Америка Халифалыктын таңы атышынан кооптонууда

51
0

Басма сөз баянаты

Америка Халифалыктын таңы атышынан кооптонууда

Үммөт колонизаторлук эзүүдөн кутулуу жана Батыштын үстөмдүгүнөн бошонуу үчүн алдыга кадам таштаган сайын, Батыш күчтөрү коңгуроо кагууда. Себеби, мунун натыйжасында Пайгамбарлык жолундагы адилеттүү Халифалык кайра жанданып кетишинен коркушат. Сириянын заалим башкаруучусу Башар Асад качып, козголоңчулар Дамаскка киргенде, Америка жана анын кресттүү союздаштары дүрбөлөңгө түшүп, бул окуяны көзөмөлгө алуу үчүн ири жана майда элчилерин биринин артынан бирин жөнөтүштү. Алар үчүн мындай окуя чоң коркунуч жараткан. Эгерде абал алардын көзөмөлүнөн чыгып кетсе, анын кесепеттери кафирлердин башына түшөт.

Мусулман өлкөлөрүнүн чыгыш тарабында, Бангладеште, Америка жана анын союздашы Индия кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп, диктатор Шейх Хасинанын качып кетишинен улам олуттуу тынчсызданышууда. Алардын эң башкы коркунучу – бийлик исламдын жана мусулмандардын колуна өтүп кетиши. Анткени алар жакшы билишет, эгерде мусулмандар Батыштын тыңчылары болгон башкаруучулардын кийлигишүүсүнөн бошотулса, дүйнөдөгү бардык мусулмандар сыяктуу эле Бангладеш эли да өз каалоосу менен Исламды тандайт. Ошондуктан, Америка Бангладештеги студенттик көтөрүлүштү басуу жана аны көзөмөлгө алуу үчүн өз кишиси Мухаммад Юнусту сүргүндөн чакырып келди. Бул көтөрүлүш Бангладеш армиясын диктатор Хасинаны бийликтен кулатып, аны Индияга качырууга аргасыз кылган.

Индиянын NDTV телеканалына берген маегинде АКШнын чалгындоо кызматынын жетекчиси Тулси Габбард Бангладеште диний азчылыктар кысымга алынууда жана “исламчыл террорчулардын коркунучу” күчөп жатат деп билдирди. Анын айтымында, булардын баары “исламий Халифалык башкаруусун орнотуу” максатында жасалып жаткан. Бул билдирүү Хизб-ут-Тахрир партиясынын Бангладеш аймагында 2025-жылы 7-март, жума күнү өткөргөн “Халифалык жүрүшүнөн” кийин айтылды. Бул жүрүш мусулмандарга халифалыктын кыйратылганын эскертип, аны кайра тикелөө үчүн аракет кылууга чакырып, күч жана кудурет ээлерине ачык кат жөнөтүү максатында уюштурулган.

Өлкөдөгү убактылуу өкмөт бул жүрүштү күч менен токтотууга аракет кылганына карабастан, бул Америка үчүн ишенимдүү адам болгон Бангладештин убактылуу президенти, Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты жана АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтондун 40 жылдык досу Мухаммад Юнусту сактап кала алган жок. Анын убактылуу өкмөтү АКШ өкмөтүнүн толук колдоосуна ээ болгонуна карабастан, Юнус АКШнын мурдагы президенти Жо Байден менен Нью-Йоркто жолугушууга мажбур болду.

Колонизатор кожоюндарынын ишенимин акташ үчүн Бангладештин убактылуу өкмөтүнүн Тулси Габбарддын билдирүүлөрүнө берген жообу күтүлгөндөн да ашып түштү. Өкмөт бул билдирүүнү “жалган маалыматка негизделген жана Бангладештин аброюна доо кетирген” деп сыпаттады. Алар Бангладеш “исламдын салттуу практикаларын тынчтык жолу менен сактап келген жана экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүндө олуттуу жетишкендиктерге жеткен өлкө” деп айтышты.

Чындыгында, Бангладештин убактылуу өкмөтү жана анын “терең мамлекет” түзүмү Исламга каршы күрөшүүгө жана өлкөдө Халифалык башкаруусунун кайра орношуна жол бербөөгө толук берилген. Бул алардын азыркы кырдаалынан эмес, саясий чөйрөнүн мүнөзүнөн келип чыккан, мурунтан калыптанып калган позиция. Диктатор Хасина качып кеткенден кийин да өлкөнүн саясий чөйрөсү Батышка болгон берилгендигин сактап калды. Алар Батыштын элчиликтери жана колонизатор күчтөр менен байланыштарын улантып, алардын көрсөтмөлөрүн аткарып жатышат. Ошондуктан, АКШ чалгын кызматынын башчысынын билдирүүлөрүнө болгон алардын жообу өздөрүнүн Исламга каршы күрөшүнө болгон берилгендиктерин далилдөө максатында жасалды. Алар Исламга жана Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга каршы күрөшү жетишсиз деп баалануусун каалашкан жок.

