Ал-Варак аралы: Түзүм душманга айланганда!

70
0

Басма сөз баянаты

Ал-Варак аралы: Түзүм душманга айланганда!

Зулум түзүмдөрдүн кысымы эми саясий туткундарга же исламий көз караштагыларга гана эмес, өзүнүн диктатордук долбоорлоруна каршы турган ар бир жаранга каршы багытталып калды. Ал-Варак аралындагы окуялар жөн гана полиция менен арал жашоочуларынын кагылышуусу эмес. Бул Мисирде жана башка ислам өлкөлөрүндө болуп жаткан окуялардын кичи модели. Башкаруучу түзүмдөр элди коргоонун ордуна, аларды басмырлай турган болуп калды.

Ал-Варакта эмне болуп жатат?

Ал-Варак – Нил дарыясынын ортосунда жайгашкан чакан арал. Учурда бул арал Мисир бийлиги менен аралдын жашоочуларынын ортосундагы каршылык талаасына айланды. Жылдар бою зордоп көчүрүүгө дуушар болуп келе жаткан жашоочулар буга каршы турушууда. Бийлик аралды бошотуп, аны ири инвестициялык долбоорлор үчүн пайдаланууну көздөп жатат. Бул долбоорлордон пайда таба турган тарап бийлик менен тыгыз байланыштагы ишкерлер жана кыймылсыз мүлк компаниялары. Ал эми арал эли белгисиз келечекке сүрүлүп, калыстык менен жер дагы чыныгы компенсация да албай калууда.

Кыскача көрүнүш:

  • Арал толук курчоого алынган, негизги керектөөлөрдүн кирүүсүнө тыюу салынган.
  • Жөн гана өз үйлөрүн таштап кетүүдөн баш тартканы үчүн 12 адам негизсиз камакка алынган.
  • Полиция ашкере күч колдонуп, элди кысымга алууда.
  • Жашоочулар өз мекендерин коргоп, зордоп чыгарылууга каршы баатырларча турушууда.

Зордоп көчүрүү шариат жана мыйзам алдында кылмыш. Исламда жер анын ээсине таандык, күч менен тартып алуу же адилетсиз жол менен алуу арам. Пайгамбар ﷺ  айтты:

 «مَنْ أَخَذَ شِبْراً مِنْ الْأَرْضِ ظُلْماً فَإِنَّهُ يُطَوَّقُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ مِنْ سَبْعِ أَرَضِينَ».
«Ким бир шибр (карыш) жерди зулумдук менен тартып алса, Алла аны Кыямат күнү жети кат жер менен мойнуна салат». 

Ал-Варакта болуп жаткан окуя элдин укугун тебелөө жана Ислам өкүмдөрүнө ачык каршы келет. Анткени бул бийлик:

  1. Элдин жерин тартып алып, курал менен кууп чыгарууда;
  2. Элди кадыр-барктуу жашоодон ажыратып, аларды көчөдө калтырууда;
  3. Элди коргоонун ордуна, аларга каршы күч колдонуп, мамлекетти өз жарандарынын душманына айландырууда.

Булардын баары шариатта катуу тыюу салынган жана чоң күнөө. Анткени, Ислам өкүмдарды элди жок кылууга эмес, анын кызыкчылыгына кызмат кылууну милдеттендирет!

Ал-Варак элин көчүрүү кимге пайдалуу?

Бийликтин “аралды өнүктүрүү” же аны “туристтик жана инвестициялык аймакка айлантуу” тууралуу жүйөлөрү элди аралдан сүрүп чыгып, аны таасирдүү ишкерлерге жана бийликке жакын инвестициялык компанияларга өткөрүп берүүнү көздөгөн кутумдун гана калканы. Бул жаңы нерсе эмес. Анткени Мисир буга окшош аракеттерди буга чейин да башынан өткөргөн. Мисалы:

  • Синай аймагындагы элдин көчүрүлүшү “терроризмге каршы күрөш” деген шылтоо менен жүргүзүлгөн. Чындыгында болсо аймакты жашоочулардан тазалап, яхудийлердин коопсуздугу үчүн бошотуу максатын көздөгөн.
  • Каирдеги айрым кварталдардын миллиондогон долларлык кыймылсыз мүлк долбоорлору үчүн бошотулушунун элге эч кандай пайдасы болгон жок. Бул долбоорлорду башкаруу толугу менен бийликтеги жана таасирдүү адамдардын колунда.
  • Мамлекеттик мүлктүн сатылышы, ресурстардын менчиктештирилиши жана чет элдиктерге арзан баада өткөрүлүшү. Ал эми эл ичинде жакырчылык жана четке агылуу күчөп жатат.

