Басма сөз баянаты
Шарияттагы көз караш жана саясий кутум
Аль-Акса туфаны аталышындагы операция үммөттө ыйык Палестина жериндеги туугандары менен болгон биримдик сезимин ойготуп, кафир баскынчы менен анын кызматын кылган мусулман өлкөлөрүндөгү жалганчылык менен бийликке келген башкаруучуларын нес кылды. Бул кутумчулар жүз жылдан ашуун убакыттан бери мусулмандарды бөлүп-жарып, ыдыратууга болгон күчүн жумшап келген. Алар саясий жактан бул максатына жетишип, мусулман өлкөлөрүн 50дөн ашык мамлекетчеге бөлүп жиберишти. Бирок мусулмандардын жүрөктөрүн бөлүп-жарууга күчтөрү жеткен жок. Алар бул багытта чоң аракеттерди көрүшкөн. Өлкөлөр арасында кагылыштарды, согуштарды, улутчулдук, регионализм жана башка төмөнкү деңгээлдеги ураандар менен чыр-чатактарды чыгарып келишкен. Бирок мунун баары курулай аракет болду. Ар качан үммөткө кайгы жетсе, мусулмандар биримдик сезимин көрсөтүп келишти. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«تَرَى الْمُؤْمِنِينَ فِي تَرَاحُمِهِمْ وَتَوَادِّهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ كَمَثَلِ الْجَسَدِ، إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ جَسَدِهِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى»
«Сен момундардын бири-бирине болгон ырайымын, сүйүүсүн жана жан тартуусун бир денедей көрөсүң. Эгер анын бир мүчөсү ооруса, бүт денеси уйкусуздук жана ысытма менен ага жооп кайтарат» (Бухарий риваяты).
Мына ушул үммөттүн биримдигине каршы туруп, кафир баскынчы, мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары жана бийликтин буйругун аткаруучу аалымдар ойлоно башташты. Алар бул ыйык диндеги таза ыймандан чыккан күчтүү туйгуларды кантип буза алышат? Ар кандай кутумдарга, айла-амалдарга карабай, мусулмандар бул биримдик сезимин жоготушкан жок. Ошондуктан алар акыркы убакта Ислам дининин үчүнчү тиреги болгон орозо маселеси аркылуу мусулмандарды бөлүп-жарууга аракет кылышты. Алар бийликтин аалымдарына, Трамп жана анын партиясынын кызыкчылыгына ылайык, шарият илимине каршы келген фатваны чыгарууну буюрушту. Бул фатвада мусулман үммөтүнүн Орозо айт күнү “Сайкс-Пико” менен бөлүнгөн мамлекеттердин чек арасына ылайык аныкталышы керектиги айтылды. Бул болсо, аймактык биримдикти талап кылган шариаттагы туура пикирди такыр тоготпогондук болду.
Бул пикир келишпестик шарияттан эмес, бул таза саясий маселе болуп, Исламга жана мусулмандардын биримдигине каршы кутум экени талашсыз. Анткени бул режимдердин өздөрү башынан эле Ислам менен башкарбайт, тескерисинче, аны менен күрөшүп келишет. Алар Исламдын нифакка каршы болгон баалуулуктарын жайылткандарды да куугунтукташат. Мисалы, экономикалык системада алар Ислам эмес, капиталисттик системаны колдонуп, элге таңуулоодо. Ал эми ибадаттар жаатында, намаз жана орозону милдеттүү кылышпайт, аларды таштагандарга шариаттагыдай жаза колдонушпайт. Байлардан зекет алып, жакырларга таратуу сыяктуу Ислам өкүмдөрүн да ишке ашырышпайт. Булардын баары Исламды жана үммөттүн биримдигин жок кылууга багытталган кутумдун бир бөлүгү.
Ал эми, качан гана мусулмандарды бөлүп-жаруу алар үчүн пайдалуу болуп калса, анда алар дароо сарай аалымдарын өз кызыкчылыгына ылайык фатва чыгарууга түртүшөт. Албетте, бул аалымдар ар дайым султанды ыраазы кылган фатваларды чыгарууга даяр турушат. Бирок үммөт алардын жардамына муктаж болгондо, же үммөттү бириктире турган фатва керек болгондо, же ыйык Палестина сыяктуу жерлерде куугунтук көргөн мусулмандарга жардам берүү маселеси көтөрүлгөндө, алар унчукпай калышат. Ошондуктан, биз алардан этият болуп, аларга ишенбешибиз жана динибизди алардан үйрөнбөшүбүз керек.
