Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Үч мечитти гана зыярат кылуу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
روى ابن ماجه في سننه قال: حَدَّثَنَا أَبُو بَكْرِ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ حَدَّثَنَا عَبْدُ الْأَعْلَى عَنْ مَعْمَرٍ عَنْ الزُّهْرِيِّ عَنْ سَعِيدِ بْنِ الْمُسَيَّبِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: لَا تُشَدُّ الرِّحَالُ إِلَّا إِلَى ثَلَاثَةِ مَسَاجِدَ مَسْجِدِ الْحَرَامِ وَمَسْجِدِي هَذَا وَالْمَسْجِدِ الْأَقْصَى
Ибн Мажа өзүнүн “Сунан” китебинде мындай дейт: Бизге Абу Бакр ибн Абу Шайба Абу Хурайрадан риваят кылды. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Зыярат үч мечиттен башкага жасалбайт: Харам мечити, менин ушул мечитим жана Аксо мечити”.
Ибн Маажага карата берилген шарх китеби “Хашият ас-Синди”де мындай деп айтылат:
لَا تُشَدُّ الرِّحَالُ “зыярат кылынбайт” тыюу салуу дегенди билдирет. Саякат кылуу, сапар кылуу каймана мааниде келген. Мунун мааниси: Үч мечиттен башка мечиттерди зыярат кылууга болбойт. Ал эми илим үчүн, аалымдарды жана салихтерди зыярат кылуу, соода жана ушул сыяктуу нерселер үчүн сапарга чыгуу бул хадистеги тыйууга кирбейт. Ошол сыяктуу эле, башка мечиттерге сапарсыз зыярат кылуу, мисалы, Мадина калкы үчүн Куба мечитине зыярат кылуу да бул хадистеги тыюуга кирбейт. Аллах билүүчү.
Урматтуу бир туугандар!
Бул хадисте Мечит-Харам жана Расулуллах (саллаллаху алейхи васалламдын) мечитинин Акса мечити менен болгон байланышы бар экени айтылды. Себеби, Курани Карим Исра сүрөсүндө Харам мечити менен Акса мечитин байланыштырган. Аллах Таала айтат:
{ سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلًا مِنَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ}
“Өз кулун түнү менен Харам мечитинин тегерегин берекелүү кылган Масжидул-Аксага жеткирген Зат аруу”.
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) түнкү сапарда Мечит-Харамдан Акса мечитине жеткирилди. Мираж хадисинде (с.а.в)дын асманга көтөрүлүшү, Акса мечитинен болгон. Өткөн кылымдардагы ажылык кылуучулар өз өлкөлөрүнө кайтып баратканда Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын мечитинде намаз окуу үчүн токтошчу. Андан кийин алар Акса мечитинде намаз окуу үчүн Иерусалимге барышкан. Ажылык ибадатын толуктоо үчүн эмес, Акса мечитинде же Пайгамбардын мечитинде намаз окуу ажылык ибаадатына кирбейт. Тескерисинче, Харам мечитине зыярат кылуу аларга бул асыл хадисте айтылган эки мечитти да эске салгандыктан, бул эки мечитке зыярат кылышкан. Алар бул эки мечитке болгон сый-урматтын белгиси катары аларда намаз окууга дилгирленишкен. Азыркы учурда зыяратчылар кайтып келе жатып Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын мечити турган Мадинага дагы эле токтоп, ал кишиге салам айтып, анын мечитинде намаз окушат. Бирок андан ары Иерусалимде токтоп, Акса мечитинде намаз окушпайт. Мунун себеби, алардын Аксаны зыярат кылуудан жана анда намаз окуудан тартынгандыктарында эмес, тескерисинче, Масжид-ул-Аксанын мекени болгон Иерусалим Ислам жана мусулмандардын эң кара өзгөй душманынын колунда туткунда болгондугунда. Палестинанын калган бөлүгү 1967-жылдын бешинчи июнунда жөөттөрдүн колуна өткөндөн бери абал ушундай. 56 жылдан бери Иерусалим жана анын Аль-Акса мечити душмандын кишенинде онтоп жатат. Мусулман акимдер Аксаны жана басып алынган Палестинанын калган жерлерин азат кылууну каалашкан жок. Ошол караңгы күндөн бери мусулмандарга Аксаны зыярат кылууга тыюу салынган. Ооба, Акса зыяратчылардын жүрөгүндө, бирок алардын акылындабы? Кантип ал жерге зыярат кылуу, намаз окуу жана Исламдын ага берген ыйыктыгын, улуулугун сезүү тууралуу ойлонушпайт?
Ажылык мезгили жана Харам мечитин зыярат кылуу, ошондой эле Пайгамбардын мечитине зыярат кылуу мусулмандарга, өзгөчө Аллахтын Үйүнө зыярат кылуучуларга ушул эки мечитке байланышы бар үчүнчү мечитти эстетип коюу үчүн татыктуу учурда алардын жүрөктөрү ага көтөрүлүп, анда дуба кылууну каалабайбы? Алардын буттары анын кең жерлеринде басууну, чекелери анын топурагында сажда кылууну каалабайбы? Алардын көздөрү анын даңктуу чатырын көрүп, денелери анын дубалдарына жөлөнүп, анын жеринде эс алып рахаттанууну каалбайбы? Качанкыга чейин ажылар, Иерусалимде токтоп, Акса мечитинде намаз окуудан куру каласыңар?
Качанкыга чейин, эй мусулмандар, яхудийлер тарабынан Аль-Аксаны басып алуу жана анын ыйыктыгын күнү-түнү бузуп жаткан кылмышына унчукпай турасыңар? Аны азат кылуу үчүн качан кыймылдайсыңар? Аны бошотууну качан ойлойсуңар, анткени аны азат кылуу оңой-олтоң иш эмес. Мусулман армиялар өз элин өлтүрүп, душмандарын коргоп жаткан учурда, азат кылуу жөнүндө сөз кылууга орун жок. Тескерисинче, аны азат кылуу терең ойлонууну талап кылат. Расулулла (с.а.в) мечитти мушриктердин колунан кайтарып алып, анын ыйыктыгын билген, аны ыйыктаган жана сактап калган таза колдорго кайтарып берген мамлекетти түзмөйүнчө, Мечит-Харамда намаз окуй алган эмес. Аксаны азат кылуу Масжид-ул-Харамды азат кылган мамлекетти калыбына келтируу менен гана болот. Ыйык жерлердин ыйыктыгын калыбына келтирүү, зыярат кылууну жана анын берекесин алууну каалаган мусулмандар үчүн тоскоолдуктарды жок кылып, Халифалык мамлекетин кайра тикелөө шарт.
Андыктан, эй урматтуу ажылар, үйүңөргө кайтып келгенден кийин эң биринчи кыла турган ишиңер Халифалыкты калыбына келтирүү үчүн аракет кылуу болсун. Даават уккан жана күбө болгон ар бир мусулманга арналат.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 11-шаввал
2025-ж, 9-апрель.