Инсан чыгарган мыйзамдар күчтүүнүн пайдасына, күчсүздүн зыянына иштейт

29
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Инсан чыгарган мыйзамдар күчтүүнүн пайдасына, күчсүздүн зыянына иштейт

Мыйзам коомдун негиздеринин бири, анын туура болушу жана өз вазыйпасын толук аткарышы коомдун өнүгүүсү үчүн абдан зарыл. Мыйзам аткарылбаса, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөндөр т.а. жетекчилер, судя-прокурорлар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери баш болуп мыйзамдарды бузса, мындай коом өнүгүүгө барбайт, мындай коомдо акыйкат эмес, күчтүүлөргө жасакерленүү, кошоматчылык көбөйөт. Маселен: президент К. Бакиев эл каарманы эле, президенттиктен качып кеткенден кийин эл душманына айланды. Бул эки сыпат тең калктын баасы, кайсынысы туура?

Азыркы каармандар да мансабынан кеткенден кийин башкача баа берилет. Акыйкатты моюнга алуу оңой нерсе эмес, ал чыныгы эр жигиттердин иши. Өзүнө каршы болсо да, көпчүлүк каршылык кылса да акыйкатта бекем туруу, калктын пайдасына акыйкатты моюнга алуу үчүн “шер” жүрөк керек, ыйман керек. Акыйкат инсанга ийгилик алып келет, акыйкатты моюнга алуу инсандын кадырын түшүрбөйт, тескерисинче, аны андан да кадыр-барктуу инсанга айлантат. Маселен, Абу Бакр (р.а.) халифа болгондо 17 жаштагы Усама ибн Зайд Румга каршы чоң кошуундун командачысы болуп сапарга чыккан. Ал кезде Абу Бакр (р.а.) эң чоң жетекчи-биринчи халифа эле. Ошондо сахабалар: “Расулуллах (с.а.в.) көз жумгандан кийин муртаддар көбөйүүдө, мунафыктар баш көтөрүп калышты, оболу ички проблемаларыбызды чечип алалы, Усама жаш бала, Рум чоң душман, Усамадан улуураак, тажрыйбалуу мужахиддер бар го?!”, – деп Абу Бакрдан (р.а.) жихадды убактылуу токтотууну, эч болбогондо жашы улуу башка бирөөнү кол башчы кылууну талап кылышканда да ал Расулуллах (с.а.в.) чыгарган токтомду т.а. Румга каршы согушту да, армиянын командачысы катары Усама ибн Зайдды да өзгөртпөстүгүн айтып:

والذي لا إله غيره، لو جرت الكلاب بأرجل أزواج رسول الله، ما رددت جيشا وجهه رسول الله، ولا حللت لواء عقده رسول الله

“Жалгыз Аллахтын атына ант ичип айтамын, эгер Расулуллахтын (с.а.в.) аялдарынын буттарын – коргогон эч ким жок болгондуктан – иттер талап салганда да Расулуллах (с.а.в.) жөнөткөн армияны кайтарбаймын, ал байлаган байракты чечпеймин”, – деп кескин жообун айтат. Абу Бакр (р.а.) ошондой каршылыктарга карабастан акыйкат үстүндө бекем туруу менен Исламга болгон ишенимин жана Расулуллахка болгон сый-урматын, ал Затты жакшы көрүштүгү кандай экенин баарына көрсөттү. Акыбетте муртаддар да токтоду, Усама ибн Зайд (р.а.) да жеңиш менен кайтты. Абу Бакр (р.а.) Расулуллахтан (с.а.в.) кийин Уммат арасында эң кадыр-барктуу инсан экенин акыйкатта бекем туруу менен ырастады.

Умар (р.а.) бир аялдын сынын угар замат минбарга кайра чыгып, (махрды өтө көбөйтпөө туурасында) чыгарган токтомун бекер кылуу менен Умардын (р.а.) абройу түштүбү?! Жок, тескерисинче, ал ошондой адилеттүү иштери менен миң жылдардан бери тарыхтын алтын барактарында “Адилеттүү Умар” (р.а.) болуп келүүдө, муну душмандар көрө албаса да моюндап келишет.

Ошондуктан мыйзам баарына бирдей колдонулушу керек. Айрыкча, мыйзам күчсүз катмардын пайдасына да иштесе, бул коом өнүгө баштайт. Өнүккөн өлкөлөрдү карап чыксак, мыйзам салыштырмалуу аларда жакшыраак колдонулат, күчсүздөр да мыйзам негизинде алардан күчтүү (т.а. денеси күчтүүнү эмес, таасири күчтүүнү) жеңе алат.

