Газага каршы согуш кайра жанданды жана ага кошо чыккынчылыктын ачуу даамы менен өзгөрүү мүмкүнчүлүгү да жаңырды
17-март, шейшемби күнү, таң эрте яхудийлердин армиясы Газаны кайрадан массалык түрдө бомбалап, жүздөгөн адамдын өмүрүн алды. Көбүнчө аялдар жана балдар курман болушту.
Бул жолу яхудийлердин Газага каршы чабуулу Американын ачык-айкын колдоосу менен ишке ашты. АКШ өзү үч баскычтан турган келишимди демилгелеп, аны көзөмөлдөп турганына карабастан, Вашингтондун “Израилге” согушту баштоого “жашыл чырак” бергенин Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролайн Левит да ырастап, мындай деди:
“Израил” бүгүн Газаны бомбалоо алдында АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен кеңешкен. Президент Трамп ачык айткандай, ХАМАС, хусийлер, Иран жана Израилди гана эмес, АКШны да коркуткан ар бир тарап айыбын төлөйт. Алар үчүн тозоктун дарбазалары ачылат”.
“Израилдин” расмий коомдук телерадиокорпорациясы да яхудийлер чабуулду баштаардан мурун Американы бул пландар менен тааныштырганын жарыялады.
Яхудийлердин согушуна жардам берүү үчүн Американын Йеменди бутага алышы:
Бир эле учурда Америка Йеменге каршы аба соккуларын да күчөтүп, мурдагыдан да катуу бомбалай баштады. Президент Трамп хусийлерге каршы жаңы жана узак мөөнөттүү аскердик операция баштай турганын жарыялады. АКШнын расмий билдирүүсүндө бул соккулардын максаты “хусийлердин Кызыл деңиздеги эл аралык жүк ташуучу кемелерге кол салуусун токтотуу” деп көрсөтүлдү. Бирок, чынында, хусийлер эл аралык кемелерге эмес, яхудийлерге таандык кемелерге гана кол салууда. Демек, Американын негизги максаты яхудийлердин кызыкчылыктарын коргоо жана Газадагы согушка тоскоолдуктарды жоюу. АКШ буга чейин Түштүк Ливандагы фронтту нейтралдаштырып, Иранды жана анын колдоочуларын Ливандан сүрүп чыгарып, Литани дарыясынан ары өткөрүп, яхудийлерге каршы бардык аракеттерин токтотууга мажбур кылган. Ошондой эле, Американын Иранды Сириядан сүрүп чыгарышы да яхудийлердин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эле.
Эгерде АКШ хусийлерди да басып, аларды Газадагы согушка кийлигишпөөгө аргасыз кылса, анда ал Газага каршы согушту тышкы тоскоолдуктарсыз яхудийлер менен өзү гана жүргүзө турган абалга жетет. Ансыз да, бардык мусулман өлкөлөрүнүн башчылары Газаны колдоодон баш тартып, өз эли менен армиясын анын жардамынан алыстатып коюшту. Мунун үстүнө, алар яхудийлерге согушту улантууда колдон келишинче жардам көрсөтүшүүдө.
Газага каршы согуш, яхудийлердин кайрадан баштаган кан төгүүсү жана Американын чоң планы:
Учурдагы абал яхудийлердин Дональд Трамптын толук колдоосу менен Газага каршы жаңы согуш баштаганын көрсөтөт. Алар тынчтык келишимдерин талап кылып, баарын өздөрүнө алып, палестиналыктарга эч нерсе бербей жатышат. Бул жолу согуш дипломатиялык сүйлөшүүлөрсүз, эч кандай чектөөлөрсүз, коркутуу, сүргүн жана жок кылуу коркунучу алдында жүрүүдө. Кээ бир аналитиктер жана байкоочулар бул согуштун ички саясий максаттарын талкуулашууда. Алардын айтымында, согуш:
- Израилдеги ички кризисти басаңдатуу;
- Протесттерди жана элдин нааразылыгын башка жакка буруу;
- Шабактын жетекчисинин кызматтан кетүүсү жана армиянын башкы штабынын өзгөрүүлөрү сыяктуу маселелерди экинчи планга жылдыруу;
- Нетаньяхунун бийликте узак мөөнөткө калышы үчүн убакыт утуп берүү;
- 7-октябрдагы (2023) согушта алсыздыгы үчүн жоопкерчиликтен качуу сыяктуу максаттарды көздөйт.
Бирок, чындыгында, булардын баары майда максаттар. Негизги чоң оюн – Жакынкы Чыгышты кайрадан калыптандыруу.
