Никабга каршы күрөштүн максаты эмне?

72
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Никабга каршы күрөштүн максаты эмне?

Бийлик тарабынан алып барылган никабга каршы күрөш эмне максатта жасалып жатканы түшүнүксүз болуп, бул иш-аракет никабды важиб деп кийип жүргөн эже-карындаштарыбызды кайгыга салууда. Туура, никаб мужтахиддер арасында ихтилафтуу маселе, айрымдары аялдар никаб кийиши важиб десе, айрымдары жайиз деген райды карманат. Никабга каршы аракеттер аны важиб деген өкүмдү алган муслималардын этикадына зыян жеткирүүдө. Никабды көпчүлүгү важиб деп киет, эч ким аны жайдын аптабында кызыгуу же мода үчүн кийбесе керек.

Бирок бийликтин айрым бир өкүлдөрү айтып жаткан, муфтият да аны Исламга ылайыкташтырып берген «коопсуздук чарасы катары бул иш-чара уюштурулууда, элдин тынчтыгын ойлоп мыйзам кабыл алынды» деген сөз абдан күлкүлүү. Мен бирер кылмышкердин муслима эже-карындаштарыбыз кийген никабды кийип алып кылмыш жасаганын көрбөгөнмүн же силер көргөнсүңөрбү, уккансыңарбы?! Кылмышкерлер өзүн таанытпоону каалашса маска тагып, андан кийин кылмышын жасашат. Аларга адам өлтүрүү маселе эмес, айып пул аламын деп келген орган кызматкерин өлтүрүүдөн да кайра тартышпайт же аны эсинен тандырып ишин улантат. Ал көчөдө, базарда же ишканада маска такпайт, кылмышты жасоодон мурун ошол дарекке барганда, өзүн таанытпоо үчүн никаб эмес, өздөрүнүн атайын маскаларын кийишет, таанууга урунгандарды жок кылышат. Никабга тыюу салынбаса да, ага каршы мыйзам чыкпаса да маска кийген инсандын кооптуу экенин баары билет. Эми никабга каршы мыйзам чыкты, 20 000 сом айып пул салынат деп кылмышкерлер маска такпай коюшабы?! Ошентип каракчылыктын алдын алынабы, бул такыр түшүнүксүз жана аңкоолук?!

Түпкүлүгүндө, имам-дамлаларыбыз, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү никабга каршы болгон мыйзамды колдоо менен динге каршы чыгышууда. Анткени, бир мужтахид ката кетирсе да Аллах Таала сооп беремин деген:

إذا حَكَمَ الحاكِمُ فاجْتَهَدَ ثُمَّ أصابَ فَلَهُ أجْرانِ، وإذا حَكَمَ فاجْتَهَدَ ثُمَّ أخْطَأَ فَلَهُ أجْرٌ

Бир аким өкүм кылганда ижтихад кылып, туурасын тапса ага эки сооп болот. Эгер, өкүм кылганда ижтихад кылып, ката кетирсе ага бир сооп болот. (Бухарий риваяты).

Катардагы аамий инсандар өзү тааныган аалымынан шаръий өкүмдөрдү үйрөнүп амал кылышы фарз. Эми, мүмкүн болушунча таква деп билген дамласынан өкүмдөрдү үйрөнүп, ушул жол менен таква болот экенмин деп никаб кийсе аларда эмне күнөө?! Мектепте же башка жайда бул өкүмдөр үйрөтүлбөйт. Мечиттерде ибадат, адеп-ахлактан башка маселелер баян кылынбайт. Адамдар никаб кийүүнү важиб деп үйрөнүп, бул өкүмгө ысыкта, суукта, күндүзү, түнү билгенине амал кылуусу азыркы күндө оңой нерсе эмес. Аларды колдоонун ордуна, тескерисинче каршылык кылуу туурабы, бул Аллахка жагабы?! Тообо кылгыла, бийликтеги жетекчилерге да бул туура эмес экенин айткыла. Алар бул нерсе динге каршы келбейт экен деп силерди далил кылып көрсөтүшүүдө. Аллахтын алдында өзүңөрдү актагыла. Баарыбызды Аллах хидаятка жолдосун, билип-билбей кылган күнөөлөрүбүздү Аллахым Гафур, Тавваб ысымдары менен кечирсин. Аллах мазлумдардын дубасын кабыл алышын да эстен чыгарбагыла, эске салгыла.

Биз муслима аялдын никаб кийүүсү важиб эмес, жайиз деп билебиз. Ушундай болгон күндө да ижтихаддан келип чыгып никабды кийип жаткандарга Исламий райга ээрчүүчү катары карашыбыз керек. Демек, бул мужтахиддердин талкуусу болуп, аны Исламий баалуулук катары куфр мыйзамдарынын тебелендисинде калуусунан коргошубуз бардык мусулмандарга милдет!

Абдуллах ибн Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here