар ким өз муктаждыгына жараша андан ичишти.  {قَدْ عَلِمَ كُلُّ أُنَاسٍ مَشْرَبَهُمْ} { (бану Исраилдин) Ар бир тобу иче турган өз жерин (булагын) билишти.}

Булар жөнүндө Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деген:

((نَضَّرَ اللَّهُ امْرَءًا سَمِعَ مَقَالَتِي فَوَعَاهَا، فأَدَّاهَا كَمَا سَمِعَهَا، فَرُبَّ حَامِلِ فِقْهٍ غَيْرِ فَقِيهٍ، وَرُبَّ حَامِلِ فِقْهٍ إِلَى مَنْ هُوَ أَفْقَهُ مِنْهُ)).

“Менин сөзүмдү угуп, түшүнүп, уккандай жеткирген адамдын жүзүн Аллах нурлантсын. Фикхти көтөрүп, бирок факих болбошу мүмкүн, фикхти көтөрүүчү өзүнөн да факих бирөөгө жеткириши мүмкүн”.

Үммөт аалымы жана Курандын чечмелөөчүсү Абдуллах ибн Аббас. Пайгамбардан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) уккандарынын саны жыйырмадай хадиске жеткен эмес. Ал жөнүндө: “Мен уктум” жана “Мен көрдүм” дейт жана аны көптөгөн сахабалар укту жана дүйнөнү илим жана фикх менен толгонго чейин анын түшүнүгү жана истинбатчылыгы менен берекелүү болду.

Ибн Аббастын фатвалары, тафсирлери жана тыянактары Абу Хурайранын фатвалары жана тафсирлерине салыштырмалуу кайсы жерге туура келет?! Абу Хурайра ага караганда хафиз, жалпы үммөттүн эң хафизи. Хадисти уккандай айтып, түнү менен бирден сабак окучу. Анын камкордугу жаттоо жана жаттаганын уккандай жеткирүүгө багытталган. Ибн Аббастын амбициясы түшүнүүгө жана жыйынтык чыгарууга, тексттерди ачыкка чыгарууга истинбат кылууга, алардан дарыяларды бөлүүгө жана илимдин казынасын ачыкка чыгарууга арналган.

Бул топтогу адамдар экиге бөлүнөт:  Хафиздер (Жаттоочулар) бөлүгү, алар уккандай тактыкты сактоо жана айтуу менен алектенип, жаттаган нерселеринин казынасын чыгарышпайт жана истинбат кылышпайт. Факихтер бөлүгү тексттерден өкүм чыгаруу жана аларды түшүнүү истинбат кылуу менен алектенишет.

Үчүнчү топко келсек: Алар жаратылгандардын эң байкуштары, Аллахтын хидаятын кабыл албагандар жана аны менен баштарын көтөрбөгөндөр, ошондуктан алардын жаттоосу, түшүнүгү, баяны, илими жана камкордугу жок.

Биринчи топ: риваят жана илим ээлери.

Экинчи топ: риваят жана тактык адамдары жана алардын илимде үлүшү бар, негизи алардын риваятта үлүшү көбүрөөк.

Үчүнчү топ: баянсыз, билими жок, камкордугу жок байкуштар. {إِنْ هُمْ إِلاَّ كَالْأَنْعَامِ بَلْ هُمْ أَضَلُّ سَبِيلًا } Алар мал сыяктуу. Алар [өзүнүн] жолунда көбүрөөк адашуучулар. Дүйнөнү  тар кылып, бааны көтөргөндөр да ошолор. Аларды тынчсыздандырган нерсе курсагы жана уяттуу жерлери. Эгер алардын камы андан ашып кетсе, анда кийим жана жасалгалар алардын камына айланат. Эгер алардын амбициясы андан да жогорулай баштаса, анда алардын камы  лидерлик кылуу жана иттей нафсине жардам берүүгө өтөт. Эгер алардын  амбициясы иттей нафсты колдоодон жогорулай баштаса, анын камы жырткыч  нафсты колдоого өтөт. Ал эми таза нафс бул адамдардын бирине да берилген эмес.  Нафстын үч түрү бар: ит, жырткыч жана периштедей таза.

Иттик нафс сөөккө, тарпка, өлүктөргө, тезекке каниет кылат. Жырткыч нафс ага ыраазы болбостон, башка нафстарды моюн сундуруп, акыйкатка жалган менен үстөмдүк кылууга өтөт. Ал эми периштеникиндей таза нафс андан өйдө көтөрүлүп, эң жогорку даража үчүн жеңин түрөт. Анын камы илим, ыйман, Аллах Тааланы сүйүү, Ага кайрылуу жана Ага ишенүү. Ага ыраазы болуу жана Анын сүйүүсүн жана Анын ыраазылыгын артык көрүү. Ал бул дүйнөдөн өзүнүн Жаратуучусуна, Раббисине  жана Сактоочусуна жетүү үчүн өз даярдыгын көрөт. Жаратуучусунан ажырап калуудан коркот.

Аллах үчүн кымбаттууларым! Аллахтын бизге берген жакшылыктары көп, балким алардын эң чоңу жана эң негизгиси Ислам нематы. Бул өтө үлкөн бир жакшылык жана сыйлык, сый-урмат. Ал эми бизге тартууланган бул үлкөн жакшылыкты  түшүнүп, амал кылгандан кийин аны көтөрүп чыгып, элге жеткирүүбүз шарт. Аны менен пайгамбарлардын жана элчилердин миссиясын аткарган болобуз.  Ооба, менин сүйүктүү кымбатууларым. Аллах Таала: Ислам даъватын адамдарга  алып чыгуу үчүн бизди адамдар үчүн чыгарылган эң ​​жакшы үммөт катары жараткан.

Сүйүктүү бир туугандар!

Дааватты көтөрүүп чыгуу ар бирибизге важиб, убада кылынган халифалыкты тикелөө менен исламий жашоону кайра баштоого аракет кылуу – важиб. Түпкү максатка жетелей турган жеңүүчү топ менен биригип, Аллах Таала ар бир мусулманды тикелөө, коргоо жана коргоо үчүн аракет кылууну милдеттендирген Туура жолдогу Халифалык башкаруусу астында Аллахтын Китеби толук жана ар тараптуу ишке ашыруучу амалды аткаруу важиб. Аллах үчүн бул жакшылыктан куру калбагыла.

Урматтуу бир туугандар!

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 15-шаввал, 2025-ж, 13-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here