Бизге бул нерсе жомокко окшойт. Эч качан күчтүү менен күчсүз соттошо албайт, соттошсо да шексиз күчтүү жеңип чыгат. Алсыз тагдырга макул болот же күрөштү улантып, камалып кетет же кырсыкка учурайт.

Түпкүлүгүндө, куфр мыйзамдарынын негизи ушундай – ар дайым күчтүү күчсүздү жеңет. Буга жакынкы тарыхтан да бир нече мисалдарды көрсөтүү мүмкүн. Маселен: АКШ Иракка, Афганистанга бастырып киргенде эл аралык мыйзамдарды да, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугу болгон туруктуу мүчөлөрүнө да, жада калса бүткүл дүйнөгө түкүрүп, өз билгенин кылды. Же каргышка калгыр “Израил” вужудунун Газадагы иш-аракети кайсы мыйзамга туура келет? БУУ, дүйнө каякты карап жатат? Бул жырткычтыктар кайсы мыйзамдын негизинде болууда? Афганистанда аялдардын акы-укуктары тебеленип жатат деп айыптаган БУУнун тынчтыкты сактаган күчтөрү кайда калды? “Израил” ушунчалык күчтүүбү, дүйнөгө маани бербей, өз жырткычтыгын уланткыдай?! Азыр “Израил” күчтүү болуп көрүнүүдө. Анткени ал АКШнын Жакынкы Чыгыштагы колу гана. Түпкүлүгүндө, бул нерсе АКШнын жырткычтыгы болуп, аны сионисттерге аткартып жатат.

Же болбосо Россия Украинага кайсы мыйзам менен бастырып кирди? Россияны баскынчы деп айыптап жаткан АКШ өзү андан да жаманын Газадагы мусулмандарга кылып жатат.

Ички саясатта да ар күнү акыйкатсыздыктарды көрүп жатабыз, Тажикстанда, Өзбекстанда канчалаган бейкүнөө инсандар “жүрөк ооурусунан” улам өлүп жатат, 20-25 жылдан бери өмүрү камактарда өтүүдө. Кыргызстанда үч жолу элдик көтүрүлүш менен президенттер алмашты, бирок 2003-жылы А. Акаевдин саткындыгы менен даватчыларга карата “мыйзамсыз” деп мыйзам чыгарылып, аларга каршы күрөш башталды. Негизи алар СССР маалында унутулган Исламыбызга кайталы деп, Исламды түшүнүү, намаз, орозо сыяктуу ибадаттар менен бирге Айт күндөрүн белгилөөнү башташкан. К.Бакиев да ошол саясатты улантты, жада калса Ноокаттагы Айт майрамын токтотуу үчүн калкка каршы Ош шаарынан атайын күчтөрдү жөнөттү…

Азыр да ошол саясат өзгөргөн жок, даъватчы “акыйкатты” айтышы үчүн комиссиянын уруксаты болуштугу шарт кылынды. Негизи, динде билгенин үйрөтүү үчүн эч нерсе шарт кылынбайт, анык билиши жетиштүү, катасы болсо амру-маруф жана нахий-мункар менен оңдолот, жаңы өкүм иштеп чыгуу үчүн гана Исламдын атайын шарттары бар. Конституция боюнча дин мамлекеттен бөлүнгөн болсо да орган кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп, акыйкатты айтууга тоскоол болушууда, жада калса чындыкты айткан депутаттар да мандатынан айрылып жатышат. Учурда депутат болуп туруп өлкөнүн мыйзамдары менен өз акысын коргой алышпаса, калган инсандар кандай мыйзамга ишенет?! Мындай иштер элдин үмүтсүздүгү, нааразылыгы күчөшүнө алып келет.

Күчтүүгө кулдук кыласың же жок болосуң деген саясат туура саясат эмес. Абийири, намысы жок, нафсине кул болуп калган инсандарга айырмасы жок, айбандардай болсо да жашап калсам, мага тийбесе болгону дешет. Алар үчүн Россиягабы, Кытайгабы же “Туран” проектиси менен Эрдоганды ээрчип АКШга кулдук кылабы, айырмасы жок. Алар негизгиси мен тынч болсом, ошол жетиштүү деп билишет. Бул жаңылык эмес, мурун да, жакынкы тарыхтан да буга абдан көп мисалдарды келтирүү мүмкүн, бирок сизге суроо, зулумга каршы чыгып мыйзам менен акыңызды алууга акылыңыз жетеби? Канча акы-укугуңуз тебеленип жатат?

