Эй Абу Умайр, канаттуу эмне кылды

39
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Эй Абу Умайр, канаттуу эмне кылды

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Сунан ат-Тирмизиде Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дан риваят кылынат.

حَدَّثَنَا عَبْدُ اللَّهِ بْنُ الْوَضَّاحِ الْكُوفِيُّ حَدَّثَنَا عَبْدُ اللَّهِ بْنُ إِدْرِيسَ عَنْ شُعْبَةَ عَنْ أَبِي التَّيَّاحِ عَنْ أَنَسٍ قَالَ: “إِنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَيُخَالِطُنَا حَتَّى إِنْ كَانَ لَيَقُولُ لِأَخٍ لِي صَغِيرٍ يَا أَبَا عُمَيْرٍ مَا فَعَلَ النُّغَيْرُ

Бизге  Куфийлик Абдуллах ибн аль-Ваззаах Анастан риваят кылды, ал айтты: Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) биз менен аралашып отурган. Ал зат кичинекей иниме: “Оо, Абу Умайр, кичинекей  чымчык (булбул) эмне кылды?” деп айта турганчалык жакын аралашчу.

Тирмизинин шархы “Тухфату Ахвазий”де ровийлерди ишенимдүү деп, “Биз менен  аралашып” дегенин жаш бала менен да тамашалап ойногончо аралашып кеткенин айткан. Кызыл тумшук таранчыдай кушту мадиналыктар булбул деп аташат. Бул Абу Умайрдын ойногон чымчыгы болчу. Ал өлүп калып Умайр кайгырып турганын көргөн Пайгамбар (с.а.в) анын көңүлүн көтөрүш үчүн аны лакап аты менен эй Умайр деп эркелетип, нугайр (өлүп калган кичинекей чымчык) эмне кылды? деп тамашалады.

Урматтуу бир туугандар!

Бул хадис эки нерсеге ишарат кылат: биринчиси, балага лакап ат коюунун мүмкүндүгү жана аны жакшы көрүп эркелетүү. О.э кичинекей бала менен ойноого жана аны тамашалоого түрткү берүү. Бул маселеде балдарга ырайымдуулук, мээримдүүлүк бар, балдарга мээримдүүлүк кылбоо оройлук жана катаалдык болуп эсептелет.

فعن أبي هريرة قال: “أبصر الأقرع بن حابس النبي صلى الله عليه وسلم وهو يُقَبِّل الحسن، قال ابن أبي عمر الحسين أو الحسن فقال: إن لي من الولد عشرة ما قبلت أحدا منهم، فقال رسول الله صلى الله عليه وسلم: إنه من لا يَرحم لا يرحم

Абу Хурайрадан риваяткылынат: “Аль-Акраъ ибн Хабис Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Хасанды өпкөнүн көрдү. Ибн Абу Умар: Аль-Хусейн же Хасан деген. Ал айтты: Менин он балам бар, алардын бирин да өпкөн эмесмин. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ким ырайым кылбаса ал ырайым кылынбайт”.

Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.

Аллах буйруса, келерки “асыл хадис менен” берүүбүздөн жоолугушууга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 13-шаввал

2025-ж, 11-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here