Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ыймандуу адам бир ийинден эки жолу чактырбайт
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ан-Навави сахих Муслимге берген шархында “Ыймандуу адам бир ийинден эки жолу чактырбайт” бөлүмүндө айтат:
حدثنا قتيبة بن سعيد حدثنا ليث عن عقيل عن الزهري عن ابن المسيِّب عن أبي هريرة عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “لا يلدغ المؤمن من جحر واحد مرتين“
Бизге Кутайба ибн Саид Абу Хурайрадан риваят кылды. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ыймандуу адам бир ийинден эки жолу чактырбайт”.
Урматтуу бир туугандар:
Ыймандуу адам бир ийинден эки жолу чактырбайт. Бул Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа салламдын) талап кылууга ишарат кылган сөзү. Бул жердеги “чактырбайт” сөзү хадисте айтылган тыйуунун олуттуулугун көрсөткөн күчтүү мааниге ээ. Чагуу жыландарга таандык өзгөчөлүк. Бир жолу чактырган адам аман калышы да аман калбашы да мүмкүн. Бирок экинчиси чечүүчү фактор болот ал андан аман калбайт. Эгер бул маселени бүгүнкү күндөгү мусулмандардын вакыйына колдоно турган болсок, саясий аң-сезимдин кандай маанилүү экенин анык айкын көрүп турабыз. Мусулмандар малай акимдердин ийининен канча жолу чактырышты? Мусулмандар демократия тешигинен канча жолу чактырышты? Мусулмандар мекенчилдик чуңкурунан канча жолу чактырышты? Мусулмандар улутчулдук чуңкурунан канча жолу чактырышты?
Эй мусулмандар!
Хадисте бул чагуучу жыландарга карата анык ишара бар. Бул замандын жыландары көп, алар Америка менен Европадан башталып, үммөттүн саткын акимдери жана алардын сарай аалымдары менен аяктайт. Демек, ушундан кийин биз ошол жыландар менен чогуу отуруп, өлкөнү жана анын элин ал жыландардын карамагына тапшырып жаткандардын ишин кантип туура көрүп жатабыз? Алар үчүн элчиликтер ачылат. Алар менен өз ара коргонуу үчүн келишимдер жана макулдашуулар түзүлөт. Бул жыландардын ортосунда гана болоору шексиз. Бул жыландар мусулмандарды чакпашы үчүн, биз ар дайым ыймандын дарысы менен куралданышыбыз керек. Бул чагуучуларга чыныгы иммунитет. Хадисте: “ыймандуу адам чактырбайт” деп айтылат. Анын дарылыгына токтоло турган болсок, ким ыйманды жана анын акыйкатын карманса, өзүн коргогон болот. Ыймандын талаптарынын бири – момун адам айланасында болуп жаткан окуялардан кабардар болушу. Анын натыйжасында кайсы мамлекеттер активдүү, кайсынысы пассивдүү экенин билет. Малай мамлекеттер кайсылар экенин жана орбитада айланган өлкөлөр кайсылар экенин билет. Кайсы жыландар уулуу жана кайсынысы уулуу эмес экенин аныктоо менен алардын түрлөрүн да биле алат. Териси жумшак болгону менен чаккан жери кээде кабырга алып барарын биле алат.
Эй мусулмандар! Бул силердин акимдериңердин чындыгы, эгер момун болсоңор түшүнүшүңөр керек. Ошондуктан, алар себептүү үммөттүн үстүнө түшкөн азаптуу жашоодон жана алардан кутулуу үчүн аракетке келишиңер керек. Алардын ордуна бир халифаны дайындап, ага Раббиңердин Китеби жана Пайгамбарыңардын сүннөтү менен башкарууга байъат кылгыла. Ал силер үчүн Аллахтан коркот, силер ал үчүн Аллахтан коркосуңар. Ал силерди сүйөт, силер аны сүйөсүңөр. Ал силерди жылан чагып алуусунан сактайт. Ал силер анын артында туруп согуша турган калкан.
Оо Аллахым , анын келишин тездет, Китебиң менен бизге өкүм кыл жана жер жүзүн Өзүңдүн асыл жүзүңдүн нуру менен нурдант. Аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 5-шаввал. 2025-ж, 3-апрель.