Мындай коомдо зулумга каршы жеке абалда каршылык кылуу менен эч нерсеге жетишип болбойт, бирок көпчүлүк адамдар акыйкат тарапта болсо, эч болбогондо акыйкатты көтөрүп чыккан инсанды ушул адам туура иш кылууда деп өз позициясын ашкерелесе, анда зулум чегинет. Адамдардын каршылыгы менен ар кандай заалим эсептешет.

Зулумдарды жок кылуу үчүн Аллах Таала Исламды түшүрдү, биз ушул нерсеге кайтууга чакырып жатабыз. Ислам менен заалим түзүмдөрдөн да, баскынчы куфр державаларынын (Россия, Кытай, АКШ, ЕБ) өкүмдарлыгынан да коргоно алабыз, башка жол жок. Аллах Таала айтат:

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ الۤرۚ كِتَـٰبٌ أَنزَلۡنَـٰهُ إِلَیۡكَ لِتُخۡرِجَ ٱلنَّاسَ مِنَ ٱلظُّلُمَـٰتِ إِلَى ٱلنُّورِ بِإِذۡنِ رَبِّهِمۡ إِلَىٰ صِرَ ٰ⁠طِ ٱلۡعَزِیزِ ٱلۡحَمِیدِ

Алиф, Лам. Ра. Биз сага адамдарды Жараткандын ызны-ыктыяры менен караңыгылыктардан нурга кудурет жана алкоо, мактоо ээси болгон Заттын жолуна алып чыгышың үчүн түшүргөн Китеп. [14:1].

Азыр эмне үчүн залимдер күчтүү деп алданбагыла. Бул дүйнө сыноо дүйнөсү, ким акыйкат тарапта, ким акыйкатсыздык тарапта турганын адамдарга ашкере кылуу үчүн Аллах Таала алардын жырткычтыгынын жазасын кийинкиге калтырууда. Аллах Таала айтат:

وَلَا تَحۡسَبَنَّ ٱللَّهَ غَـٰفِلًا عَمَّا یَعۡمَلُ ٱلظَّـٰلِمُونَۚ إِنَّمَا یُؤَخِّرُهُمۡ لِیَوۡمࣲ تَشۡخَصُ فِیهِ ٱلۡأَبۡصَـٰرُ

Сен эч качан: «Аллах залим адамдардын кылып жаткан ништеринен бейкапар» деп ойлобо! Бар болгону Аллах аларды(н жазаларын), көздөр (айбат-коркунучтан) катып кала турган, (коркунучтуу Кыямат) Күнүнө гана калтырууда. [14:42].

Кимге эки дүйнө бакыты керек, кимге кордук, Акыреттеги оор жаза керек экенин тандоо мүмкүнчүлүгү ар кимдин өз колунда, Аллах Таала айтат:

وَقُلِ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّكُمۡۖ فَمَن شَاۤءَ فَلۡیُؤۡمِن وَمَن شَاۤءَ فَلۡیَكۡفُرۡۚ إِنَّاۤ أَعۡتَدۡنَا لِلظَّـٰلِمِینَ نَارًا أَحَاطَ بِهِمۡ سُرَادِقُهَاۚ وَإِن یَسۡتَغِیثُوا۟ یُغَاثُوا۟ بِمَاۤءࣲ كَٱلۡمُهۡلِ یَشۡوِی ٱلۡوُجُوهَۚ بِئۡسَ ٱلشَّرَابُ وَسَاۤءَتۡ مُرۡتَفَقًا

Айткын: «(Бул Куран) Роббиңер тарабынан (келген) Чындык. Демек, каалаган киши ыйман келтирсин, каалаган киши кафир болсун». Ырасында, Биз залимдер үчүн жалындары тозокуларды ороп-чулгап ала турган тозокту даярдап койгонбуз. Эгер алар (чаңкоонун күчтүлүгүнө чыдабай) суу сурашса, кызытылган май сыяктуу жүздөрүн күйдүрүүчү суу берилет. Кандай гана жаман ичимдик кандай гана жаман жай”. [18:29].

Абдуллах ибн Мухаммад

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here