Эй, фатихтердин урпактары! Душмандарыңар таңуулаган келишимдерге туткун болуп жашоого макулсуңарбы?!

37
0

Басма сөз баянаты

Эй, фатихтердин урпактары! Душмандарыңар таңуулаган келишимдерге туткун болуп жашоого макулсуңарбы?!

Яхудий түзүмү Египетти «Кэмп-Дэвид» келишиминин аскердик тиркемелерин бузду деп улам-улам айыптап жатат. Алар Египет армиясы Синай аймагында курган аскердик инфратүзүмдү бузуу талабын коюшууда. Бул айыптоолор яхудий түзүмүнүн үммөттү өз көзөмөлүндө кармап туруу жана ага үстөмдүк кылуу аракеттеринин алкагында болуп жатат. Ошондой эле, бул алардын Египет режиминин кулашы же өлкөдөгү башаламандык учурунда армия эл тарабына өтүп кетишинен коркуп жатканын да көрсөтөт. Ошондуктан алар мындай кырдаал болбой туруп эле алдын ала чара көрүп, аймактагы мүмкүн болгон кооптуу аскердик күчтөрдү алсыратууга аракет кылып жатышат.

Эй, Кинана жеринин баатыр уулдары! Эй, үммөттүн калканы, анын бекем чебинин мураскорлору! Карагыла, яхудий түзүмү кутуруп, текеберленип, Египет жана анын эли дайыма ошол кордук жана багынуу келишимдеринин торунда кала берет деп ойлоп жатат. Бул келишимдерден мусулмандар маскаралыктан башка эч нерсе көрүшкөн жок. Ал эми яхудий түзүмү болсо, ар дайым агрессиясын улантып, өз таасирин кеңейтүүдө. Алар египеттик аскерлерди атайылап өлтүрүү менен Египетке каршы кайталап жасап жаткан чагымчыл аракеттерин «бул ката менен болгон» деген шылтоо менен актап жатат. Синайдагы аскердик инфратүзүмдү бузуу тууралуу уятсыз талаптар, эл аралык деңгээлдеги басым көрсөтүүлөрдүн баары бир эле чындыкты көрсөтүп турат. Бул яхудий түзүмү күчтүн тилин гана түшүнүшүн, ал үчүн темир жана оттун тили гана маанилүү экенин билдирет.

Бүгүнкү окуялар жөн гана бир эпизод эмес. Бул узактан бери жүрүп келген үстөмдүк жана шантаж саясатынын дагы бир бөлүгү. Бул Египетти өзүнүн табигый ролунан, үммөттүн коргоочусу жана ыйык Палестина жеринин жактоочусу болуу милдетинен алыстатуу үчүн жүргүзүлүп жаткан мурдатан келе жаткан жана бүгүнкү күндө да улантылып жаткан кутумдун бир бөлүгү. Яхудий түзүмү жана анын артындагы Батыш дүйнөсү Египет «сатып алуу келишимине» дайыма байланган бойдон калышын каалап жатышат. Бул келишим Египет армиясын шылдыңдуу абалда чектеген жана Синайды яхудий түзүмүнө коркунуч жаратышы мүмкүн болгон аскердик күчтөрдөн толугу менен тазалаган келишим. Бирок бүгүн биз Египеттин өзүнө суроо берүүгө тийишпиз. Египет ушул зулумдукка негизделген келишимдердин торунда канчага чейин камалып турушу керек? Кинана калкы өз жери боюнча душмандан буйрук укканга, эмне кылышы керек же кылбашы керектиги тууралуу көрсөтмө алганга макулбу? Же Египетте ырайымсыз душмандын заманы өткөнүн түшүнгөн, күчкө жана бекемдикке ээ эр жүрөк азаматтар жокпу? Египет жөн гана бир өлкө эмес, ал үммөттүн согуп турган жүрөгү, чеби жана Исламдын бекем калканы!

Мисирге карата чагымчыл аракеттер жөн жерден болуп жаткан жок. Бул Батыштын жалпы аймакты көзөмөлдөө жана Яхудий түзүмүн Жакынкы Чыгыштагы үстөм күч катары сактап калуу долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Бирок бул долбоор үммөт унчукпай, баш ийип жашай берсе гана ийгиликке жетет. Ал эми үммөт уйкудан ойгонуп, кайра Ислам менен башкарылып баштаса, анда бул яхудий түзүмү Аллахтын уруксаты менен жок болору анык.

Эй Кинана калкы!