Бул режимдердин Исламдын ибадаттарына каршы кутуму ачык көрүнүп турат. Өзгөчө бул ибадаттар алардын үммөттү бөлүп-жаруу максаттарына карама-каршы келген учурларда даана билинет. Бул быйылкы жылы кээ бир араб өлкөлөрүндө ачык көрүндү. Алар мусулмандарды Айт күнү орозо карматышты. Бул болсо шариат боюнча арам. Мунун өзү алардын мурдагы жылдардагы аалымдары берген фатваларына да каршы келди. Мисалы, Сирия, Иордания жана Мисир сыяктуу өлкөлөрдүн фыкхий жыйындары мурда «бирдиктүү көрүнүш» (бир ай көрүү – баарына жетиштүү) негизинде маселе чечилиши керек деген чечимге келишкен болчу. Ошондой эле бул маселе боюнча астрономиялык эсептерди колдонуу тууралуу өткөн конференцияларда да бирдиктүү көрүнүш принциби кабыл алынган. Бул жыйындардан айрымдары төмөнкүлөр:
Ал-Азхардагы Ислам изилдөө жыйыны (1966-жыл), Стамбулдагы белгилүү конференция (1978-жыл), Стамбул конференциясы (2016-жыл), Кувейт конференциясы (1973-жыл), Европа фатва жана изилдөө кеңеши (2009-жыл), Ислам кызматташтык уюмунун жыйыны (2012-жыл).
Бул кутум Азиядагы колониялык мураска ээ болгон режимдерден Пакистан, Бангладеш, Индонезия жана Малайзия сыяктуу өлкөлөрдөн да даана көрүнүп турат. Бул өлкөлөр дээрлик ар жылы, өзгөчө араб өлкөлөрүнө карата, орозо баштоо жана Айт күндөрүндө өзүнчө даталарды белгилеп келишет. Кээде Курман айт күндөрүн да өз алдынча белгилей беришет. Бул болсо аталган режимдер Британия баскынчылыгына кызмат кылып кеткенин жана анын колониялык мурасын улантып жатканын көрсөтөт. Алар үммөттү бөлүп-жаруу вазыйпасын ар дайым аткарып келишет. Алар ар кандай учурларда мусулмандарга «биз бир үммөт эмеспиз» деген жалган түшүнүктү таңуулашат. Бул болсо, Аллах Тааланын мындай деген сөзүнө каршы келет:
﴿إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ﴾
(Эй инсандар), силердин диниңер чындыгында бир дин (Ислам) Мен болсо (бардыгыңардын) Раббиңермин. Демек, Мага гана сыйынгыла! (Анбия, 92).
Быйылкы Рамазан айында болгон окуялар яхудий түзүмүнүн Газадагы кыргындарын кайра баштоосуна карата аалымдардын да, башкаруучулардын да, алардын армияларынын да үн катпай калышы менен белгилүү болду. Мусулман аскерлерин Палестинадагы бир туугандарына жардам берүүгө үндөбөй, ал эми мусулмандардын Айт күнүндө бөлүнүүгө себеп болчу маселелерге үнүн бийик чыгарышканы, ушул режимдерди кулатып, аларга кызмат кылган сарай аалымдарынан баш тартуу зарылдыгын айкын көрсөтүп турат.
Бул кутум бизге алардын Исламдын чынжырларын биринин артынан бирин үзүп келе жаткандар экенин көрсөтөт. Бул туурасында Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«لَيُنْقَضَنَّ عُرَى الْإِسْلَامِ عُرْوَةً عُرْوَةً، فَكُلَّمَا انْتَقَضَتْ عُرْوَةٌ تَشَبَّثَ النَّاسُ بِالَّتِي تَلِيهَا، وَأَوَّلُهُنَّ نَقْضاً الْحُكْمُ، وَآخِرُهُنَّ الصَّلَاةُ»
«Исламдын чынжырлары биринин артынан бири үзүлөт. Ар бир үзүлгөн чынжырда адамдар кийинкисине жабышышат. Биринчиси – башкаруунун үзүлүшү болот, акыркысы – намаз болот» (Ахмад риваяты).
Ошондуктан, үммөт бүгүн түшүнүшү керек. Эң башкы көйгөй – бул режимдер жана алардын артындага кафир баскынчылар турат. Өз динине күйгөн ар бир мусулман бул режимдерди кулатууга жана алардын ордуна Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалыкты курууга, Хизб ут-Тахрир менен бирге болгон аракетин жумшоого милдеттүү.
Хизбут-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү