Сирия жана Түркия менен Яхудий түзүмүнүн ортосундагы чыңалуунун акыйкаты

53
0

Сирия жана Түркия менен Яхудий түзүмүнүн ортосундагы чыңалуунун акыйкаты

2025-жылдын 25-март күнү яҳудийлердин 12-каналы Нетаньяху Сириядагы Түркиянын таасиринин кеңейишинен улам коопсуздук кеңешмесин өткөргөнүн жана Анкара менен кагылышуу сөзсүз боло тургандай көрсөтүүгө аракет кылып жатканын кабарлады. Ал эми 2025-жылдын 27-март күнү “Рейтер” агенттиги сириялык жана чет өлкөлүк булактарга таянып, Сириянын президенти Ахмад аш-Шараъ Түркия президенти Эрдоган менен Сириянын чөлдүү аймактары болгон “аль-Бадияда” эки аскерий база курууга уруксат берген келишимге кол коюшары күтүлүп жатканын билдирди. Ошол эле күнү “Шаркуль Авсат” басылмасы Түркия Коргоо министрлигиндеги булагына таянып, “Түркия Сириядагы жаңы өкмөттүн талабына ылайык сирия армиясынын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө максатында машыгуу базасын түзүүнү карап жатат”, – деп маалымдады.

Яхудий түзүмүнүн премьер-министри билдиргендей, алар Жакынкы Чыгыштын жаңы картасын өздөрү түзүп жатышат. Бул аймакта, анын ичинде Сирияда да үстөмдүк кылууну каалашууда. Алар 1974-жылдагы келишимди бузуп, Голанга кирип, Дараа жана Дамасктын четине чейин жетип, Жабал аш-Шейх тоосун басып алышты. Андан тышкары, бул аймакка бир миллиард доллар каражат бөлөрүн жарыялап, ал жерде жашаган друздарга кам көрүп, алар менен байланыш түзүп, жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле, бул аймактагы күрд улутчул козголоңчуларды колдоорун да билдиришти. Мына ушундай шартта Түркиянын таасиринин “аль-Бадияга” чейин кеңейиши бул козголоңчуларга кысым көрсөтөт деп айтылууда.

Жаңы сириялык режим яхудий түзүмүнө каршы туруштук бере албай жатканын көрсөттү. Алар жихад жарыялабай, Аллага таянбай турушат. Анын үстүнө сириялык эл куралдуу жана 13 жылдан бери согуштук тажрыйбага ээ. Алар согуш шарттарына көнүп калышкан жана Яхудий түзүмүн Голандан кууп чыгып, Палестинаны бошотууга умтулуп жатышкан. Бирок азыркы режимдин жеңилип калган жетекчилери дүйнөгө берилип, заалымдар менен келишүүгө ыкташып, президенти Ахмад аш-Шараъ “Сирия чарчады, согушту каалабайт” деп билдирип, элинин духун сындырды жана өзүнүн алсыз экенин яхудийлерге көрсөтүп, аларды да үмүттөндүрдү. Анын тышкы иштер министри жана Дамасктын губернатору дагы Сирия яхудий түзүмү менен тынчтыкты каалап жатканын ачык айтышты.

Америка үчүн яхудий түзүмү – өзү тарбиялап өстүргөн күчү болгону менен – ал анын саясий багытына каршы чыгып, аймакта баш аламандык жаратып, үстөмдүк кылуусун каалабайт. Ошондуктан аны ооздуктоо зарыл. Сириядагы жаңы бийлик Америка берген көрсөтмөлөрдү аткарууга моюн сунду. Ушул себептен Түркиянын Сириядагы таасиринин кеңейиши, жаңы аскерий базалардын курулушу жана сириялык армияны машыктыруу тууралуу сөз козголууда. Себеби Түркия Сирияга 2016-жылы Америкадан келген көрсөтмө менен кирген жана ал жакта Американын макулдугу менен жүрөт.

Түркия режими 1949-жылы яхудий түзүмүн тааныган алгачкы режимдерден болуп саналат. Ошондон бери бул мамилени үзгүлтүккө учуратпай, Батыштын бир бөлүгү экенин жана өзү секулярдык, улутчул режим экенин далилдеп келе жатат. Ал аймактагы мусулмандардын башына түшкөн оор абалга кайдыгер болуп, болгону айыптоолор менен чектелип, элге митинг өткөрүүгө уруксат берүү аркылуу бугунун чыгышына шарт түзүп берет. Кээде яхудий түзүмүнүн аракеттерин айыптаса, кээде дипломатиялык мамилени төмөндөтөт, бирок алардын кандай кыргындарга барганына карабастан, алар менен мамилесин үзбөйт.

Түркия режимине таянуу – өтө кооптуу жана опурталдуу иш. Биринчиден, бул режим ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгын эмес, өзүнүн улуттук кызыкчылыгын көздөгөн секулярдык, улутчул режим. Экинчиден, ал Батыш менен, анын ичинде Америка жана Европанын багыты менен тыгыз байланышта жүрөт. Бул Батыш өз колу менен түзүп, колдоп турган яхудий түзүмүнүн өнөктөшү. Түркия мурда Британиянын таасиринде турган учурда 1956-жылдагы Мисирге каршы үчтүк чабуулду колдогон. Ал яхудий түзүмү Палестинаны, анын ичинде Аль-Кудсту басып алганы, мусулмандарды куугунтуктап, кууп чыгарганы менен, ар кыл тармактар боюнча келишимдерди түзө берген. Кийинчерээк Эрдоган доорунда Түркия Американын багытына өтүп, ошол эле саясатты улантты. Ал тургай, Газа элине “жардам беребиз” деп ишендирип, аларды үмүттөндүрүп коюп, акыры сатканын да көрдүк. Алар Түркияга ишенишкен, ал эми Түркия болсо бир да аскерин жибербеди, бир да ок атпады. Бул Американын буйругуна моюн сунганынан болду.

