Америка хусийлерге каршы сокку уруп, Ирандын аймактагы таасирин чектөөнү көздөөдө
Автор: Устаз Абдуллах Аль-Хадрами – Йемен вилаяты
Америка 2025-жылдын 15-мартында Йеменге каршы жаңы аскердик операциясын баштады. Бул бир нече күнгө созулган жана азыр да уланып жаткан эң ири америкалык соккулардын бири болду. Америкалык расмий булактар хусийлерге каршы аба соккулары бир нече жумага созулушу мүмкүн экенин билдиришти (BBC).
Хусийлерге караштуу саламаттыкты сактоо министрлиги 15-Рамазанда (15-мартта) башталган америкалык соккулардан кеминде 53 адам каза болуп, 100гө жакыны жарадар болгонун, алардын арасында аялдар менен балдар бар экенин маалымдады. Хусийлердин аскерий өкүлү Яхья Сарии «Труман» америкалык учак алып жүрүүчү кемеси жана анын түндүк Кызыл деңиздеги согуштук флоту 18 баллистикалык жана канаттуу ракета жана учкучсуз аппараттар менен аткыланганын билдирди. Ошондой эле, хусийлерге таандык маалымат каражаттары Американын Санаа, Саада жана Байда шаарларына 40 аба соккусун урганын, анын кесепетинен 32 адам мерт болуп, 100дөн ашуун адам жарадар болгонун кабарлашты. Жарадарлардын көбү аялдар жана балдар экени белгиленди.
Американын президенти Трамп 15-мартта хусийлерге каршы «чечкиндүү жана күчтүү» аскердик операция башталганын жарыялады. Ал өзүнүн Truth Social платформасында: «Биз көздөгөн максатка жеткенге чейин өлүмгө алып келген күчтү колдонобуз» деп жазды.
Wall Street Journal басылмасы америкалык расмий булактарга таянып, бул операциянын үч негизги максатын белгиледи:
- Хусийлердин ракета жана дрон учуруучу базаларын жок кылуу;
- Хусий лидерлерин туткунга алуу;
- Иранга «кезек сенде» деген белги берүү.
Бирок бул операциянын максаты хусийлерди толугу менен жок кылуу эмес экендиги айкын. Антпесе, Америка Йемен өкмөтүнө кургактык согушун баштоого жардам бермек. Трамп хусийлердин бийлигин өзгөртүүнү каалабай турганын билдирди. Ошондой эле, мамлекеттик катчысы Рубио америкалык соккулар хусийлерди АКШнын аскердик-деңиз флотуна жана дүйнөлүк соодага коркунуч жаратуудан толук баш тартканга чейин уланарын айтты.
Ошол эле учурда, расмий Йемен өкмөтүнүн коргоо министри хусийлерге каршы согуштук аракеттерге даяр экенин билдирсе да, анын аскерлери бир кадам да жылган жок. Анткени аларга америкалык уруксат керек. Йемен армиясынын генералы Мухсин Хусруф мурда Америка Йемен өкмөтүнүн күчтөрүнө Санаага кирүүгө жол бербегенин ачык айткан эле. Ал тургай, өкмөттүк күчтөр Санаанын четине жеткенде, Вашингтондун буйругу менен токтотулган.
Ушундан көрүнүп турат: Американын хусийлерге жасаган акыркы соккуларынын максаты – Иранга белги берип, аларды колдоону жана курал-жарак жеткирүүнү токтотууга мажбурлоо, ошондой эле АКШ менен өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышууга түрткү берүү. Бул тууралуу 20-март, бейшемби күнү Трамптын Ирандын жогорку жол башчысына жолдогон билдирүүсү тастыктайт: “Жаңы өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү” (Al Jazeera, CNN).
Кыскасы, Трамптын Американыкы болгон бул долбоор – Ирандын аймактагы таасирин чектөө, яхудийлердин мамлекетине кызмат кылуу жана 2023-жылдын 7-октябрындагы окуяларга же башка коркунучтарга окшош сценарийлердин кайталанышын алдын алуу. Ошондой эле бул мамлекетти аймактагы Америкага баш ийген мамлекеттер менен алакаларын нормалдаштырууга багыттоо. Ушул себептен Америка Ливандагы Ирандын партиясын (Хизбуллах) яхудийлердин мамлекети менен тынчтык келишимине кол коюуга мажбурлады. Ошол эле тактика менен ал азыр ХАМАСка да аракет кылууда. Андан мурун Иранды Сириядан сүрүп чыгарган болсо, эми кезек хусийлерге келди, анткени алар Ирандын аймактагы куралдарынын бири болуп саналат.
Демек, Американын хусийлерге сокку уруусу – Иранды АКШ менен өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөргө барууга мажбурлоо жана анын талаптарын аткарууга кайтаруу үчүн жасалган аракет.
Эгерде мусулмандардын башкаруучуларынын коркоктугу жана Американын алдында баш ийгендиги болбогондо, Трамп мунун баарын ишке ашыра алмак эмес. Бирок бул саясий оюндардын курмандыгы – мусулмандардын төгүлгөн каны жана талап-тонолгон байлыктары.
Эгер башкаруучулар ушундай абалда кала берсе, анда армиялар жана аларга эрчиген элдер туруп, бул чыккынчы башкаруучуларды кулатып, Американын долбоорлорун ишке ашыруусуна жана үммөттүн байлыктарын талап-тоноосуна жол бербеши керек.
Палестинада, Йеменде, Сирияда, Суданда жана башка жерлерде төгүлгөн мусулмандардын каны – Американын жана анын аймакка жиберген кара күчүнүн кылган иштеринин натыйжасы. Ошондой эле, бул – мусулмандардын башкаруучуларынын чыккынчылыгынын жана Американын буйруктарына баш ийип, өз элине каршы иштешинин кесепети. Биздин Аллахка болгон ибадатыбыз ошол бузук пландарды токтотуп, башкаруучуларды кулатып, Аллахтын мыйзамы менен өкүм жүргүзгөн, Батыштын таасирин өлкөлөрүбүздөн сүрүп чыгарган Исламий системаны орнотуу менен гана толук болот.
Бул – «ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ».
“Анан пайгамбарчылыктын жолу менен болгон халифалык кайрадан болот” деген сүйүнчүлөнгөн нерсе.