Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Орозо кармагандар үчүн Ар-Райян дарбазасы ачылат
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
حَدَّثَنَا خَالِدُ بْنُ مَخْلَدٍ، حَدَّثَنَا سُلَيْمَانُ بْنُ بِلاَلٍ، قَالَ حَدَّثَنِي أَبُو حَازِمٍ، عَنْ سَهْلٍ ـ رضي الله عنه ـ عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَ “إِنَّ فِي الْجَنَّةِ بَابًا يُقَالُ لَهُ الرَّيَّانُ، يَدْخُلُ مِنْهُ الصَّائِمُونَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، لاَ يَدْخُلُ مِنْهُ أَحَدٌ غَيْرُهُمْ يُقَالُ أَيْنَ الصَّائِمُونَ فَيَقُومُونَ، لاَ يَدْخُلُ مِنْهُ أَحَدٌ غَيْرُهُمْ، فَإِذَا دَخَلُوا أُغْلِقَ، فَلَمْ يَدْخُلْ مِنْهُ أَحَدٌ “.سنن ابن ماجه
Халид ибн Махлад Сахлдан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: “Чындыгында Бейиште Ар-Райян деген дарбаза бар, Кыямат күнү орозо кармагандар ошол эшиктен кирет. Алардан башка эч ким кирбейт. “Орозо кармагандар кайда?” – деп айтылат алар турушат, алардан башка эч ким кирбейт, алар кирсе, ал жабылат жана андан эч ким кирбейт”. (Сунан ибн Маажа).
Урматтуу бир туугандар!
Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.
Бул асыл хадис орозо кармаган адамдын Кыяматта ала турган улуу соопторун баяндайт. Аллах Таала бейишти жаратып, ага бир нече эшик кылды. Ар бир дарбазанын өзүнүн адамдары бар, бул дарбазалардын бири орозо кармагандар үчүн, башка эч ким үчүн эмес. Орозо кармаган адам сөгүнүп уят сөз сүйлөбөй жана Аллахтын буйрук кайтарууларына баш ийбестик кылбай Аллах Таалага чын жүрөктөн жакындаш үчүн орозо тутуусу аркылуу бул эшиктен кирет. Бул дарбазанын аты Ар-Райян дарбазасы. Бул ысымы анын ээлери суусап же ачка калбай турган күн келгенге чейин суусап, ачка болгондорду сүрөттөйт. Бул чоң сыйлык. Райян дарбазасынан орозо кармагандардан башка эч ким кирбейт. Акыркы орозо кармаган адам киргенден кийин жабылат, анын артынан эч ким кирбейт. Бул орозонун акыретте жана бейиште өзгөчө даражасы жана кадыр-барктуу орду бар экенине ачык далил. Орозо кармаган адам орозо кармагандар үчүн ачылган бул эшиктен кирүүнү кааласа, болгону шарият өкүмдөрүнө ылайык орозо кармашы керек. Башка орозо кармагандар кире тургандай, ал да ага кирүүгө татыктуу болушу үчүн жана Аллах Тааланын ыраазычылыгын көздөгөн жана ал үчүн гана амал кылгандар татыктуу болгон Бейишке татыктуу болушу үчүн шарият көргөзгөндөй орозо кармашы керек.
Кимдир бирөө бардык момун мусулмандар орозо кармап, түнү менен намаз окушат деп айтышы мүмкүн. Бул алардын баары бир эшиктен кирет дегенди билдиреби? Жок, бул суроо кээ бир адамдар гана кирүүгө укуктуу, башкалары кирүүгө укуктуу эмес деген хадис тарабынан четке кагылган. Бул калгандардын орозосу кабыл болбой калды дегенди билдирбейт, тескерисинче, кирүүгө татыктуу болгондор кармаган орозосу жана амалдары менен башкалардан жогору болуп Ар-Райян дарбазасынан кирүүгө татыктуу болушту дегенди билдирет. Бул даражага Аллах үчүн чын ыкластан орозо кармагандар гана татыктуу. Аллах ага жүктөгөн башка парздарды аткарып, орозо кармоонун кыйынчылыктарынан башка кыйынчылыктарга чыдайт. Мисалы, жихад, Исламдын желегин көтөрүү жана башка көптөгөн нерселерге чыдап орозо кармашы себептүү башкалардан жогору болуп, Ар-Райян дарбазасынан кирүүсү мүмкүн.
Аллахтан бизди ушул дарбазанын ээлеринен кылуусун жана ал дарбазадан өзгөчөлөнгөн адамдар менен бирге кирүүгө жарактуу амалдарды жасоого жардам беришин сурайбыз. Аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 14-рамазан.
2025-ж, 14-март.