Трамптын «Жаңы Жакынкы Чыгыш» планы:
Яхудийлердин премьер-министри бир нече жолу айткандай, алардын эң чоң максаты Жакынкы Чыгышты жаңыдан түзүү. Бул Дональд Трамптын администрациясына да жагымдуу сезилип, ал бардык кыялдарын ишке ашырууга аракет кылууда. Бул үчүн:
- Газа калкын күч менен сүргүнгө айдап, жерлерин басып алуу;
- ХАМАСты аскерий жана саясий сахнадан толук четтетүү;
- Ирандын Жакынкы Чыгыштагы таасирин жок кылуу жана анын ядролук державалыкка айланышына жол бербөө;
- Яхудийлердин Сириянын аймактарын оккупациялап, ал жакта узак убакытка калышын камсыздоо;
- Түштүк Ливандагы шарттарды кайрадан өзгөртүп, аймакты толук көзөмөлгө алуу;
- Палестина мамлекетин түзүү долбоорун толугу менен жокко чыгаруу;
- Сауд Арабиясы баш болгон кошуна араб мамлекеттери менен расмий түрдө толук нормалдашуу;
- Яхудийлерди Жакынкы Чыгыштагы Американын негизги аскердик күчү кылуу пландалууда.
Америка өкүлү Стив Уиткоф мындай деди: “Эгерде ХАМАС куралсызданса, алар Газада бир нече убакытка калышы мүмкүн, бирок биз бул аймакта террористтик уюмдун болушун кабыл албайбыз. ХАМАС Газада кала албайт жана бул президенттин расмий позициясы”.
Иран боюнча болсо ал мындай деди: “Иран ядролук куралга ээ боло албайт. Эгерде алар ядролук куралга ээ болсо, бул Перс булуңунда Түндүк Кореянын пайда болушуна алып келет. Биз бул маселеде оң чечим табууга оптимисттик көз караштамын”.
Яхудийлер менен мамилени нормалдаштыруу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө Америка өкүлү мындай деди: “Эгерде биз террордук уюмдардын коркунучунан арылсак, анда башка өлкөлөр менен дагы нормалдашуу келишимине жете алабыз”.
Палестиналыктарды сүргүнгө айдоо планы дагы эле күн тартибинде. Бул тууралуу АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц:
“Палестиналыктарды Газадан башка өлкөлөргө көчүрүү – толук ишке ашуучу идея. Газаны кайрадан куруу үчүн миллиарддаган доллар коротуп, анан кайрадан террордук чабуулдарды көрүү акылсыздык”, – деп билдирди.
АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткоф болсо мындай деди:
“Газаны кайрадан калыбына келтирүү үчүн 15-20 жыл талап кылынат”.
Ошондой эле, “Израилдин” ккопсуздук министри Йоав Галант сунуштаган Газадагы элди үчүнчү өлкөгө өз ыктыяры менен көчүрүү программасы өткөн ишембиде “Израил” министрлер кабинети тарабынан жактырылды. Бул фактылардан көрүнүп тургандай, Америка яхудийлер максаттарына жетүүсүнө толук жардам берип жатат. Алар:
- Яхудий туткундарын толугу менен бошотуу;
- ХАМАСты жок кылуу;
- Газанын яхудийлерге эч кандай коркунуч жаратпашын камсыздоо;
- Иранды Жакынкы Чыгыштагы оюндан четтетүү;
- Яхудийлердин бул аймактагы негизги аскерий базага айланышын камсыздоо;
- Эгерде мүмкүн болсо, Газаны яхудийлерге толугу менен өткөрүп берүү.
Америка бул стратегиянын коркунучтуу кесепеттерин билгиси келбей жаткандай көрүнгөнү менен, акырындап анын кесепеттерин сезе баштады. АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткоф мындай деп билдирди: “Газадагы окуялардан улам Египеттин режими кулашынан этият болушубуз керек”.
Бул билдирүү Америка мусулмандардын нааразылыгынын күчөп баратканын түшүнө баштаганын көрсөтөт. Учурда Жакынкы Чыгыш оттуу казан сыяктуу кайнап жатат. Бул аймак бир заматта жарылып кетиши мүмкүн болгон динамит толгон идиштей болуп калды.
Ислам үммөтү бул зордук-зомбулукту, яхудийлердин зулумун жана саткын башкаруучулардын алсыздыгын көрүп, жүрөгү канап жатат. Эл өзүнүн башкаруучуларына нааразылыгын күчөтүүдө. Бирок, эгер мусулман үммөтү жана анын аскерлери ушул узакка созулган уйкудан ойгонбосо, анда аларды караңгы келечек күтөт.
Трамп жана башка Батыш лидерлери биринин артынан бири мусулман өлкөлөрүнө кол сала башташат. Бирок, үммөт азыр өзгөчө бир абалда турат. Калк өзүнүн башкаруучуларына басым жасап, аларды кысып жатышат. Башкаруучулар элди толугу менен баш ийдире албай жатышат. Ошондуктан, мусулман армияларындагы чынчыл, ыкластуу аскер кызматкерлери тез арада аракет кылышы керек. Алар:
- Исламды жана мусулмандарды коргоо үчүн кыймылга келиши керек;
- Яхудийлерге, Америкага жана бардык каапыр күчтөргө каршы туруу үчүн аракет кылышы керек;
- Исламдын өкүмдөрүн кайрадан орнотуу жана ислам мамлекетин (Халифалыкты) куруу үчүн күрөшүшү керек.
Эгерде азыр аракет кылбасак, анда өкүнгөндө кеч болуп калат!
Роя гезити
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн мүчөсү Бахир Салих