Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети

42
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن عائشة رضي الله عنها قالت: كان النبي صلى الله عليه وسلم إذا دخل العشر شدَّ مئزره وأحيا ليله، وأيقظ أهله. رواه البخاري ومسلم

Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте айтты: “Рамазандын акыркы он күнү башталганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) белди бекем бууп, түндө туруп, үй-бүлөсүн ойготчу”. (Аль-Бухари жана Муслим риваяты).

Урматтуу бир туугандар.

Сөздөрдүн эң жакшысы – Алла Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Бул асыл хадисте Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Рамазан айынын акыркы он күнүндө эмнеге ынтызар болгондугу баяндалат. Момундардын энеси Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Рамазан айынын акыркы он күнүндө ибадат кылууга, итикафка жана намазга ынтызар болгондугун айтат. Бул куттуу күндөрдө эмне кылышыбыз керектиги боюнча биз үчүн туура жол көрсөтүүчү. Анткени Аллах Таала бул күндөрдө ыймандуу пенделери үчүн даярдап койгон жакшылыктарды, берекелерди жана улуу сыйлыктарды камтыйт.

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бул күндөрдүн жакшылыктарын жана аларды аткарууга дилгирлер үчүн улуу сооптордун бар экендигин эске салуу үчүн ушундай кылган. Ал тургай Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үй-бүлөсү да чоң сооп жана мол жакшылыкка ээ болуш үчүн аны менен бирге бул ишти аткарууну буйручу. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ар бир мусулман адам Аллах Таала момун пенделери үчүн даярдап койгон соопко жетүүсүнө ынтызар болгон.

Бул жерде Аллах Тааланын буйруктары мейли алар ибадат болсун, мейли башка болсун, айырмасы жок белгилүү бир адамдар үчүн гана эмес, бардык адамдарга тиешелүү экенин түшүнүшүбүз керек. Эгер бир мусулман адам бир жакшылыкты билип, аны мусулман бир тууганынан жашырса, күнөөгө батат. Мусулман бир тууганынын жасап жаткан күнөөсүн билип, насаат айтпаса, ал да күнөөгө батат.

Момундар амалдарды жана ибадаттарды жамаат болуп аткарса, Аллах Таала сообун эселеп берерин бул жерден билишибиз керек. Ар бир адам жалгыз кылса, сооп жалгыз кылган адамга гана берилет. Белгилей кетчү нерсе, шарият жеке адамдарга тиешелүү өкүмдөрүндө жамандыктан тыйып, жакшылыкка чакырууну буйруган. Ким жамандыктан кайтарып, жакшылыкка буйрубаса, анда Аллах Таала азап бере турган күнөөгө кириптер болот.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 26-рамазан

2025-ж, 26-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here