Ислам дини бизге мекенибизди коргоо үчүн эл аралык күчтөрдөн уруксат күтүүнү милдеттендирген эмес. Ал биздин үммөттүн коопсуздугун душмандын ыраазычылыгына байлап койгон эмес. Ислам бизге ар-намыстуу болууну, эч бир душмандын бизге көз артуусуна, жерибизге же ыйыктыктарыбызга кол салуусуна жол бербөөнү буйруган. Биздин жүрөгүбүздү ооруткан нерсе, бүгүн Яхудий түзүмүнүн Мисирге каршы тайманбай чабуул коюп жатканы. А бул учурда Мисир армиясында аларды жер бетинен жок кылууга жетиштүү күч бар! Бирок армия Батыш баскынчылары таңуулаган негизсиз келишимдердин чынжыры менен таңууланып турат.

Эй Кинана армиясынын аскерлери, акыйданын сакчылары жана мекендин коргоочулары!

Бул маскаралык чынжырынан кутула турган убак келбедиби? Салахуддин Аюбий сыяктуу баатырлык кылуунун мезгили жеткен жокпу? Ал Куддус шаары кресттүүлөр колунда турганын көрүүгө чыдаган эмес. Үммөттү бириктирип, даярдык көрүп, аларды ал жерден тазалап, куткарган! Бүгүн ыйык жер силерден жардам сурап, Газа эли көз алдыңарда кыргынга учурап жаткан чакта, Яхудий түзүмү аларды өлтүрүү менен эле токтобой, силерди да тизе бүгүүгө жана кор болууга аргасыз кылууга аракет кылып жатканына макул болосуңарбы? Же Аллах үчүн каарданасыңарбы? Маскаралык чаңын силкип, саткындар менен кызматчылардын колунан кармап токтотуп, улуулук жана жеңиш жолуна чыгасыңарбы?

Эй Кинана баатырлары!

Силердин милдет Батыштын таңуулоосу менен түзүлгөн жалган келишимдерди коргоо эмес. Силердин чыныгы милдет үммөттү коргоо, ага жасалган кол салууга каршы туруу жана ыйык жерди яхудий баскынчылардан азат кылуу. Мисирдин урматы Аллах жолундагы жихадда, анын улуулугу «Кэмп-Дэвид» келишиминин чынжырларын талкалап, Батышка болгон көз карандылыктан кутулуу менен гана болот.

Эй, Мисирдеги азаттыкты сүйгөндөр!

Яхудий түзүмү бүгүн эң алсыз абалында. Ар дайым көрсөтүп келген текеберлиги менен өзүн күчтүү кылып көрсөтсө да, анын ичинде коркуу жана тынчсыздануу өкүм сүрүүдө. Ал бул жерде жат түзүм экенин жакшы билет. Ал өзүнүн жашоосу мусулмандардын алсырап, бөлүнүп турганына гана байланыштуу экенин да билет. Бирок эң маанилүүсү ал мусулмандар биримдикке келип, сөзү бириккен күнү сөзсүз жок болушун жакшы түшүнөт. Демек, силер ушул өзгөрүүнү баштап бергендерден болбойсуңарбы?

Силер качанга чейин унчукпай тура бересиңер? Яхудийлер болсо аскерий күчүңөрдү талкалоону талап кылып жатышат. Же болбосо силерге жарашкан улуулук менен туруп, бул баскынчы душманга “жетишет!” деп айтасыңарбы?

Чечим жалынууда да, сүйлөшүүдө да эмес. Чыныгы чечим үммөттү кайра мурдагыдай күчтүү абалына кайтарууда. Ислам менен башкарылган, дүйнөгө адилеттик жана ырайым менен жетекчилик кылган күчтүү үммөт болууда. Бул болсо, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалыкты тикелөө менен гана ишке ашат. Ал мусулмандардын саптарын бириктирет, жоголгон бийлигин кайтарат. Демек, силер ошол Халифалыктын аскери болгула! Диниңерге жардам берүүгө шашылыгыла! Болбосо тарых ачык-айкын кыянаттык кылгандарды кечирбейт.

Эй, Кинана калкы!

Бул учур — бурулуш учур. Силер же яхудийлерге каршы туруп, Мисирге мурдагы улуулугун кайтарасыңар же болбосо ошол келишимдердин куюнунда камалып калып, оор кесепеттерге туш болосуңар. Бирок биз ишенебиз, силердин араңарда көптөгөн жакшылык ээлери бар. Силер кор болууга макул эмессиңер, силер жеңиштен баш тартпайсыңар. Бир күнү силер бул туура жолду тандаганыңарды эстейсиңер. Ошол жол менен жүрүп, Аллах силерге жеңиш жана үстөмдүк берет.

Аллах үчүн! Аллах үчүн үммөтүңөрдү унутпагыла! Аллах үчүн! Аллах үчүн Палестинадагы бир туугандарыңарды унутпагыла! Аллах үчүн! Аллах үчүн диниңерди унутпагыла!

﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Хаж,, 40)

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here