Кадыр түн

31
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Кадыр түн

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا عَلِيُّ بْنُ عَبْدِ اللَّهِ، حَدَّثَنَا سُفْيَانُ، قَالَ حَفِظْنَاهُ وَإِنَّمَا حَفِظَ مِنَ الزُّهْرِيِّ عَنْ أَبِي سَلَمَةَ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ ـ رضي الله عنه ـ عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَ ‏”‏ مَنْ صَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ، وَمَنْ قَامَ لَيْلَةَ الْقَدْرِ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ ‏”‏‏. سنن ابن ماجه

Али ибн Абдулла Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ким Рамазан айында ыйман жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет, ал эми ким Кадыр түнүн ыйман жана сооп үмүт кылып тоссо, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет”. (Сунан Ибн Мажа).

Урматтуу бир туугандар!

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Бул асыл хадисте Жаратуучубуздун даанышмандыгы жана бизге болгон ырайымы канчалык күчтүү экени айтылат. Аллах Таала пайгамбарлардын жана элчилердин мөөрү, момун пенделерине үлгү, кыямат күнү аларга шапаат кылуучу кылып тандаган улуу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын бул ыйык айды биз үчүн башка эч бир айда болбогон бир өзгөчөлүк менен белгилеп койгонун айтат. Ким бул айда ыйман жана сооп тилеп орозо кармаса, күнөөлөрү кечирилиши менен сүйүнчүлөндүк. Балким, бизди бейишке киргизип, жалкоолордун шылтоосунан куткарууну каалап жаткан Мээримдүү Аллах бул ыйык айга кошуп, сооп жана ажр сыйлык жагынан миң айдан да жакшыраак болгон түндү берди. Андагы иш көп эсе көбөйүшү үчүн, кадыр түндө ибадат менен туруу миң айдан жакшыраак. Бул түн асман ачылып, амалдар кабыл болуп, сооптор көбөйө турган Кадыр түн.

Бул айда Аллах күнөөлөрдү кечирип, пенделерин улуу сооп жана ажр менен сыйлаарын билбей калбайлы. Ал эми анда миң айдан да жакшыраак бир Кадыр түн бар экенин, Аллах аны жылдын калган күндөрүнөн айырмалап койгон, анан биз ага көңүл бурбай, жетпей калбайлы?

Кичине жана чоң иштерибиздин биринчи жана акыркысына чейин  бүтүндөй жаратылгандардын Жаратуучусу, Мээримдүү, Кечиримдүү Аллах Таала ээ экендигине толук ишенишибиз керек. Кимде бул маселеде толук ишенич жок болсо, анда эч бир көз көрбөгөн, кулак укпаган, эч бир адамдын жүрөгүндө ойлобогон акырет жыргалдарынан кур калат. Ал бул дүйнө жана анын пазилеттерин жана өтмүш ырахатын тандап алган бир байкуш.

Биз, орозо кармагандар, Аллах Таалага, Анын сөздөрүнө жана Анын бизге берген убадаларына болгон ишенимибизди арттырышыбыз керек. Аллах Таала Өзүнүн салих пенделери үчүн даярдап койгон нерсеге жетиш үчүн аракет кылышыбыз лаазым. Биз бул ибадатка абдан ынтызар болуп, аны Аллах Тааланын өкүмдөрү жана таза шарияты менен аткаруубуз керек. Бул аркылуу Аллах Таала бизге даярдап койгон дүйнө жана акыретибиз оңдолот.

Аллахтан бизди бул түндү тоскондордон кылуусун жана бул ыйык айдагы баардык амалдарыбызды кабыл кылуусун жана Кадыр түндүн күбөлөрүнөн кылуусун тилейбиз. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 21-рамазан.

2025-ж, 21-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here