Жер кодексине каршы митинг

57
0

Жер кодексине каршы митинг

1-апрелде Бишкекте жаңы Жер кодексинин кабыл алынышына каршы тынч митинги өттү. Митингге чыккандар элдин үнүн угууну, алардын кызыкчылыгына каршы иш кылбоону суранышкан. Ошондой эле алар Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жер кодексинин долбооруна вето коюeну талап кылышты. Нааразылык жыйынына чыккандар алардын укугу корголбой, жерлери соттун токтомусуз, эч бир компенсация төлөнбөстөн мамлекет тарабынан тартып алынышынан кооптонушууда.

Ушул жылдын башталышы менен мамлекеттик деңгээлде, башкача айтканда шаар жана айылдарда жол жээгине чыгып кеткен турак-жайларды сүрдүрүү иштери күжүрмөндүк менен башталды. Учурда үйлөрү же дубалдары сүрдүрүлгөн көрүнүш жаңылыктарда байма-бай чыгууда. Арийне мындай абал элдин нааразылыгын жаратып, адамдарды митингге чыгууга мажбур кылып жатат. Ал эми бийлик бул иш-чаралар, тагырак айтканда элдин турак-жайларын, дубалдарын сүрдүрүү, ал тургай бүтүндөй бир жер тилкесин тартып алуу аракети мыйзамдуу болушу үчүн ушул жаңы Жер кодексинин долбоорун кабыл алды. Тагырак айтканда кодекс Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, президенттин кол коюусу гана калган. Жаңы жер кодексине ылайык мамлекет жарандардын жер тилкесинин бир бөлүгүн же толугу менен тартып алуусу оңой болот жана анын акысына компенсация да бербеши мүмүкүн. Бул албетте адамдардын нааразылыгын жаратууда.

Жер тилкеси жана турак-жай маселеси адамдардын кызыкчылыгына ылайык чечилбеген көйгөлүү маселе болуп келе жатат. Жылдардын өтүшү менен бул маселе чечилмек турсун, тескерисинче ого бетер күчөдү. Мына ошондуктан Акаев жана Бакиев куулган жылдары эл кескин кадамдарга барып жер тилкелерин басып алууга мажбур болду.

Бүгүн бийлик жерди басып алууга каршы мыйзамдарды катаалдантып, ал эми мамлекет тарабынан адамдардын жер тилкелерин тартып алууну жеңилдетүү аракетин көрүп жатат. Ал эми турак-жайга ээ болуу маселесин арам эсептелген ипотека жолу менен чечмекчи. Мына ушундай жол менен бийлик адамдардын жер тилкесине же турак-жайга ээ болуу маселесин бир гана ипотекага такап жатат. Бир тараптан бийлик турак-жай маселесин чечип жатканын көрсөтүп, экинчи тараптан бул маселени кайра эле элдин мойнуна жүктөп, мунун үстүнөн пайда да көрүүдө. Бүгүнкү ипотека мехенизминин маңызы ушундай. Бул шексиз адамдардын кызыкчылыгына каршы келет.

Ислам адамдар ээлик кылган жер тилкесине же турак-жай маселесине кандай карайт? Биринчиден Исламда жол жалпы мүлккө киргендиктен, адамдар аны ээлеп алуусу мүмкүн эмес. Ошондуктан адамдар жер тилкелерин жол чегинен өткөрүп белгилеп алуусу туура эмес. Бирок, эгер мамлекет жол курабы, имарат салабы, кандай гана объект курбасын, жарандын жер тилкесин же турак-жайын алуу зарыл болгон учурда жер же турак-жай ээсине ал ыраазы болгон төлөмдү төлөп бериши керек. Исламда жарандын мүлкү кол тийгис саналат.

Андан тышкары, Исламда турак-жай маселеси азык-түлүк жана кийим-кече катарындагы зарыл (баштапкы) муктаждыктардан эсептелет. Ошондуктан, мамлекет өз жарандарын турак-жай менен камсыздап бериши керек. Бул маселе бүгүнкү күндөгүдөй мамлекет арам жол менен пайда көрүп жаткан «бизнеске» айланбашы зарыл. Исламда жарандарды турак-жай менен камсыздоо үчүн каражат жалпы мүлктөн алынат. Жалпы мүлккө жер асты жана үстүндөгү бардык кен байлыктар кирет. Жалпы мүлк мамлекеттин да, жеке адамдардын да мүлкү эмес, бул элдин мүлкү, ошон үчүн бул мүлк адамдардын зарылдыгы үчүн гана жумшалат. Бүгүнкү күндө болсо элдин мүлкү эсептелеген бул кен байлыктар – капиталисттик системанын талабына ылайык – жеке компанияларга берилген. Бул Исламга тескери.

Мындан улам жер тилкеси жана турак-жай маселеси учурда биз жашап жаткан капиталисттик системада адамдардын пайдасына чечилбеген көйгөйлүү маселе бойдон калууда. Кала берсе жеке компаниялар жана мамлекеттер адамдардын бул муктаждыгынан пайдаланып, үлкөн киреше таап жатышат. Турак-жайы жок адамдар, айрыкча жаш үй-бүлөлөр ипотека аркылуу турак-жай алууга мажбур абалда. Ошондуктан элди эзип, байларды байыткан капиталисттик түзүмдөн баш тартып, Ислам түзүмүн орнотуу зарыл. Анткени, Ислам турак-жай маселеси чечилиши зарыл болгон эң биринчи маселелерден деп карайт.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here