Рамазан айында итикаф

27
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Рамазан айында итикаф

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا إِسْمَاعِيلُ، قَالَ حَدَّثَنِي مَالِكٌ، عَنْ يَزِيدَ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ الْهَادِ، عَنْ مُحَمَّدِ بْنِ إِبْرَاهِيمَ بْنِ الْحَارِثِ التَّيْمِيِّ، عَنْ أَبِي سَلَمَةَ بْنِ عَبْدِ الرَّحْمَنِ، عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ ـ رضي الله عنه ـ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم كَانَ يَعْتَكِفُ فِي الْعَشْرِ الأَوْسَطِ مِنْ رَمَضَانَ، فَاعْتَكَفَ عَامًا حَتَّى إِذَا كَانَ لَيْلَةَ إِحْدَى وَعِشْرِينَ، وَهِيَ اللَّيْلَةُ الَّتِي يَخْرُجُ مِنْ صَبِيحَتِهَا مِنِ اعْتِكَافِهِ قَالَ ‏”‏مَنْ كَانَ اعْتَكَفَ مَعِي فَلْيَعْتَكِفِ الْعَشْرَ الأَوَاخِرَ، وَقَدْ أُرِيتُ هَذِهِ اللَّيْلَةَ ثُمَّ أُنْسِيتُهَا، وَقَدْ رَأَيْتُنِي أَسْجُدُ فِي مَاءٍ وَطِينٍ مِنْ صَبِيحَتِهَا، فَالْتَمِسُوهَا فِي الْعَشْرِ الأَوَاخِرِ، وَالْتَمِسُوهَا فِي كُلِّ وِتْرٍ”‏‏.‏ فَمَطَرَتِ السَّمَاءُ تِلْكَ اللَّيْلَةَ، وَكَانَ الْمَسْجِدُ عَلَى عَرِيشٍ فَوَكَفَ الْمَسْجِدُ، فَبَصُرَتْ عَيْنَايَ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم عَلَى جَبْهَتِهِ أَثَرُ الْمَاءِ وَالطِّينِ، مِنْ صُبْحِ إِحْدَى وَعِشْرِينَ‏.‏ سنن ابن ماجه

Исмаил Абу Саид аль-Худриден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылды. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Рамазан айынын ортоңку он күндүгүндө итикаф кылчу (өзүнчө ибадат кылчу). Ошентип, ал жыйырма биринчи түнгө чейин бир жылы итикаф кылды. Ал түн итикаф кылып жаткан Пайгамбар (с.а.в) итикафынан чыга турган түндүн таңы болчу. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Ким мени менен итикаф кылып жатса, акыркы он күндө итикаф кылсын”. Мага бул түн көрсөтүлдү, анан унутуп калдым. Мен ал түндүн таңында ылай сууга сажда кылып жатканымды көрдүм. Андыктан аны акыркы он күндө издегиле. Аны ар бир так санда издегиле. Ошол түнү жамгыр жааган. Мечит чатырдын астында болгондуктан, мечиттин үстү жабылган. Ошондо көзүм суунун жана баткактын издери бар Аллахтын Элчисин көрдү.  Ал жыйырма биринчи күнү эртең менен болчу”. (Сунан Ибн Мажа).

Урматтуу бир туугандар!

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Бул асыл хадисте ыйык Рамазан айында эмне кылуу керек экендиги айтылат. Биз карманууга тийиш болгон амалдардын арасында чоң сооп алып келген жана Аллах Таала улуу сооп жана ажр менен өзгөчөлөнтүп  койгон бул берекелүү айдагы берекелүү түндө аткарууга милдеттүү болгон жакшы амалдарыбыз бүткөрүлгөн түнкү амал.

Бул хадисте бул айдын так түндөрүндө түнкү ибадаттын өтө маанилүүгүнө  ишарат кылынууда. Анткени миң айдан да жакшыраак болгон, Аллах орозо кармаган жана түндөсү ибадат кылган пенделерин эң жакшы ажр сооп менен сыйлаган Кадыр түнү ушул түндөрдүн биринде болушу ыктымал. Мына ушул күндөрдө бизге жетишпей жаткан бул ибадатты, бейиш убада кылынган улуу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул ибадатты эң жогорку деңгээлде тырышчаактык, чын ыклас менен аткарып жатат. Биз кыямат күнү анын шапааты менен Бейишке кире турган Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул ишке болгон катуу ынтызарлыгынан жана аны майын чыгара аткарууга болгон катуу каалоосунан чекеси суу жана ылайга малынып турат. Демек, Аллах Таала бизге жүктөгөн улуу ибадаттарды жана парздарды аткарбоо үчүн көбүбүз шылтоолоп, шылтоо издеп жатканыбыз канчалык туура? Демек, Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кылганын көбүбүз түшүнө албай турганда, чындап эле бул ыйык айда Аллах Тааланын биз үчүн даярдаган кечиримине татыктуубузбу?!

Ар бир кылымга ылайыктуу амалдарды кылып, ал амалдарды аткарган адам үчүн, ага чоң сооп жазып койгону бул Аллах Тааланын бизге болгон ырайымы. Мусулмандар кыйроого алып баруучу жалкоолуктан жана создуктуруудан алыс болуп, бул иштерди аткарууга шашылуусу керек. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кылган иштери жана сахабалардын аны менен бирге кандай аракеттерди кылганы бул иштердин башында турат. Алар (Аллах алардан ыраазы болсун) Ислам дини бизге таза жана тунук, эч кандай кемчилиги жок жетип келүүсү үчүн күн сайын, өзгөчө ушул ыйык айда Алла Тааланы ыраазы кылууга жана Анын чыныгы динин жайылтууга аракет кылып, күнү-түнү ибадатта болушкан.

Аллахтан бизди Ага ибадат кылгандардын, Анын динин жайылткандардын жана  жашообуздагы ар бир кичине жана чоң нерседе анын өкүмү үстөм болушуна аракет кылгандардын катарына кошуусун тилейбиз. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 24-рамазан.

2025-ж, 24-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here