Төңкөрүшпү же коркутуу үчүн шылтообу?
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанда курал колдонуу менен башаламандык уюштуруу жана улуттар аралык конфликтти козутуу аракетин токтоткондугу тууралуу отчет берди. Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги жазды.
Мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, алар жыл башынан бери деструктивдүү топтун ишмердүүлүгү үстүнөн байкоо салып жатышкан. Бул топтун пландарына далил катары “сабалган, жарым жылаңач Кыргызстандык айымдын” видеосун келтиришти, анда ал чет элдик жарандар тарабынан зомбулукка кабылган. Видеонун сценарийи боюнча, аял жардам сурап ыйлашы керек эле, бул өз учурунда коомдо улутчулдук маанай жаратып, 2024-жылдын май айында борбордо чет элдиктердин катышуусунда болгон окуяга окшог башаламандыкты козутмак.
Атайын кызматтын божомолу боюнча, андан ары атайын даярдалган согуштук топтор ок атуучу курал менен окуяны курчутуп, чет элдиктер жашаган жана иштеген жерлерде тополоң уюштуруп, талап-тоноолор жүз бермек.
“Бул аракеттердин бардыгы бийлик органдарын дискредитациялап, калктын нааразычылыгын жаратат, масштабдуу протесттик акцияларга шарт түзмөт, аларды оппозиция каржыламак”, — деп белгилейт УКМК.
Мамлекеттик комитеттин пикири боюнча, уюштуруу иштери чет өлкөдөн көзөмөлдөнмөк. Азыркы учурда уюштуруучуларды кармоо боюнча иштер жүрүп жатат. Комитеттин билдирүүсүнө ылайык топтун катышуучулары колго түштү.
Комментарий:
Акыркы жылда жана өзгөчө акыркы алты айда, өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга жана андан кийин төңкөрүшкө багытталган ар кандай топтордун кармалышы тууралуу маалыматтар көбөйдү. Чет өлкөлөрдө диверсиялык ишмердүүлүктү жүргүзгөн күчтөр барбы же жокпу, аны так айтуу кыйын. Буга комитеттин мындай маалыматтарына коомчулукта ишенимдин жоктугу себеп болууда. Бул фактылар боюнча коомчулук алдында ачык соттун жоктугу да күмөн жаратып келет.
Бирок, Кыргызстанда акыркы 15 жылда төңкөрүштөрдүн жыштыгын жана аралыгын эске алганда, бийликти колго алуу үчүн күч колдонуу фактылары көпчүлүк үчүн үмүт берет. Учурдагы бийликтин тоталдык көзөмөл орнотуу, куугунтуктоо саясатын жактырбай, ага нааразы болгондор төңкөрүштү кайталоого ынтызар болушу мүмкүн. Алардын катарына бийлик тарабынан “кустурулган” көптөгөн ишкерлерди да кошсо болот.
Ошол эле учурда, бийликтин төңкөрүш даярдалып жатканы тууралуу маалыматтарды таратуу иштери өзүнүн коопсуздугун күчөтүү саясатына кызмат кылат. Айрыкча сөз жогорку жетекчиликти алмаштырууга байланыштуу болуп жатканда, учурдагы бийлик “душман күтүүгө” өзү да кызыкдар. Тоталитардык режимдин негизги приоритети — өз бийлигин сактоо. Комитет абалды “кооптуу” деп белгилеши, бийликтин коопсуздукту күчөтүү иштерин “стратегиялык зарылдыкка” байланыштуу деп актанууга негиз салып берет.
Худжат Жамиа