Эй мусулмандар! Яхудий мамлекети өлкөлөрүңөрдө каалаганын кылууда, силер болсо унчукпай жатасыңар!

67
1

Басма сөз баянаты

Эй мусулмандар! Яхудий мамлекети өлкөлөрүңөрдө каалаганын кылууда, силер болсо унчукпай жатасыңар!

Күн сайын жаңылыктардан Газада ондогон шейиттер, жүздөгөн жарадарлар тууралуу угуудабыз. Буларга кыйраган имараттар, көчүрүүлөр жана басып алуулардын азабын кошуңуз. Бул окуялар Яхудий мамлекети ок атышууну токтотуу келишимин бузуп, Газадагы согушун кайра баштагандан бери токтобой келе жатат. Алардын зулумдуктарын Орозо айынын ыйыктыгы да, Орозо айт майрамы да токтото алган жок!

Кечээ эле алардын аскер күчтөрү Сириянын Даръа шаарын бомбалап, көптөгөн адамдарды шейит, жарадар кылышты. Ошондой эле Хама шаарындагы аскерий аэропортту жана Дамасктагы илимий изилдөө борборун аткылашты. Мындай иштерге карабай, жаңы Сирия өкмөтү эч кандай чара көргөн жок. Яхудийлердин Сириядагы жерлерди, объекттерди жана аскерий базаларды бутага алган учурларында да унчукпай келген эле.

Өткөн айда яхудийлер Ливандын түштүгүнө артиллерия жана абадан сокку урду, адамдар өлдү, кыйроолор болду. Андан мурда, 2024-жылдын июль айында, яхудий мамлекети Йеменге дагы абадан чабуул жасаган.

Ал эми Палестинанын ичинде жасап жаткан кылмыштарына келсек, аларды айтып бүтө албайсың. Армиясы менен көчмөндөр шаарларын, айыл-кыштактарды, качкын лагерлерин басып кирбеген бир күн да болбойт. Алар каалагандай өлтүрүшөт, кыйратышат, камашат!

Булардын баары АКШнын аскерий, саясий жана каржылык колдоосу менен ишке ашууда. Ошол эле учурда, мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары буларга каршы чара көрбөстөн, тескерисинче, тымызын колдоо көрсөтүшүүдө.

Силерге эмне болду эй мусулмандар!

Силердин дагы эле башкаруучуларыңардын кыянаттыгына жана каапырлар менен биригип силерге каршы кутум уюштуруусуна көзүңөр жеткен жокпу?!
Силер азыр туш болуп жаткан бул оор балээнин себеби эмнеде экенин түшүнө элексиңерби?! Силерди бул абалдан куткара турган туура жолду алигиче көрө элексиңерби?!

Ким билбесе билип алсын! Силердин бул балээге туш болушуңардын себеби Ислам башкаруусунун жана анын мамлекети – пайгамбарлык жолундагы Халифалыктын жоктугу. Халифалык силердин диниңерди, өлкөңөрдү жана ар-намысыңарды коргомок, душмандарыңар андан коркуп, силерге каршы кол көтөрүүнү кыялданмак да эмес.

Ислам башкаруусу жоголгондон кийин, силердин башыңарга жалганчы, пастык кылган, каапырларга кызмат кылган башкаруучулар отуруп алышты. Алар силердин кызыкчылыгыңарды ойлобойт, душмандардан коргобойт, аларды кызыктырган нерсе тактыларын сактап калуу жана каапыр кожоюндарына кызмат кылуу.

Алардан кутулмайынча, силердин кутулушуңар да жок! Силер пайгамбарлык жолундагы халифалыкты орнотушуңар керек. Ал силерди Ислам менен башкармак, аскерлериңерди бириктирип өлкөлөрүңөрдү коргомок, жерлериңерди бошотмок жана Исламды бүтүндөй адамзатка жарык жана туура жол катары алып бармак.

Эй мусулмандар!         

Силер бул ишке толук жөндөмдүүсүңөр! Силерде эл да, жер да, аскер да, мүмкүнчүлүк да бар. Мына силердин араңарда ушул улуу долбоордун ээси болгон Хизб ут-Тахрир бар. Ал күндө да, түндө да силерди жардамга чакырууда. Пайгамбарлык жолундагы халифалыкты орнотуу, башкаруучуларыңардан кутулуу, душмандарга каршы туруу, ар-намысыңарды жана урматыңарды кайра алуу үчүн чакырууда. Аллах Таала айтат:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تَنصُرُوا اللهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾

“Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат”. (Мухаммад, 7).

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here