Мусулмандардын башкаруучуларынын, анын ичинде Бангладеш өкмөтүнүн жана анын “терең мамлекетинин” аңдабаганы – АКШ Исламдын мусулман өлкөлөрүндө кайра жаралышынын өзү эле чоң коркунуч экенин түшүнөт. Көпчүлүк учурда бул кооптонууларын жашырып келишсе да, кээде ачык билдирип коюшат. АКШ жана анын чалгын жетекчилери Бангладештеги жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү Исламдын кайра жанданышын олуттуу кабыл алышат. Алар Исламдын өздөрүнүн бузулган, ач көз цивилизациясына каршы жогорку маданий альтернатива экенин жакшы билишет. Эгерде Халифалыкты тикелөө үчүн күрөшүп жаткан үммөт менен байланышты үзбөй койсо, анда үммөт бул чакырыкты кабыл алып, Ислам башкаруусун тандап, өзүнүн халифасын Аллахтын китеби жана Пайгамбарынын ﷺ  сүннөтү боюнча башкарууга байъат берери анык. Ошондуктан, Америка жана анын кресттүү союздаштары алдын ала чара көрүү саясатын жүргүзүп, өздөрүнүн тыңчыларына жана агенттерине үммөттү Халифалыкка чакыргандардан ого бетер алыстатууну буюрду. Аларга бул максатта тыюу салуу, куугунтуктоо, камоо, кысым көрсөтүү жана бардык күчүн колдонуу тапшырылды. Бул – Мекке мушриктери Пайгамбарга ﷺ жана анын сахабаларына каршы жасаган иштерге окшош аракет. Алар Пайгамбарды ﷺ жана анын жолун жолдоочуларды бойкот кылып, кыйнап, жалган жалааларды таратып, анын акыйкат чакырыгын жок кылууга аракет кылышкан. Бирок Аллах Өз динин үстөм кылды жана аны бүтүндөй диндерден үстөм кылып койду. Аллахтын уруксаты менен, Халифалык үчүн күрөшүп жаткан даъватчылар үчүн да ушундай жеңиш келери шексиз, Америка жана анын чалгын кызматынын башчысы канчалык каалабаса да.

﴿يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللهُ إِلَّا أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ * هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ﴾

“Алар Алланын нурун (тактап айтканда, Исламды) ооздору (пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Алла болсо, каапырлар каалашпаса да, Өз нурун (динин) толо (ар тарапка) жайуучу. Ал (Алла) Өз пайгамбарын Туура Жол жана чыныгы дин менен-эгер мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге жеңүүчү кылуу үчүн жиберген Зат”. (Саф, 8-9).

Бангладештеги мусулмандарга жана армиядагы ыкластуу мусулмандарга эскертип кетүүбүз керек: Батыштын кафир күчтөрү аларды бутага алган. Бул күчтөр алар үчүн чыныгы бакыт болуп эсептелген Исламдын кайтып келишин жана Аллахтын өкүмдөрү менен башкарууну каалашпайт. Ошондуктан, алар бардык күчү менен Халифалыкты тикелөө үчүн күрөшүп жаткандар менен алардын жактоочуларынын жакындашуусуна тоскоол болууга аракет кылышууда.

Демек, алар бул кутумду жакшы аңдап, аны жок кылуу үчүн Хизб-ут-Тахрир менен тыгыз иштеши керек. Ошондой эле, Бангладеш армиясындагы ыкластуу мусулмандар тез арада партияга нусрат берүү үчүн аракет кылуулары зарыл. Антпесе, Америка Бангладештеги тыңчыларынын бийлигин бекемдеп, балким, диктатор Хасинаны кайра бийликке алып келүүгө жетишүүсү мүмкүн.

﴿مَا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلَا الْمُشْرِكِينَ أَنْ يُنَزَّلَ عَلَيْكُمْ مِنْ خَيْرٍ مِنْ رَبِّكُمْ وَاللهُ يَخْتَصُّ بِرَحْمَتِهِ مَنْ يَشَاءُ وَاللهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ﴾

“Китеп ээлеринен (жөөт жана христиандар) болгон каапырлар да, мушриктер да силерге Раббиңер тарабынан бир жакшылык түшүүсүн жактырышпайт. Алла Өз Жакшылыгын каалаган кишисине берет. Алла улуу ырайымдуулуктун Ээси”. (Бакара, 105).

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here