Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Жеңилдикти күтүү
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ سَلُوا اللَّهَ مِنْ فَضْلِهِ فَإِنَّ اللَّهَ عَزَّ وَجَلَّ يُحِبُّ أَنْ يُسْأَلَ وَأَفْضَلُ الْعِبَادَةِ انْتِظَارُ الْفَرَجِ
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллахтан анын берешендигин сурагыла, анткени Аллах Таала суралганды жакшы көрөт жана ибадаттын эң жакшы түрү – жеңилдикти күтүү”.
Жамиъ ат-Тирмизинин тафсири “Тухфат аль-Ахвазий”де айтылат:
“سَلُوا اللَّهَ مِنْ فَضْلِهِ” “Аллахтан анын берешендигин сурагыла”. Анткени, Анын берешендиги кенен жана аны тосо турган эч кандай тоскоолдук жок.
“فَإِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ أَنْ يُسْأَلَ” “Анткени Аллах суралганды жакшы көрөт”. Башкача айтканда, Анын берешендигинен суралганды жакшы көрөт. Анткени Анын берешендиги эң жогору Зат жана эч бир сарптоо анын берешендигин кемитпейт. Ал дайыма Жоомарт.
“وَأَفْضَلُ الْعِبَادَةِ اِنْتِظَارُ الْفَرَجِ” “Ибадаттын эң жакшы түрү – жеңилдикти күтүү”. Башкача айтканда, Алла Тааладан башкага арызданууну таштоо менен балээ жана кайгынын бүтүшүн күтүү жана анын эң жакшы ибадат экени- балээге сабыр кылуу. Анткени ал Аллахтын өкүмүнө моюн сунуу.
Урматтуу бир туугандар!
Аллах Таала айтат:
يقول الله تعالى: (من يتق الله يجعل له مخرجا
“Ким Аллахтан корксо, Ал ага (кыйынчылыктан) чыгуунун жолун көрсөтөт”. Дагы айтат:
ويقول تعالى: (ومن يتق الله يجعل له من أمره يسرا
“Ким Аллахтан корксо, Анын ишин жеңилдетет”. Дагы айтат:
ويقول تعالى: (حتى إذا استيأس الرسل وظنوا أنهم قد كذبوا جاءهم نصرنا فنجي من نشاء)
“Чындыгында, пайгамбарлар үмүтүн үзүп, биз жалганчыга чыгарылдык деп күдүктөнүп калышканда, аларга Биздин жеңишибиз келди жана Биз кимди кааласак, куткардык”. Аллах Таала айтат:
ويقول تعالى: (فإن مع العسر يسرى. إن مع العسر يسرا
“Чындыгында, кыйынчылык менен бирге (эки) жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге (эки) жеңилдик (болот)”. Айтат: ويقول تعالى: (لعل الله يحدث بعد ذلك أمرا
“Мүмкүн, Аллах андан (кыйынчылыктан) кийин жаңы (жагдай) жаратат”. Аллах Таала айтат:
ويقول تعالى: (ألا إن نصر الله قريب
“Чындыгында, Аллахтын нусраты жакын”. Айтат:
ويقول تعالى: إن رحمت الله قريب من المحسنين
“Чындыгында, Аллахтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын”. Хадисте айтат:
وفي الحديث: (أنا عند حسن ظن عبدي بي، فليظن بي ما شاء)
“Пендем мени кандай ойлосо, мен ошондоймун, ал мени кандай ойлосо, ошондой ойлосун”.
وفي الحديث: (واعلم أن النصر مع الصبر، وأن الفرج مع الكرب)
Дагы айтат: “Билгиле, жеңиш сабыр менен, жеңилдик кыйынчылык менен келет”.
Урматтуу бир туугандар!
Аллах Тааладан коркуу менен аракет кылуу, кыйынчылыкка сабыр кылуу жана бир гана Аллахтан жеңилдикти күтүү менен жеңиш фатх кылуучуга жакындайт жана Аллахтын жер жүзүнө халифа (мураскор) кылуу убадасы ишке ашат.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 9-шаввал;
2025-ж, 7-апрель.