Мыйзамды сыйлоо да, тебелөө да жетекчиден башталат

38
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Мыйзамды сыйлоо да, тебелөө да жетекчиден башталат

Адамдар мыйзамды сыйлашы үчүн президент же халифа сыяктуу эң оболу жетекчи мыйзамга ишенсе, мыйзамды өмүр-өлүм маселеси деп билсе, ошондо инсандар – өлкө жарандары болсун, чет элдиктер болсун – ал мамлекетке да, анын мыйзамдарына да ишенет, мыйзамдар өлүк болбойт, жашоодо өз ишин аткарып тирүү болот. Ар кандай инсан мамлекетке кандай мамиле кылууну мамлекеттеги кабыл алынган мыйзамдарга карап белгилейт ж.б.у.с.

Эгер мыйзамды тебелөө жетекчилер тарабынан болсо, жетекчилер иш жүргүзүүдө мыйзамга эмес, өздөрү каалагандай кылып, ар кандай акы-укуктарды тебелеп болсо да мурунтан пландаган иштерин жүзөгө чыгарууга аракет кылса, ал мамлекетке эч ким ишенбей калат. Анткени, жетекчи кетет, баштаган ишин улантуу үчүн экиленип, бир ишти баштоодон же капитал жаткыруудан ар кандай ишкер кооптонот. Жада калса жарандар да өздөрү ээ болгон мүлкүнүн кол тийгистигине ишеним жоготкондуктан мүлкүн чет өлкөгө чыгаруу жолдорун издей баштайт. Акыбетте өлкө байлыктары четке чыгып кетет. Адамдар каракчыдан, уурудан көрө көбүрөөк орган кызматкерлеринен коркуп калат. Мыйзамдар болсо таасирдүү инсандардын гана максаттарын жүзөгө чыгарган курал болуп калат.

Мыйзамга сый болушу үчүн мыйзамдар идеологияга негизделиши керек жана жетекчилер мыйзамды бузуу, айрыкча жаза-чараларды бей-бечараларга колдонуп, абройлуу инсандардын кылмыштарына көз жумууну өлүмдөн да оор кылмыш экенин билиши жана мыйзамдарды колдонууну өздөрүнөн башташы зарыл.

Ислам таалиминде мыйзамды бузуу өлүм менен да кутула албаган кылмыш болуп, бул дүйнөдөгү жазадан кутулса да, Акыретте ошол кылмышы үчүн катуу жооп бериши жөнүндө ар дайым айтылат. Акырет жазасы өтө оор экендигин эскертилет. Мыйзамды бузуу эч качан кабыл алынбайт, жада калса ал Умматтын кыйроосу экенин Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) айткан. Аиша (р.а.) энебиз риваят кылат:

Уурулук кылган махзумиялык аялдын иши Курайшты тынчсызданткан маселе болуп калат. Анткени ал аял Курайшка кадыр-баркы бар үй-бүлөдөн эле. Ал жөнүндө Расулуллахтын (соллалоху алайхи ва саллам) жөөкөрү Усама ибн Зайддан башка ким сүйлөшө алат эле деген пикир менен ага кайрылышат. Андан соң Расулуллах менен Усама сүйлөшөт. Пайгамбар: “Аллахтын бир хады (жазасы) жөнүндө жактоочулук кылып жатасыңбы?”, деп ачуулана ордунан туруп, адамдарга кайрыла баштайт. Андан соң мындай дейт: Албетте силерден мурункулар алардын арасынан этибарлуу, кадыр-барктуу адам уурулук кылса ага тийишпеген (т.а. жаза колдонушпаган), эгер алардын арасынан бечара адам уурулук кылса ага жаза колдонушкан, алардын ушул иши эле аларды кыйратып жок кылган. Аллахка ант болсун, эгер Фатима бинти Мухаммад уурулук кылса да шексиз колун кесемин”. (Муттафакун алайх).

Ушундай тарбияны алган Умматка азирети Умар р.а. минбарда туруп мындай дейт:

– Мен Аллахка жана Анын Расулуна итаат кылсам, силер да мени ээрчишиңер важиб болот. Эгер, мен Аллахка жана Расулуна итаат кылбасам…

Ошол кезде бир жигит ордунан туруп айтат:

– Анда биз сени кылычтарыбыз менен туура жолго баштоону да билебиз.

Азирети Умар жигиттин сөзүнө кубанып, колун бийик көтөрүп:

– Аллахым, Сага мактоо айтамын, шүгүр кыламын. Сага каршы болсом, мени кылыч менен болсо да, туура жолго баштай турган пенделериң бар, – деп Аллахка жалбарды …

 Дагы бир тарыхий мисал:

Мадинадагы Пайгамбарыбыздын (соллаллаху алайхи ва саллам) мечити тар болуп калат. Анткени жамаат күндөн-күнгө көбөйүп жатты. Бул жерде маселенин чечими мечиттин тегерегиндеги үйлөрдү сатып алып, мечитке кошуу болгон. Ошол үйлөрдүн бири Пайгамбарыбыздын (соллаллаху алайхи ва саллам) абасы Аббаска (р.а.) таандык эле. Ал кишиге белгиленгенден көбүрөөк акча сунушталса да, үйүн сатууну таптакыр каалабады.

