Тулси Габбард Америка-Индия өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүүгө берилгендигин тастыктады

42
0

Басма сөз баянаты

Тулси Габбард Америка-Индия өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүүгө берилгендигин тастыктады

АКШнын Улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Тулси Габбард Индияга болгон сапарында Бангладештеги азчылык улуттарды кысымга алуу жана «Ислам Халифалыгы» тууралуу жек көрүндү сөздөрдү айтты. Бул саясий аң-сезими жогору, Исламды сүйгөн эл үчүн таң калычтуу болгон жок. Бирок, бул сөздөр Американын Бангладештеги тыңчыларынын чыккынчылыгын ашкерелеп койду. Анткени бул тыңчылар Бангладешти Индияга каршы туруу үчүн Американы дос катары кабыл алууга үндөгөн. Бул өлкөдөгү Исламды сүйгөн элге Америка Исламга каршы согуш жүргүзүү саясатынан баш тартты деп ишендиришкен. Чындыгында болсо, Америкадагы бийлик алмашканы менен анын тышкы саясаты өзгөрбөйт. Тескерисинче, текебер Трамп жана анын администрациясы өздөрүнүн тыңчыларын шылдыңдап, алардын тышкы саясатынын максаттарын ашкерелөөнү жакшы көрөт. Ошондуктан, Бангладештин саясий көрүнүшүн өзгөртүү үчүн төлөнгөн 29 миллион доллардын эсебин талап кылды. Ал эми бул каражатты эгемен мамлекеттин саясатын көзөмөлдөөгө колдонуу – оор кылмыш жана башка мамлекеттин ички ишине кийлигишүүгө барабар.

Американын Бангладештеги тыңчылары ар дайым элди алдап, «Америка каргыш тийген яхудийлердин түзүмүн Палестинанын элин өлтүрүү жана сүргүнгө айдоо менен колдогонуна карабай, биздин өлкөнү Индиянын агрессиясына каршы колдойт» деп келишкен. Бирок чындыгында, Америка араб аймагында яхудий баскынчыларын колдоо менен Исламга жана мусулмандарга каршы согуш жүргүзгөнү сыяктуу, бул аймакта да Индияны өзүнүн аймактык кайтаруучусу катары колдонуп, Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүн улантууда. Бизди бул баскынчы кафирлер жана алардын тыңчылары жөнүндө Аллах Таала эскерткен. Аллах Таала мындай дейт:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاءَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ إِنَّ اللهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ﴾

“Эй момундар, жөөттөр менен насранийлерди дос тутпагыла! Алардын кээ бирлери кээ бирлерине дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте Алла заалим коомду туура жолго баштабайт”. (Маида, 51)

Мусулмандар яхудий түзүмүнүн жана мушрик Индия мамлекетинин эң башкы душманы экенин Америка билет. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт:

 ﴿لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا﴾

“Ыйман келтирген адамдарга эң катуу душмандык кылуучу адамдар жөөттөр жана мушрик (Аллага бир нерсени тең кылуучу) болгон кимселер экенин көрөсүң”. (Маида, 82)

Биз убактылуу өкмөттүн уятын жашыруу максатында Тулси Габбардын билдирүүсүнө каршы деп аталган «айыптоону» жөнөткөнүн көрдүк. Бирок ошол эле учурда алар бул өлкөнүн элинин Ислам башкаруусун талап кылуусун «Ислам терроризми» деп атап, мусулмандарды басмырлоону улантууга берилгендигин дагы бир жолу көрсөтүштү. Бул тыңчылар батыштагы кожоюндарына толугу менен баш ийген жана ушунчалык акылсыз болгондуктан, Америкага каршы бир да суроо берүүгө даай алышкан жок! Эмне үчүн Тулси Габбард Индия мамлекетинин колдоосу менен уланып жаткан мусулмандардын кысымга алынышына тынчсыздануусун билдирген жок?! Дүйнө Индиядагы мусулмандар хиндутва экстремисттеринин зомбулугуна кабылып жатканын, ошол эле учурда Тулси Габбард Индияда жүргөнүн көрдү. Бирок ал Индиянын фашист Хасинаны башпаанекке алышы боюнча бир да сөз айткан жок. Американын тыңчылары бул суроолорду берген жок, анткени алар бул аймактагы Америка менен Индиянын байланышын жакшы билишет.

Эй, адамдар! Америка менен Индия бул элге душмандык кылып жатканын көрүп туруп, Америка кафир колонизатор жана анын аймактык вассалы болгон Индияны Ислам үммөтүнүн душманы деп эсептебөөгө кандай жүйөңөр бар?! Көпчүлүк адамдар Тулси Габбарддын билдирүүсүндө зулум Хасинаны кайра бийликке алып келүү планы байкалып жатканын сезип турушат. Ошондуктан, Хизб ут-Тахрирдин аң-сезимдүү элге, саясатчыларга, ак ниет интеллектуалдарга жана армия мүчөлөрүнө чакыруусу – АКШ менен Индиянын Хасинаны кайра бийликке алып келүү же анын ордуна башка бир тыңчыны коюу планына каршы биригүү жана алардын Ислам менен мусулмандарга каршы кутумдарын бузуу.

Эй, адамдар! Силер АКШнын секулярдык капиталисттик түзүлүштү коргоочу экенин билесиңер. Бирок азыр ал «оорукчан адамга» айланды. Капиталисттик түзүлүш бүткүл дүйнөдө бузук, зулум түзүлүш катары айыпталып, четке кагылууда. Ошондуктан, алар адилеттүү башкаруу болгон Халифалык түзүмүнүн кайтып келишинен коркушат.

Бул аймак 700 жыл бою Ислам башкаруусу астында мусулмандар менен мусулман эместер тынчтыкта жашашкан. Ошондуктан, АКШнын чалгын кызматынын башчысы Тулси Габбарддын «Халифалыктын кайра орношу мусулман эмес элдерге терс таасирин тийгизет» деген сөзү – чоң жалган жана алардын саясий жактан банкрот болгонунун далили.

Чындыгында, бул аймак Батыштын колонизатор мамлекеттеринин геосаясий кутумдарынан жана зулум Дахирдин ордуна келген хиндутва башкаруучу катмарынан Халифалык түзүлмөйүнчө кутула албайт. Аймактагы туруктуулукту кайтаруу да, Аллахтын уруксаты менен, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык аркылуу гана ишке ашат.

Ошондуктан, баарыбыз Хизб ут-Тахрир менен биригип, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылышыбыз керек.

﴿وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا﴾

“Биз о.э силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык”. (Бакара, 143)

Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү
Бангладеш вилаяты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here