Судандагы акыркы өзгөрүүлөр

45
0

Судандагы акыркы өзгөрүүлөр

Өткөн аптада Суданда, айрыкча борбор шаар Хартумда уланып жаткан согуш олуттуу өзгөрүүгө дуушар болду. 2025-жылдын 21-мартында, жума күнү, Судан армиясы катуу салгылашуулардан кийин Республикалык сарайды кайра кайтарып алды. Бул сарай акыркы эки жылдан бери Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүндө болуп келген. Бул имарат “мамлекеттик эгемендүүлүктүн символу” деп эсептелгендиктен, аны кайтаруу маанилүү окуя катары каралууда. Ошондой эле, армия Хартумдун борборундагы бир нече маанилүү аймактарды өз көзөмөлүнө алды жана шаарды толугу менен басып алуу үчүн мындан ары да чабуулун улантууда. Бардыгы Американын планы боюнча жүрүп жатат. Адегенде армия Жазира, Сеннар жана Кордофандын айрым бөлүктөрүн өзүнө каратып, андан соң борбор шаарды толук көзөмөлгө алышы керек.

Америка өз максатына жетти. Эл армияны “жерди жана ар-намысты коргоочу күч” катары кабыл алды. Ал эми жарандык саясий күчтөр болсо “каралануу” процесси аркылуу элдин колдоосунан ажыратылды. Эми армиянын негизги милдети “Ыкчам колдоо күчтөрү” ээлеген бардык аймактарды өз көзөмөлүнө алуу. Бирок бул Дарфур регионунан башка бардык жерлерге тиешелүү. Анткени Дарфурда “Түштүк Судан сыяктуу жаңы мамлекет түзүү” планы ишке ашып жаткандай. Чындыгында, Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфурдун көпчүлүк бөлүгүн дагы эле өз көзөмөлүндө кармап турат жана армия менен биргелешкен күчтөрдүн акыркы тиреги болгон Аль-Фашер шаарын курчоого алган. Бул окуялардын артында Американын турганын АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн сөздөрү да ырастайт. Армия Республикалык сарайды басып алгандан кийин Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында ал: “Судандагы окуяларды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз. Армиянын Республикалык сарайды басып алышы – маанилүү окуя. Дүйнөдө баары бул процессти карап турушу керек, биз дагы байкап жатабыз” – деп билдирди.

Армия жеңиштерге жетишип жатканына карабастан, Судандын тышкы иштер министри Али Юсуфтун билдирүүсүндө Ыкчам колдоо күчтөрү менен сүйлөшүүлөр мүмкүн экендиги баса белгиленди. Өкмөт атышууну токтотуу боюнча сунуш киргизди, ага ылайык, Ыкчам колдоо күчтөрү куралсыз чыгып кетиши керек. Министр жума күнү “Аль-Арабия” телеканалына берген маегинде согуш бүткөндөн кийин сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн экенин билдирди.

Дарфур майданына келсек, өткөн бейшемби күнү Ыкчам колдоо күчтөрү Аль-Фашерден 210 км түндүк-чыгыштагы Аль-Малиха шаарын басып алганын жарыялады. Шаар тургундары бул күчтөр шаардын борбордук администрациясын, резервдик күчтөрдүн штабын жана биргелешкен күчтөрдүн жайгашкан жерин басып алганын билдиришти. Бирок жума күнү биргелешкен күчтөр шаарды кайра кайтарып алганын билдиришти. Бирок бул маалымат так аныкталган эмес. Шаар чынында кимдин көзөмөлүндө экени белгисиз. Аль-Малиханын стратегиялык мааниси өтө чоң: ал Ливия чек арасына жакын жайгашкан жана Түндүк менен Чыгыш Дарфурду байланыштырып турган аскердик жабдуу жолуна ээ. Демек, бул аймак үчүн күрөш дагы уланышы мүмкүн.

Ал эми аскерлер менен жарандык күчтөрдүн ортосундагы саясий күрөш башкача айтканда, Американын адамдары менен Европанын жана Британиянын адамдары ортосунда күрөш уланып жатат. Судандын тышкы иштер министри өз билдирүүсүндө Ыкчам колдоо күчтөрү менен бирге болгон тараптар келечектеги саясий процесске катыша албай турганын так айтты. Ал “Милитардык топту колдогондор улуттук диалогдун же мамлекеттик институттардын бир бөлүгү боло албайт” деп баса белгиледи.