Акыры, маселе казыга жетти. Азирети Умар адатынча казы тандоону маселеге каршы болгон адамга калтырды. Аббас (р.а.) Убай ибн Каъбды (р.а.) тандады. Экөөсү барып, Убайга окуяны айтып беришти. Убай эки тарапты тең тыңдаган соң, минтип өкүм чыгарды:

“Аббасты ыраазы кылууң керек. Пайгамбарыбыздын (соллалоху алайхи ва саллам) мечитине болсо да, ээсинин макулдугусуз эч бир үйдү кошо албайсың”.

Экөөсү тышкарыга чыгышты. Аббас азирети Умарга (р.а.) бурулуп: “Ошол үйдү мен Аллахтын ыраазылыгы үчүн тартуу кылдым, акысына эч нерсе керек эмес”, – деди.

Аббастын мындай жоругу түшүнүксүз болду. Үйдү Аллахтын ыраазылыгы үчүн тартуу кыла турган болсо, азирети Умарды убара кылып эмнени көздөдү? Же ал киши тартуу кылмакчы болуп, бирок азирети Умар макул болбодубу? Же болбосо азирети Умар үйдү арзан сатып алмакчы беле? Жок, албетте. Аббас (р.а.) ээсинин макулдугусуз жеке мүлктү тартып алуу Исламда жок экенин адамдарга билдирип коюу үчүн ушул чууну чыгарган, Аллаху аълам.

Ибни Хишам, ибни Касир жана башкалар риваят кылат:

Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) Бадр күнү колундагы ок менен асхабдарынын катарын оңдоп чыкты. Ал Адий ибн Нажжар уруусунун союздашы Сувад ибн Газянын алдына өтүп бара жатып, анын курсагын ок менен түрттү, ал саптан алдыга чыгып турган эле: “Эй, Сувад сабыңды туурала”, деди. Сувад: “Я, Расулуллах! Мени ооруттуңуз, Аллах сизди акыйкат жана адилет менен пайгамбар кылган, сизден өч аламын”, деди. Расулуллах курсагын тосуп: “Өчүңдү ал”, деди. Ошондо ал аны кучактап алып, курсагын өптү. Сени буга эмне мажбурлады, эй ,Сувад?”, – деп Расулуллах сурады. “Я, Расулуллах! Көрүп турганыңыздай, согушта турабыз, (шахид болууну ниет кылгандан улам) сиз менен болгон учурумдун акырында денем денеңизге тийишин кааладым”, деди. Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) анын акысына жакшылыктарды сурап дуа кылды.

Сувад (р.а.) өч аламын деп акысын талап кылганда – негизи, Расулуллах азар берүүнү, азаптоону көздөбөгөн эле, бирок актануунун ордуна – Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) экиленбестен акысын берүү менен адилет жана өч алуу үчүн ажайып үлгү көрсөттү.

Мындай таалим бизге жомокко окшоп калды. Анткени, социалисттик идеология негизинде мамлекетке кулдук кылып, андан кийин пайда үчүн жырткыч мамиле кылуу, ар кандай ыплас нерсени экиленбестен өкүмдар кылуу менен инсандын кадыры, акы-укуктары сыйланбай калды. Муну менен эң жогорку жетекчи-президент да тебеленүүдө. Анткени президент конституция жана мыйзамдардын кепили, бирок муну аң-сезими бийик инсандар түшүнөт. Бейкүнөө инсанды ар кандай кыйноолорго салып, ток менен азаптап, кылбаган ишти мойнуна алдырып кылмышкерге чыгаруу кадыресе көрүнүшкө айланды. Конституцияны, мыйзамдарды, инсандын акы-укуктарын тебелөө, көңүл бурбай кайдыгарелик кылуу, а түгүл аларга түкүрүү менен мыйзамдарга болгон ишеним калбады. “Кызыл китеби” барлар да менин мүлкүм “кызыл сызыкка” кирип калбайт бекен деген кабатырда жашап жатат. Компенсация төлөбөстөн жеке мүлктү тартып алуу менен мамлекетке, мыйзамдарга таптакыр ишеним калбады. 10-15 жылдык мээнет менен жетишкен мүлкүн тартып алуу бул иш башына түшкөндөргө гана эмес, баарына зулум экени маалым. Бирок, бизде залим, диктатор режимдердин натыйжасында инсан кадырынын мааниси калбаган.

Бир күнү Хомстун валийи Умайр ибн Саъд Хомс минбарына чыгып, мындай деди: «Эгер, султан бекем турса, Ислам бекем турат. Султандын бекем турушу кылыч менен өлтүрүү же камчы менен сабоо эмес, акыйкат менен өкүм чыгаруу жана адилетти бекем кармоо менен болот». Муну уккан Умар: «Кана эми, Умайр ибн Саъдга окшогон адам болсо, аны мусулмандарга валий кылсам», – деген экен.

