Кыргыз бийлиги мечиттерди курууга жаңы чектөөлөрдү киргизмекчи
Кыргызстанда намаз окуган мусулмандардын санынын өсүшү менен катар, бийлик колонизаторлордун динге каршы пландарын ишке ашырууну улантууда. Ибадатканаларды жабуу маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Кыргыз бийлиги мечиттердин, намазканалардын жана башка диний мекемелердин санына чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Учурда ушул маанини камтыган динге каршы өкмөттүн жобосу коомдук талкууга чыгарылды.
Диний чектөөлөрдү киргизүү боюнча алдына ат салдырбаган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 2021-жылдан тарта өлкөдө мурда курулган, бирок катталбаган диний мекемелерди эсепке алуу боюнча кампания баштады.
Соңку жылдары мечиттерди кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн кампаниянын алкагында 644 мекеме жабылган. Бирок, ошол эле учурда демөөрчүлөр жана кайрымдуулук фонддор мамлекеттик органдарга каттоодон өтүү жана куруулушту аяктоого байланыштуу байма-бай кайрылып жатышат.
«2023-жылдын башында дагы 200дөн ашык курулуп жаткан диний объектилер аныкталды. Ошол эле учурда, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына диний объектилерди курууну аяктоо үчүн финансылык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Диний объектилерди куруу калктын муктаждыктарын объективдүү эсепке албастан жүргүзүлүүдө. Көп учурда бир эле айылда 10го чейин диний объект иштеп жатат, алар бири-бирине жакын жайгашкан», — деп айтылат билдирүүдө.
Мусулмандардын диний ишенимин камсыз кылуу үчүн бардык муктаждыктарын талап кылуу бул жактан турсун, алардын бир гана курулушту аяктоого уруксат сурап жаткандыгы Дин иштери боюнча комиссияны эстен тандырып жатабы? Муну Кыргызстандын баш мыйзамы өз кепилдигине алганы жалганбы? Же мамлекеттик комиссия бул кайрылууларды мусулмандардын муктаждыгы деп тааныбайбы? Акыры мусулмандардын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо алардын түздөн-түз милдети го!?
Ошондой эле, мамлекеттик комиссия, эки жүздүүлүк менен калктуу конуштарда диний объектилердин санын аныктоо зарылдыгын сунуштоодо. Комиссия, өкмөттүн тиешелүү долбооруна шилтеме кылып, мечиттерди кыскартуу үчүн күлкүлүү жана фантастикалык формула сунуштап жатат. Айылдарда алардын ортосундагы аралык 2 километрден кем болбошу керек. Айылдык аймактарда — 3 километрден, ал эми шаарларда — 4 километрден кем болбошу керек.
Алар мындай өлчөөлөрдү кайдан алышты? Алар жума намаздарда же башка жамаий намаздарда мусулмандар жолго, көчөлөрдүн жээгине же тротуарларга сүрүлүп чыгып намаз окууга мажбур болуп жатышканын көрбөй жатышабы? Же андайда сокур боло калышабы? Муну көрүп туруп кандайдыр бир чектөө жана кыскартуу жөнүндө оозу кыйшайбай туруп кантип сүйлөп жатышат? Андан тышкары жума күндөрү унаанын көптүгү, аларга токтотуучу жайлардын жоктугу муктаждыктын көрсөткүчү эмеспи? Президент, өзү баш болуп шаардагы эң чоң мечитте майрамдык намазга катышуу учурунда эл толуп, батпай турганын көргөн жокпу?
Балким, мусулмандардын бийлик тарабынан айт намаздарын аянтта өткөрүүгө тыюу салуусуна үн катпашын алар бийликке моюн сунду деген белги катары баалап жатышабы? Эми болсо алар намаз окулуучу жана диний билим берүүчү жайларды кыскартууну улантууну чечишти. Мыйзамды коомдук талкууга койду аты менен көпчүлүктүн колдоосуна алынды кылып, өздөрүнүн кылмыштарын ушундай эски услубу аркылуу кылмыштарын мыйзамдаштырмакчы. Буга окшогон долбоор, мыйзамдар колонизаторлордун буйругу болуп, аларды бийлик ишке ашырып жатканы анык маселе. Бболгону бул акыбал: “козунун этин эле жесекпи же терисин да кошо жейлиби”, – деп тартышып жаткан бөрүлөрдүн талкуусуна окшош.
Бул акырындык менен киргизилген чектөөлөр «Овертон терезеси» ыкмасына ылайык жүргүзүлүүдө. Башкача айтканда, коом алсырап, өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрүнө алаксып турганда, акырындык менен баш ийип кете берет дегени. Бул күрөштүн курмандыгы бир гана мусулмандар, андан башка эч ким зыян тартпайт жана бул күрөш бүгүн эле башталган жок. Өткөн жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет көптөгөн мечиттердин жана медреселердин ишмердигин токтотту. Мындай иштер санитардык нормаларга жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт деген шылтоо менен жасалды.
Кыргызстан бийлигинин жана анын куурчагы болгон дин иштери боюнча комиссиянын аракеттерин кандайча түшүнсө болот? Булар Исламга душманбы же эки жүздүүлүктөрүн көрсөтүшүүдөбү? Жамаий намаздарга келип, анда дубаларды кылып, анан мечиттерди жана медреселерди кантип жаап жатышат? Же муну алар эл көзүнө эле кылышабы? Жетекчи өз динине жардам бериши керек деп үмүткөр турган мусулман эли турганда, жетекчи катары өз жарандарынын муктаждыктарын коргошу ушулбу?! Бийлик өзү баш болуп медреселерди ачып, жаштарды Исламды үйрөнүүгө үндөшү керек эле го!
Демек, мусулман бир туугандар, бул мыйзам долбоорун катуу четке кагуу зарыл жана Кыргыз бийлигинен мусулмандарды жана исламды тынч коюуну талап кылуу керек! Алла Таала айтат:
“…Сен намаз окуган убагыңда (намазынан) тосуучу кимсени көрдүңбү?! Кабар берчи, эгер ал (намаз окуучу) өзү Туура Жолдо болсо, же (башкаларды) такыбаалыкка (Алладан коркууга) буюрса (аны намаздан жана такыбаалыктан тоскон кимсе жок болбойбу)? Кабар берчи, эгер ал (намаздан тосуучу кимсе Алланын Китебин) жалган десе жана (ал Китепке ыйман кептирүүдөн) жүзүн бурса, албетте Алла (анын бардык кылмыштарын) көрүп турушун билбейби?! Жок! Ант болсун, эгер ал (мындай адашып – жаңылуудан) токтобосо, албетте Биз анын бешене чачынан – ошол жалганчы, адашкан бешене чачынан тутаарбыз – да, (жаханнамга ыргытаарбыз)! (Алак: 9-16).
Латыфуль Расых