Ушул эле маселеге байланыштуу БУУнун Судандагы мурдагы өкүлү, жарандык күчтөргө жан тарткан Фолкер Пертес: “Жакында Ыкчам колдоо күчтөрү менен саясий альянс түзүп, алардын көзөмөлүндө өкмөт түзүүгө аракет кылган жарандык күчтөр толугу менен мыйзамдуулугун жоготту” деп Твиттерде (X) жазды. Ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө дагы: “Бирок көпчүлүк жарандык активисттер, саясий лидерлер, жарандык коом өкүлдөрү жана өзгөчө кырдаал комитеттерине айланган каршылык топтору жөн гана согуштун токтошун каалап жатышат. Өлкөнү кайра куруу жана башкаруу милдети согушкан тараптарга эмес, дал ушул күчтөргө таандык болушу керек”,- деп билдирди.

Гуманитардык кырдаал оорлоп баратат

2025-жылдын 19-мартында “France 24 телеканалы Судандагы гуманитардык кырдаал боюнча төмөнкүдөй кабар таратты: “Судандагы гуманитардык кризис күчөп жаткан маалда, 19-мартта Хартумдагы Өзгөчө кырдаал борбору Ыкчам колдоо күчтөрүнүн бомбалоосу натыйжасында бир жуманын ичинде 50дөн ашык адам, анын ичинде 10 ыктыярчы каза болгонун жарыялады. Бул окуялар жарандарга карата зомбулуктун күчөшү, мажбурлап көчүрүүлөр жана тамак-аш тартыштыгы менен коштолуп, айыгышкан салгылашуулар менен бирге уланып жатат”.

Ошондой эле, Судандын Дарыгерлер түйүнү билдиргендей, Ыкчам колдоо күчтөрү Түндүк Кордофандын Аль-Обейд шаарындагы турак жайларга аткылоо жүргүзүп, натыйжада төрт киши мерт болуп, 11 адам жаракат алды. Бул шаар акыркы күндөрү үзгүлтүксүз бомбалоого дуушар болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты да 21-мартта тараткан билдирүүсүндө “Хартумдун чыгыш тарабында жана Түндүк Омдурмандын аймагында 2-марттан бери жарандарга кол салуулар көбөйүп, курмандыктар саны өсүүдө” деп маалымдады. Комиссариаттын өкүлү Сейф Магнужонун айтымында, “бүгүнкү күндөгү кырдаал шашылыш гуманитардык жардамды талап кылат”. Ошондой эле, ал согушкан эки тарапты жана аларга таасир эте ала турган мамлекеттерди “жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн конкреттүү чараларды көрүүгө” чакырды.

Судандагы кырдаал жана мусулман үммөтүнүн милдети:

Судандын эли бул жексур согуштун курмандыгы болуп жатат. Бул согуш алар үчүн эмес, тескерисинче, өлкөнүн байлыктарын талап-тоноого кызыкдар колонизатор державалар үчүн жүрүп жатат! Ошондуктан, биз Батыштын куу саясаттарына сергек кароого жана алардын оюндарын ишке ашырып жаткан адамдарды токтотууга милдеттүүбүз. Биз аларды туура жолго кайтарууга, Исламдын улуу далилин карманууга, жана пайгамбарлык минхажы негизинде экинчи Халифалыкты тикелөөгө чакырышыбыз керек. Себеби, сүйүктүү Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«فَإِنَّهُ مَنْ يَعِشْ مِنْكُمْ بَعْدِي فَسَيَرَى اخْتِلَافاً كَثِيراً، فَعَلَيْكُمْ بِسُنَّتِي وَسُنَّةِ الْخُلَفَاءِ الْمَهْدِيِّينَ الرَّاشِدِينَ، تَمَسَّكُوا بِهَا وَعَضُّوا عَلَيْهَا بِالنَّوَاجِذِ»

“Чындыгында, менден кийин ким жашаса, көптөгөн талаш-тартыштарды көрөт. Андыктан менин сүннөтүмдү жана туура жолдогу халифалардын сүннөтүн бекем кармагыла! Ага азуу тишиңер менен жармашкыла!”

Бул – дүйнө жүзүндөгү мусулман үммөтүнүн өнүгүү жолу жана акыреттеги ийгиликке жетүү чарасы!

Ибрахим Усман Абу Халил

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here