Умардын (р.а.) Шамдагы валийи Саъд ибн Абу Ваккас мечиттерди кеңейтүү зарыл болгону үчүн мечитке коңшулаш үйлөрдү эки-үч эсе кымбат сатып алууну баштады. Адамдар үйлөрүн мечитке кошууга ыраазы болушту. Бир үй яхудийге караштуу эле. Ал үйүн мечитке берүүгө көнбөдү, канча акча сунушталса да үйүн мечитке кошууга макул болбоду. Ошондо Саъд (р.а.) ачууланып, эки эседен көбүрөөк акча берип, үйдү буздуруп, жерин мечитке кошту. Бул нерсеге яхудий ыраазы болбоду, кимге арызданбасын эч кандай жыйынтык чыккан жок. Ошондо анын кошуналарынын бири халифага барып арызын айтууну кеңеш кылды. Яхудий Мадина тарапка жолго чыгып, узак жол жүрүп, көп кыйынчылыктар менен жетип, Умар (р.а.) менен жолукту. Ал Умарды сакчылары жок, жупуну кийимде багбанчылык кылып жаткан жеринен тапты. Яхудий үмүтсүздүккө түшүп, ушунча жол жүрүп, ушул адамдан жардам сурап келдимби деп өзүн жемелеп да алды. Болор иш болду, эмнеси болгондо да арызымды айтып кетемин деп Саъддын (р.а.) кылган ишин айтып берет. Умар (р.а.) жерден бир сөөктү алып (бир риваятта бир бөлүк терини алып), ага кат жазып, яхудийге берет. Умар: “Аны Саъдга алып барып бер”, – деп, кылып жаткан ишин кайра улантат. Үмүтсүз болгон яхудий ого бетер түшкүндүккө түшөт, аргасыз, ушул ахвалда артына кайтат. Ал кошуналарына болгон окуяны айткандан кийин алар: “Ошончо жайга барып келдиң, ишти акырына жеткир, катты Саъдга алып барып бер”, – деп кеңеш беришет. Яхудий катты Саъдга бергенде, анын өңү бозоруп, колу титирей баштайт. Ал: “Бир аздан кийин сага жериң кайтарылып берилет жана сен каалагандай кылып үйүңдү да салып, мурункусунан жакшыраак кылып куруп беребиз”, – деп жооп берет. Эч нерсеге түшүнбөгөн яхудий: “Бул катта эмне маани бар, акыры анда “Менин адилетим Нушеравандын адилетинен кем эмес” деген сөздөн башка нерсе жок го”, – деп сурайт. Саъд айтат:

Мунун тарыхы узун. Биз Умар ибн Хаттаб менен фарс мамлекетинин бир шаарына соода кылып, эки жүз төөдө жүк алып бардык. Бизди эки жигит тосуп алды, төөлөрүбүзгө жакшы карады, бизди мейманканага жайгаштырды. Биз соодабызды кылып, алып барган нерселерибизди саттык, ошол жерден керектүү товарларды алып, төөлөргө жүктөгөнүбүздөн кийин баягы эки бала бизди кууп салды. Алар каракчылар экен. Түнөгөн үйүбүзгө келип, үй ээсине болгон окуяны айттык. Ал киши: “Биздин амир адилеттүү жетекчи, арызыңарды ага айтсаңар бардык нерсеңерди алып берет”, – деди. Анын кеңеши менен сарайга бардык. Котормочу аркылуу болгон окуяны амирге айтканыбызда бизге бир кеседен алтын берип, чыгарып жиберди. Биз таң калып мейманканага кайттык. Бизге кеңеш берген үйдүн ээси болгон окуяны угуп: “Эртең өзүм барып, силерге котормочу боломун”, – деди. Эртеси күнү амирге болгон окуяны айтып бергенибизде: “Силер бир аз дем алып тургула”, – деп амир чыгып кетти. Бир аз убакыттан соң амир келип, силердин кербениңер дарбаза алдында турат. Жүз төөнү бириңер бул көчөдөн, калган жүз төөнү экинчиңер тигил көчөдөн алып чыгып кеткиле”, – деп, ар бирибизге дагы эки кеседен алтын берди. Амир айткандай кылып, эки тарап менен жолго чыктык. Мен бара жаткан көчөдө эки киши асып өлтүрүлгөн абалда турган, адамдар курчап алган экен. Алардан эмне болгону жөнүндө сурасам минтип айтышты: “Булардын бири амирдин уулу, экинчиси болсо вазиринин уулу, араб соодагерлеринин кербенин талап-тоношуптур, ошого амир жаза катары аларды асып өлтүрүүнү өкүм кылыптыр”. Умар өткөн көчөдө болсо, бизге котормочулук кылган сарай кызматкерин асып койгон экен. Адамдардан сураса, араб соодагерлерине амирдин алдында котормочулук кылып, анын жана вазиринин уулунун пайдасына чындыкты жашырганы үчүн амир аны асууну буйруптур деп түшүндүрүшөт…

Абдуллах ибн Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here