Демек, Ал-Варакта болуп жаткан окуя өнүгүү эмес, күч менен тартып алуу. Бул ислам дүйнөсүндөгү саткын түзүмдөр жүргүзүп жаткан ачарчылык жана басым саясатынын бир бөлүгү жана бул саясаттар колонизаторлор менен алардын куралдарын гана тейлейт.

Аскер менен полиция элди коргой турган күч болушу керек эле, бирок реалдуулук Мисирде жана башка мусулман өлкөлөрүндө бул органдар зулум түзүмдү жана анын кызыкчылыктарын коргогон куралга айланып калганын көрсөтүүдө.
Эмне үчүн аскер Ал-Варак элин коргобойт, бирок аларды куугунтуктайт?
Эмне үчүн бул күч Кудайга жана үммөткө чыныгы душман болгон яхудийлердин түзүмүнө каршы эмес, элдин өзүнө каршы колдонулат?!

Аскердик жана коопсуздук органдарынын милдетинен тайгандыгы, түзүмдүн бузулгандыгынын айкын белгиси. Бул түзүмдөр үммөттү эмес, ага каршы иштеп жатат. Ислам элди зулумга салган башкаруучуну тааныбайт. Аны аманатка кыянат кылуучу, бийликти тартып алган киши жана мыйзамдуулугун жоготкон деп эсептейт. Пайгамбар ﷺ  айтты:

«أَفْضَلُ الْجِهَادِ كَلِمَةُ حَقٍّ عِنْدَ سُلْطَانٍ جَائِرٍ».
«Эң улуу жихад — зулум башкаруучунун алдында чындыкты айткан жихад».

Эгерде Мисирдеги бийлик элге карата мындай зулумду жүргүзүп, коопсуздук күчтөрүн бир ууч бузук адамдардын кызыкчылыгын коргоого мобилизацияласа, анда Мисир эли бул түзүмдү кулатып, анын ордуна чыныгы исламий башкарууну орнотууга умтулушу керек. Бул башкаруу элдин укугун коргоп, Ислам адилдигин орнотот. Чечим нааразычылык билдирүүдө же зулум түзүмдөн ырайым күтүүдө эмес. Тамырынан баштап бул бузулган системаны жок кылуучу түптөн өзгөрүүгө карай аракеттенүү:

  1. Болуп жаткан зулумду моюн сунбай четке кагуу жана ага каршы шариат уруксат берген бардык ыкмалар менен күрөшүү;
    2. Маселе Ал-Варакта гана эмес, бүтүндөй өлкөнү талап-тоноп башкарган түзүмдө экенин аңдоо;
    3. Элге Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарган исламий түзүмдү орнотууга чакыруу гана бул азапты токтотот;
    4. Аскер жана коопсуздук органдарын зулум башкаруучуларга эмес, үммөттүн катарына өтүүгө чакыруу.

Ал-Варакта болуп жаткан окуя Мисир элине гана эмес, бүтүндөй үммөткө каршы кайталанып жаткан кылмыш. Бул өз элин көчүрүп, басым өткөргөн түзүм, ошол эле учурда яхудий түзүмүнө каршы жихадга тыюу салат. Элди ачарчылыкка учуратат, батыштын кызыкчылыгын тейлейт.

Эй Мисир эли! Зулумга жана зулум башкаруучуга каршы унчукпай турбагыла! Кордукту кабыл албагыла! Диниңер, жериңер жана ар-намысыңар үчүн көтөрүлгүлө!

﴿إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ﴾

«Аныгында бир коом тээ өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт». (Ар-Раъд, 11)

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here