Басма сөз баянаты
“Авами” Лигасын реабилитациялоого аракет кылышууда
Бангладеште бийликке умтулган саясатчылар Индиянын көңүлүн алуу үчүн фашисттик “Авами Лигасын” кайрадан реабилитациялоого аракет кылышууда, бирок чыныгы саясий партия болгон “Хизб ут-Тахрирге” каршы зомбулукка унчукпай турушат. Хизб “Авами” режими тарабынан адилетсиз түрдө тыюуга кабылган! Алла Таала айтат:
﴿قَاتَلَهُمُ اللهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ﴾
“Аларды Алла каргасын! Кандай гана адашышууда!” (Тообо, 30)
Убактылуу өкмөттүн башкы кеңешчисинин “Авами Лигасына тыюу салуу боюнча эч кандай план жок” деген билдирүүсү эл арасында чоң тынчсыздануу жаратты. Анткени Авами өкмөтү 15 жылдан ашуун убакыт бою элге карата болуп көрбөгөндөй зомбулук жасап, оппозициялык партияларды уурдоо, өлтүрүү жана жашыруун камераларда камоо аркылуу кысымга алган. Ошондой эле, БДР (Бангладештин чек ара күчтөрүнүн) Билеханадагы кыргыны аркылуу Индиянын кутумун ишке ашырып, армияны Индиянын көзөмөлүнө өткөрүүгө аракет кылган. Өлкө экономикасын коррупция жана акча адалдоо аркылуу кыйраткан. Хасина бийликтен кеткенден кийин да, Индияда туруп алып, мамлекетке каршы кутумдарын улантууда, кайра кайтып келип элден өч алууну убада кылууда.
Эл дагы эле Авами өкмөтүнүн кысымынан жана кылмыштарынан жабыр тартып жатканда, “Бенгал элдик партиясы”нын башкы катчысы Мирза Фахрул Ислам Аламгир 2024-жылдын 1-октябрында UNB маалымат агенттигине берген маегинде:
“Авами Лигасы фашисттик партия катары келе жаткан улуттук шайлоого катышууга тийиш, ага тыюу салынбашы керек, анткени бул демократиялык процесстерди алсыратат.” – деп билдирди.
Ошондой эле, “Бенгал Ислам Жамааты”нын амири 2024-жылдын 1-сентябрында Аладдин Нагар Шикша Бали Пактында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Алар (Авами Лигасы) да бул улуттун балдары, ар бир адамдын саясат менен алектенүүгө укугу бар. Бизди саясаттан четтетүү ката болгон сыяктуу эле, биз аларга да ушундай мамиле жасоону каалабайбыз” – деди.
Бирок эл Авами Лигасынын саясий күч катары мындан ары жашай албасын түшүнүп туруп, мындай суроону бербей койбойт: Эмне үчүн Америка менен Индияга кызмат кылган бул партияны кайра калыбына келтирүү үчүн колдоо көрсөтүлүүдө? Хасина жана анын партиясы 15 жыл бою элди басынтып келген болсо, аларга кантип ишенсе болот?!
Урматтуу калайык калк!
15 жылдан бери Хизб ут-Тахрир коррупцияга, зомбулукка, зулумдукка жана Авами өкмөтү жасаган мамлекетке каршы иштерге ачык үн менен каршы чыгып келди. Ал саясий күрөшүндө эч качан компромисске барган эмес. Билимдүү адамдар 2009-жылы Билеханадагы кыргында Хасина менен Индиянын кутумуна каршы Хизб ут-Тахрирдин кандайча эр жүрөктүк менен каршы турганына күбө болушкан. Натыйжада, Хасинанын режими бул партияны тыюу салынган уюм катары жарыялаган.
Мындан тышкары, Хизб ут-Тахрир Американын колониялык долбоорун жана “терроризмге каршы күрөш” деген шылтоо менен Исламга каршы согушун ашкерелеп, Ислам башкаруусу болгон Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө үчүн күрөшкө жетекчилик кылып келүүдө. Бул, ушул жердеги мусулмандардын эң башкы максаты!
Урматтуу мусулмандар!
15 жылдык саясий күрөштүн натыйжасында зулумкор Хасина бийликтен кулады. Бирок анын үнүн түбөлүк жок кылуу керек болгон учурда, эмне үчүн аны кайра калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышат? Эмне үчүн Хизб ут-Тахрирге каршы адилетсиз тыюу салуу дагы деле күчүндө турат? Бул Америка менен Индиянын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүнүн натыйжасы эмеспи?! Бул – ачык эки жүздүүлүк жана Аллахка, Анын Элчисине ﷺ жана ыймандууларга жасалган чыккынчылык!