Түркия Сирия элине да кыянат кылды. Ал Орусия жана Иран менен “чыңалууну азайтуу” келишимине кол коюп, козголоңчуларды Идлибге камап, аларды алдап, Алепподон чыгарып жиберди да шаарды Орусия менен режимге өткөрүп берди. Муну менен ал да төгүлгөн кан үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды. Ошондой эле, ал зулумкор Башар Асадды оппозиция менен жараштырып, БУУнун Америка демилгелеген 2254-резолюциясын ишке ашырууга аракет кылды. Бирок Асад өзү дагы деле болсо Америка аны колдойт деп ойлоп, бул чечимди аткарууга ашыккан жок. Бул жаңылыштыгы Сауд Арабия жана башка араб өлкөлөрү аны 2023-жылдын 19-майында Жиддада өткөн саммитке жана 2024-жылдын 11-ноябрында Эр-Риядда өткөн Араб-Ислам саммитине чакырып, аны оппозиция менен жарашууга жана америкалык чечимди кабыл алууга үндөшкөн учурларда айкын болду. Бирок ал муну түшүнбөй, Эрдогандын чакырыктарына көңүл бурбай калды. Ал эми Эрдоган эски досу АКШнын көрсөтмөсүсүз эч качан өз алдынча чечим кабыл албастыгын унутуп койду. Ошентип, Асадга кысым көрсөтүү максатында козголоңчулар Идлибдин бардык аймагын көзөмөлгө алышты.

Сирия эли бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Дамаскка чейин жетишти. Андан соң Түркия, Америка жана башка тараптар бул реалдуулукту кабыл алууга аргасыз болушту. Ошондо Түркия жана кызыкдар тараптар Катарда жолугушуу өткөрүп, Асаддын коопсуз чыгып кетишин камсыздоону макулдашты. Анын ордуна Түркияга жана анын артындагы Америкага баш ийген Жоланий башында турган адамдарды бийликке алып келүүнү көздөштү.

Яхудий түзүмү аймакка жөн гана Европада куугунтукка алынган яҳудийлерди Палестинага жайгаштыруу үчүн эмес, Черчилл (Британиянын мурдагы премьер-министри) белгилегендей, бул түзүм Батыштын ислам дүйнөсүнүн жүрөгүндөгү алдыңкы аскерий, саясий базасы болсун деген максат менен негизделген. Британия бул идеяны баштап, чыңдады. Кийин Британиянын таасири азайганда, Американын таасири күчөп, ал бул идеяны толугу менен өз колуна алды жана яхудий түзүмүн бардык ыкмалар менен колдоп келүүдө.

Демек, ислам өлкөлөрүндөгү азыркы режимдер яхудий түзүмүн сактап калууга милдеттенишкен. Алар жасай ала турган эң чоң кадам Америка сунуштаган “эки мамлекет” чечимин талап кылуу гана. Бирок бул чечим яхудий түзүмүнө Палестинанын басымдуу бөлүгүн толугу менен бекемдөөгө шарт түзүп, палестиналыктарга анын аз гана бөлүгүндө аты бар мамлекет берүү менен чектелет.

Яхудий түзүмү Палестина элине гана коркунуч туудуруп, аларды жок кылуу жана жеринен сүрүп чыгаруу менен чектелбестен, бүткүл аймакка, анын ичинде Түркияга чейин коркунуч жаратат. Түркия болсо бул түзүмдүн “Нилден Евфратка чейин” деген кыялын жакшы түшүнөт. Бирок ага карабастан, яхудийлер менен согушка кирүү ниети жок. Анын армиясы Сириядагы базаларда жайгашкан бойдон калып, басып алган аймактардан Яхудий түзүмүн кууп чыгуу үчүн бир кадам да жылбайт. Ал эми Яхудийлер болсо басып алган аймактарда түбөлүк калууну жарыялап эле тим болбостон, аны кеңейтүүнү да көздөп жатышат.

Сирия эли жылдар бою режимге каршы күрөшүп, бир миллион шейитти курмандыкка берди, алар үй-жайларынан ажырап, жер которууга мажбур болушту. Согуш шарттарына да көнүп калышты. Эми болсо алардын милдети – ушул машыгууну пайдаланып, яхудий түзүмүнө каршы күрөштү улантуу. Алардын стратегиялык артыкчылыктары Газага караганда кеңири. Аларда Иордания, Анбар, Ливан, Анадолу жана деңиз сыяктуу кең мейкиндик бар. Алар Түркия режимине жана башка тараптарга таянбашы керек. Анткени ал режим бул элди мурда да сатып кеткен, революция жылдарында аларды соода объектиси кылып келген.

Алар Аллахка таянышсын. Исламды ишке ашырууга болгон чечкиндүүлүгүн жарыялашсын. Саясий жактан аң-сезимдүү, ак ниет адамдар менен биригип, Аллахка, Анын Элчисине ﷺ жана момундарга ишенген адамдар менен туу көтөрүшсүн. Алар Халифалыкты жарыялап, анын башкаруу системасын Аллахтын Китебинен жана Пайгамбарынын ﷺ  Сүннөтүнөн алынган негизде орнотушсун.

Асад Мансур

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here