Орозо кармоо жана түнү намазга туруу

29
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Орозо кармоо жана түнү намазга туруу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “رُب صائم ليس له من صيامه إلا الجوع، ورُب قائم ليس له من قيامه إلا السهر” رواه ابن ماجه

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Орозо кармаган адам бар, ал орозосунан ачкачылыктан башка эч нерсе ала албайт. Түнү намазга турган бар, ал уйкусуздуктан башка эч нерсе ала албайт”. (Ибн Маажа риваяты).

Урматтуу бир туугандар!

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Бул асыл хадис жана башка хадистер бизди акыйкат динибиздеги маселелерге жана ибадатыбыздын кандай болушу керектигине багыт берет. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул берекелүү айдагы кээ бир адамдардын абалын айтып берди. Кээ бир мусулмандар бар, алар бул айда тамак-аштан, ичүүдөн, жашоонун ырахатынан тыйылышат. Бирок кылган иштери аларды Аллахка кымындай да жакындата албайт. Жада калса бардык амалдары кабыл боло бербейт. Алардын эмгеги, аракети эч нерсеге арзыбайт, текке кетип чачылган чаң сыяктуу болуп калат. Алар орозодо кылган бул аракеттеринен чарчоо жана кыйынчылыктан башка эч нерсе алышпайт.  Ошондой эле кээ бирлери бир күн бою орозо кармап, түнү намаз окуп, ибадат кылат, бирок алар уйкусуз түндөрдү өткөрүшкөндөн жана чарчап чаалыккандан башка эч нерсе алышпайт.

Кантип ушундай болушу мүмкүн деген ой келет! Асыл аяттарда жана хадистерде бул иштин кандай болору шексиз ачык-айкын баяндалган. Түнү намазга турган  күндүзү орозо кармаган бул адам  күнөө кылүүга көндүм болуп калгандыгы. Анын орозосу Аллахтын тыюуларынан тоскон эмес. Ошондуктан анын иш-аракеттери эки жүздүүлүк (эл көрсүн) жана уятсыздыкты камтыган (сөгүнүп сагынган), бул анын орозосун жоготууга себеп болгон. Орозо кармап, Аллахтан корккон деп айтылуусу үчүн жеп-ичүүдөн тыйылган мунафыктар да бар. Алар Аллах үчүн түндөсү намазга турушат деп айтылуусу үчүн түндөсү мусулмандар менен бирге намазга да турушат. Бирок Аллах Таала алардын жүрөгүндө эмне бар экенин жана напсилери аларга эмнени айтып жатканын билет. Бирок Аллах Таала бул ишти аларга калтырды, алар эмне үчүн амал кылышса, ошону алышат. Алар адамдар аларды күндүзү орозо кармашат түндө намаз окушат деп айтуулары үчүн кылган максаттарына жетишти. Анткени адамдар аларды ошентип айтышат. Бирок Аллахтын алдында эч нерсеге жетпей калышты. Анткени алар аны Аллах үчүн кылышкан жок, адамдар айтуусу үчүн кылышты. Ошондуктан алар максаттарына жетишти. Аллах эч нерсени текке кетирбеген зат.

Бул жерде биз жыл бою Аллахтын пенделерине зулумдук кылгандарды белгилешибиз керек. Алар Рамазан келээри менен зулумдуктан тыйылып, ал жөнүндө “салихтерден” деп айтылуусу үчүн жана орозо менен намазга  туруучулардын “камкорчусу” деп айтылуусу үчүн намазга жана орозого берилип калат. Ошентип, ал адамдарга ал намаз окуп орозо кармап жатат деген ой жаратып, адамдардын арасынан анын бул аракеттерин далил катары кармаган аны коргоочуларды табат. Бирок бул ийгилик эмес, жетишкендик эмес, анткени Аллах Таала алардын кылык-жоруктарын бир аздан кийин болсо да ашкере кылат. Натыйжада ал бул дүйнөнүн сообун да, акыреттин сообун да албайт. Аллахтан бизди ибадаттарында эки жүздүү болгондордон сактоосун жана ибадат менен адилетсиздик жана зулумдуктарын жашырган мунафыктарды ашкере кылуусун тилейбиз. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 16-рамазан.

2025-ж, 16-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here