Чыныгы жүзү көрүнүп калган жалган сөз эркиндиги, плюрализм деген түшүнүктөр демократиянын коргоочулары тараткан куру убадалардан башка нерсе эмес! Аллах Таала мындай деген:
﴿وَاللهُ يَشْهَدُ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَكَاذِبُونَ﴾
“Алла ал мунаафыктардын шек-күмөнсүз жалганчы экендиктерине да күбөлүк берет.” (Мунафикун, 1).
Урматтуу калк!
Демократ саясий партиялар Америка, Британия жана алардын аймактык куралы болгон Индияны өздөрүнө кожоюн жана дос катары кабыл алышты. Чындыгында болсо, булар зулумдуктун жана бийликти кыянаттык менен колдонуп келүүнүн башкы уюштуруучулары! Хасина режими Индиянын армия менен чек ара күчтөрүнүн ортосуна жик салуу планынын аткаруучусу болгон сыяктуу эле, азыр Америкага кызмат кылган агенттер дагы армиянын ичинде жаңы бөлүнүүнү жаратууга аракет кылып жатышат. Бирок тарых – чоң сабак!
Колонизаторлор өздөрүнүн агенттерин экономикалык жана геосаясий кызыкчылыктары үчүн колдонот, ал эми алар эл арасында жек көрүндү болуп калган соң, башка марионеткалар менен алмаштырат.
Биз жаш революциячыларды эскертебиз!
Эл аралык система менен саясат жүргүзүү – өзүн-өзү жок кылууга барабар! Колонизатор державалар сиздерди бир көз ирмемде сатып кетүүгө жана өз кызыкчылыктары талап кылган учурда кайрадан зулум күчтөрүн бийликке алып келүүгө даяр! Авами Лигасын калыбына келтирүү аракети Тулси Габбарддын Индияга болгон сапарынан кийин байкала баштады. Ошондуктан, Американын колониялык максаттарына курал болуп калбагыла! Анын ордуна, элдин күчүнө таянып, зулум жана анын артында турган күчтөргө каршы күрөш жүргүзгүлө!
Силердин урааныңар мындай болсун:
“Баш ийүүбү же күрөшпү? Күрөш! Күрөш!” “Макулдашуубу же каршылыкпы? Каршылык! Каршылык!”
Мына ушул июль көтөрүлүшүндө көрсөткөн рухуңарды сактап калуунун жолу!
Сөзүбүздүн акырында, Хизб ут-Тахрир төмөнкү чакырыкты таштайт:
Ойгонгула улуттун аң-сезимдүү уул-кыздары! Жаштар, чынчыл саясатчылар, ойчулдар жана аскер адамдары! Зулум күчтөрүнүн калыбына келтирилишине каршы катуу добуш көтөргүлө! Өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоп, аны Америка, Британия жана Индия сыяктуу баскынчы мамлекеттердин үстөмдүгүнөн сактап калуу үчүн бириккиле! Америка менен Индиянын Исламга жана бул өлкөгө каршы түзгөн кутумдарына каршы бирдиктүү күрөш жүргүзгүлө!
Аллах Таала мындай деген:
﴿لَا يَتَّخِذِ الْمُؤْمِنُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ وَمَنْ يَفْعَلْ ذٰلِكَ فَلَيْسَ مِنَ اللهِ فِي شَيْءٍ إِلَّا أَنْ تَتَّقُوا مِنْهُمْ تُقَاةً وَيُحَذِّرُكُمُ اللهُ نَفْسَهُ وَإِلَى اللهِ الْمَصِيرُ﴾
«Бардык иш Алланын колунда болгон соң, демек момундар момундарды таштап коюп, каапырларды дос тутушпасын! Ким ошондой кылса, анда ал Алла тарабынан эч нерседе эмес (Тагыраак айтканда Аллага чоочун). Бирок, аларга силер абайлап мамиле жасооңор дурус. Алла силерди өзүнүн (азабы менен) эскертет, коркутат. Алланын өзүнө гана кайтасыңар» (Аали Имран, 28).
Хизб-ут-Тахрирдин Бангладештеги маалымат бөлүмү