Яхудий мамлекети Газага карата геноцид жана жыныстык зомбулук жасоодо. Бул кайдыгерликтен качан ойгоносуңар?!

43
0

Басма сөз баянаты

Яхудий мамлекети Газага карата геноцид жана жыныстык зомбулук жасоодо.
Бул кайдыгерликтен качан ойгоносуңар?!

2023-жылдын 7-октябрында “Аль-Акса топону” операциясы башталгандан бери яхудий мамлекети Газадагы мусулмандарды жалгыз калтырып, аларга болгон жек көрүүсүн төгүп, он миңдеген шейиттерге алып келген массалык кыргындарды жасады. Бирок? Ислам үммөтү байланган бойдон, анын аскерлери болсо кабырдагы адамдардай унчукпай отурат! Ок атышууну токтотуу келишимин бузгандан кийин яхудий мамлекети кайрадан кыргындарын улантууда, бул кылмыштарына Батыш ачык түрдө колдоо көрсөтүп, мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучу режимдер болсо шермендеkbr деңгээлде катып турушат.

2025-жылдын 13-мартында BBC эл аралык көз карандысыз тергөө комиссиясынын жаңы отчету боюнча макала жарыялады. Бул отчет 2023-жылдын 7-октябрынан бери оккупацияланган Палестина жерлеринде аялдарга, эркектерге жана балдарга каршы жасалган “көп сандагы укук бузууларды” документтештирет. Анда яхудий мамлекети “аялдардын ден соолугун сактоо мекемелерин системалуу түрдө жок кылуу аркылуу Газага каршы согушта геноцид жасаганын жана жыныстык зомбулукту согуштук стратегия катары колдонгонун” белгилейт.

Бул кылмыштардын ичинде медициналык мекемелерди, төрөт борборлорун жана репродуктивдик ден соолук боюнча жайларды жок кылуу бар. Максат жаңы төрөлүүлөрдүн алдын алуу, энелерди өлтүрүү жана дары-дармектер менен медициналык жабдууларды жеткирбөө аркылуу коопсуз төрөттү жана төрөттөн кийинки камкордукту мүмкүн эмес кылуу. БУУ муну геноцид жана жыныстык зомбулук катары баалады. Мындан тышкары, аялдарды мазактоо, зордуктоо коркунучу менен коркутуу жана уятсыз мамиле кылуу фактылары дагы орун алган.

Эй, эки миллиарддык Ислам үммөтү!

Бул кордук качан токтойт?! Яхудий мамлекети мусулмандардын жерлеринде каалагандай басып жүрүп, зулум кылып жатканда, силер башкаруучулардын чыккынчылыгына жана армиялардын иш-аракетсиздигине кантип көз жумуп тура аласыңар?! Яхудий мамлекети өзүнүн кылмыштарын улантууну аскердик күчтөн башка эмне токтото алат?!

Кимде-ким эл аралык система Палестина элин колдойт деп ойлосо, ал чоң жаңылыштыкта. Биз бул кылмышкер система мурда Босния, Ирак, Рохинжа мусулмандары жана уйгурлар үчүн кандайча “жардам” көрсөткөнүн көрдүк! Кимде-ким БУУнун яхудий мамлекети жөнүндө даярдаган бул жасалма отчеттору Палестина элине адилеттик берет деп ойлосо, көзүндөгү чүмбөттү ачып, чыныгы абалды түшүнсүн! Бул отчетторду кылдат изилдеген адам яхудийлердин баскынчы мамлекет катары жашап кетишин мыйзамдаштыруу үчүн жазылганын көрөт. Алар Палестина элине жалпы жердин 20%дан аз бөлүгүн берип, ал жерге чакан мамлекетче түзүүнү сунушташат!

Эй, мусулмандар! Эй, мусулмандардын армиялары, айрыкча чектеш өлкөлөрдөгү аскерлер!        

Кимде-ким унчукпай отурса, балээден аман калат деп ойлосо, ал жаңылышат. Анткени бул душман бизди бөлүп карабайт, бардыгыбызды өзүнүн кийинки бута тизмесине киргизген. Кимде-ким жеңиш жихадсыз келет деп ойлосо, же عز (урмат-сыйды) Аллахтан эмес, башка бирөөлөрдөн күтсө, ал өзүнүн да, акыретинин да ийгилигин жоготот. Бул болсо ачык жеңилүү!

﴿يَدْعُو مِن دُونِ اللهِ مَا لَا يَضُرُّهُ وَمَا لَا يَنفَعُهُ ذَٰلِكَ هُوَ الضَّلَالُ الْبَعِيدُ * يَدْعُو لَمَن ضَرُّهُ أَقْرَبُ مِن نَّفْعِهِ لَبِئْسَ الْمَوْلَى وَلَبِئْسَ الْعَشِيرُ * إِنَّ اللهَ يُدْخِلُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ إِنَّ اللهَ يَفْعَلُ مَا يُرِيدُ * مَن كَانَ يَظُنُّ أَن لَّن يَنصُرَهُ اللهُ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ فَلْيَمْدُدْ بِسَبَبٍ إِلَى السَّمَاءِ ثُمَّ لْيَقْطَعْ فَلْيَنظُرْ هَلْ يُذْهِبَنَّ كَيْدُهُ مَا يَغِيظُ﴾

“Ал Алладан башка, өзүнө зыян да, пайда да бере албай турган буттарга жалбарат. Бул – жолдон катуу адашуунун өзү. Ал, күдүксүз, зыяны пайдасынан жакыныраак болгон буттарга жалбарып дуба кылат. (Бирок ал буттар) кандай гана жаман «эге» жана кандай гана жаман «дос!» Албетте, Алла ыйман келтирген жана жакшы иштер кылган заттарды астынан дарыялар агып тура турган бейиштерге киргизет. Албетте Алла Өзү каалаган ишти кылат. (Албетте, Алла Өз пайгамбарына жардам берет, эми) кимде-ким Алла эч качан ага жардам кылбайт, деп ойлоочу болсо, анда бир аркан менен асманга – шыпка асылып, (өзүн жерден) үзсүн (тактап айтканда, өзү үчүн дар жасап, ага асылсын), андан соң карасын – бул айла-амалы анын ачуусун кетирээр бекен?! (Хаж, 12-15).

Бул аятты ушундай түшүнүү керек: Алла Таала Өз пайгамбары Мухаммад (алайхис саламга) жана Ислам динине жардам-жеңиш бербейт, деп ойлоп жүргөн кишилер бир дар жасап, өздөрүн аскандары жакшы. Антпесе, Теңир Тааланын мусулмандарга берген жеңиш үстөмдүгүн көрүп, ал кишилердин баштары кайгыдан чыкпай калат.

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүн аялдар жааты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here