Европа Борбор Азияга арыш аттады

40
0

Европа Борбор Азияга арыш аттады

    Европа Биримбигинин жетекчилери Өзбекстанда Борбордук Азиянын мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери менен «ЕБ – Борбордук Азия» биринчи саммитинин алкагында жолугушту. Бул Борбор Азияга кирүү үчүн мындай деңгээлдеги жана форматтагы Европа тарабынан уюштурулган бул кылымдагы алгачкы жолугушуу болуп саналат.

Европа Россиянын Украина менен согушуусу себептүү тышкы саясий кризиске капталып калгандыгынын көлөмүн жакшы түшүнөт. Украинадагы үч жылдан бери уланып келген согушта Россия бул согуштун баштапкы максаттарына жетише албады. Батыш тарабынан коюлган санкциялардан улам кыйналган Россиянын экономикасы жана эл аралык изоляция аны алсыратты. Бул саясий абал Россиянын таасиринин кээ бир жерлеринде вакуум түзгөндөй көрүнүшү мүмкүн. Борбордук Азия Россиянын адаттагы таасир зонасы катары таанымал.

Европа табигый ресурстарга бай болгон регионду, айрыкча, Каспий өлкөлөрүн алууга жалгыз эле кызыкпайт. Ага Кытай жана АКШ да атаандаш. АКШ Түркия жана Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) аркылуу Борбордук Азияны Россиядан бөлүп алууга аракет кылууда. Ал эми Европа бул саммитте чечкиндүү кадам жасады. Европа өкүлдөрү Борбор Азиянын жетекчилерин бардык эл аралык келишимдерди сактоого берилгендиктерин билдирген декларацияга кол коюуга тартты, атап айтканда: Борбордук Азия Украинанын аймактык бүтүндүгүн кыйыр түрдө тааныды. Ал эми, Кипрдин Түркияга таандык бөлүгүн түздөн-түз тааныбай тургандыгын көрсөттү. Бул Европа Түркияга, АКШнын Борбордук Азиядагы саясатын жүргүзүүчү негизги өлкөгө сокку уруп жаткандыгын билдирет.

Ошондой эле саммитте Европа Борбор Азияга толук кирүү үчүн жетекчилерин миллиардаган кредиттер менен кызыктырды. Бирок, АКШ жана Европа элдерди комплекстүү түрдө басып алууга көнүшкөн. Алар Борбор Азиядагы бир гана өлкөнү эмес, бүтүндөй регионду колонизациялоону караштырууда. Ошондуктан, саммит «ЕБ – Борбор Азия» деп аталат. Башкача айтканда, Европа Борбор Азия регионун толук камтуу үчүн ушундай аталды. Эгер алардын максаты ишке ашса, бул өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аларга регионду толук кармап туруу жана башка эл аралык иштерде пайдалануу үчүн ролдорду бөлүштүрүшөт.

Бектурсун Азык

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here