Рамазан Айтыбыз маарек болсун
Бүткүл ааламды жаратып, бизди хидаят жолго багыттаган Аллахка мактоолор болсун! Анын хидаят жолун бизге жеткирип, көрсөтүп кеткен Расулуллах (с.а.в)га, үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал зат менен дос болгондорго саламдар болсун!
Бүгүн 29-Рамазан (29-март) Шаввал айын күзөтүүнүн натыйжасында, жаңырган ай шарий тастыкталды. Ушуга ылайык, 30-март, жекшемби күн айт майрамы болоору аныкталды.
Кыргызстандагы жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды Аллах Таала эки майрамдын бири кылып белгилеген Орозо айтыңыздар менен куттуктайбыз. Аллахым Анын ыраазылыгын гана каалап туткан орозобузду, тилават кылган Кураныбызды кабыл кылсын. Пайгамбар (с.а.в) айтты:
عن عبد الله بن عمرو أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: “الصيام والقرآن يشفعان للعبد يوم القيامة، يقول الصيام: أي رب، منعته الطعام والشهوات بالنهار فشفِّعني فيه، ويقول القرآن: منعته النوم بالليل فشفعني فيه، قال: فيُشفَّعان” رواه أحمد وصححه الألباني
Абдулла бин Амрдан риваят кылынат, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Орозо жана Куран Кыямат күнү пендеге шапаат кылат. Орозо айтат: “Оо Раббим, аны күндүзү тамактан жана кумардан тыйдым, мени ага шапаатчы кыл”. Куран мындай дейт: “Мен аны түндө уйкусуз калтырдым, мени ага шапаатчы кыл”. Пайгамбар (с.а.в. айтты): “алар ага шапаат кылышат””.
Аллахым миң айдан абзел болгон Кадыр түн жакшылыктарына жетишкендерден кылсын. Аллахым сиздерге Райян бейишин насип этсин.
Бул жылдагы Орозо айты өлкөбүздө мусулмандар динине дагы да жакындап, анын өкүмдөрүн карманууга өч болгон учурга туш келди. Муну Рамазан айы ичинде кылынган жакшы амалдар, мусулмандардын бири-бирине дос, каапырларга каардуу маанайы тастыктады. Ал эми, бийлик ээлеринин аракеттери мунун тескерисин көрсөтүүдө. Мусулмандарды ар кандай шылтоолор менен орозо учурунда да камакка алууда. Алар “Роббим Аллах” дегени үчүн гана б.а. Аллах буйругандай жашайлы дегени үчүн гана “экстремизм” жалаасы менен зулум чегип жатышат.
Ал эми, мусулмандарга арам болгон жаңы жыл, 8-март, нооруз сыяктуу күндөрдө майрамдык маанай тартуулаган борбордук аянт мусулмандардын шаттык күнүндө намаз окууга да бошотулбай турган болду. Булардын баары бийлик менен үммөттүн ортосундагы ажырым барган сайын алыстап жатканынан кабар берет.
Аллахтан бүгүнкү жаман абалыбызды мындан жакшы абалга өзгөртүүсүн, Өзү убада кылган бакубат жашоого жеткирүүсүн сурап дуба кылабыз. Келерки жылкы Рамазанда дин жолунда ийгиликтер үстүндө кездештирип, татыктуу тосуп, татыктуу өтөөнү насип этсин! Кудуреттүү Аллахтан жакынкы күндөрдө бардык мусулмандарды Өз нусраты менен кубантышын, бизди Ислам менен, Исламды биз менен азиз кылышын сурап калабыз. Улуу майрамыңыздар дагы бир жолу мубарак болсун.
Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү