Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы?
Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып баалай турган өлчөмдөрдү белгилеп койгон. Алгач Аллах парздарды нафил ибадаттардан жогору койгон. Аалымдар мындай дешкен: «Кимде-ким парздарды аткаруу менен нафилдерге убакыт таппай калса, ал кечиримдүү. Ал эми ким нафилдер менен алек болуп парздарды калтырса, ал алданыптыр».
Абубакр Сыддык (رضي الله عنه ) мындай деген:
“إن الله تبارك وتعالى لا يقبل النافلة حتى تؤدى الفريضة”.
«Аллах Таала нафил ибадатты парз аткарылмайынча кабыл албайт».
Ошондой эле Аллах убактысы тар парздарды убактысы кенен парздардан мурда аткарууну буйруган. Эгер парздар кагылышса, алардын ортосунда артыкчылык даражасын белгилеген. Маселен, кимдир бирөө соопко ээ болуу максатында бирөөнүн өмүрүн сактап калууга аракет кылып жатса, зарылчылыкка жараша намазын кечиктирүүгө уруксат берилген. Худайбияда сахабалар менен бирге болгон Пайгамбар ﷺ да душмандардын катуу чабуулу астында намазды кечиктирген. Демек, мусулмандар аткарган сооптуу иштерин өз каалоосуна жараша эмес, шариаттын тартиби боюнча иретке келтириши зарыл.
Ал эми күнөөлөрдүн да даражалары бар. Кээ бирлерин даарат менен намаз жууп кетет, башкалары чоң күнөөлөргө жана адамды кыйроого алып баруучу амалдарга кирет. Кээ бир күнөөлөр сооптуу амалдардын сообун жок кылып, дубалардын кабыл болуусун тосуп коёт. Абу Хурайра (رضي الله عنه ) Пайгамбар ﷺ мындай дегенин риваят кылган:
«إِنَّ اللهَ طَيِّبٌ لَا يَقْبَلُ إِلَّا طَيِّباً… ثُمَّ ذَكَرَ الرَّجُلَ يُطِيلُ السَّفَرَ أَشْعَثَ أَغْبَرَ يَمُدُّ يَدَيْهِ إِلَى السَّمَاءِ يَا رَبِّ يَا رَبِّ وَمَطْعَمُهُ حَرَامٌ وَمَشْرَبُهُ حَرَامٌ وَمَلْبَسُهُ حَرَامٌ وَغُذِيَ بِالْحَرَامِ فَأَنَّى يُسْتَجَابُ لِذَلِكَ؟!» رواه مسلم.
«Чындыгында, Аллах таза жана Ал таза нерсени гана кабыл алат… Анан узак сапарда чачы таралбаган, чаң баскан адамды эскерип: “Йа, Рабби! Йа, Рабби!” деп колун көккө жайып жалбарат. Бирок анын жеген тамагы арам, ичкен суусу арам, кийген кийими арам, арамы менен азыктанып чоңойгон. Андай болсо, анын дубасы кантип кабыл болсун?!” (Муслим риваяты).
Намазды таштоонун оор күнөө экендиги туурасында имам Бухари Бурайда (رضي الله عنه ) аркылуу риваят кылган хадисте мындай деп айтылган:
«مَنْ تَرَكَ صَلَاةَ الْعَصْرِ فَقَدْ حَبِطَ عَمَلُهُ». وقال ﷺ: «أَوَّلُ مَا يُحَاسَبُ بِهِ الْعَبْدُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ الصَّلَاةُ، فَإِنْ صَلُحَتْ صَلُحَ لَهُ سَائِرُ عَمَلِهِ، وَإِنْ فَسَدَتْ فَسَدَ سَائِرُ عَمَلِهِ».
«Ким аср намазын таштаса, анын бардык амалдары текке кетет».
Пайгамбар ﷺ дагы мындай деген: «Кыямат күнү пенде эң алгач намаздан суралат. Эгер намазы туура болсо, калган амалдары да туура болот. Эгер намазы бузук болсо, калган амалдары да бузук болот».
Сооптуу амалдар канчалык көп болбосун, кээ бир чоң күнөөлөрдөн улам алардын сообунан куру калуу коркунучу бар. Мындай чоң парздардын бири – Аллахтын өкүмдөрүн орнотуу үчүн үммөт биригип, өзүнө имам тандап, анын жетекчилиги астында жашашы. Муслим риваят кылган хадисте Ибн Умар (رضي الله عنه ) мындай деген:
«مَنْ خَلَعَ يَداً مِنْ طَاعَةٍ لَقِيَ اللَّهَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ لَا حُجَّةَ لَهُ، وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً».
«Кимде-ким башчыга (имамга) моюн сунуудан баш тартса, Кыямат күнү Аллахтын алдында далили болбойт. Ким өз моюнунда имамга байат болбостон өлсө, ал жахилия (Исламга чейинки наадандык) өлүмү менен өлүптүр».
Бул хадисте үммөттүн бирдиктүү имамынын болушунун чоң мааниге ээ экени баса белгиленген. Бир жолу байат берилип, ага баш ийүү парз болгондон кийин, ага каршы чыгуу Кыямат күнү адамды аргасыз абалга алып келүүчү оор кылмыш болуп саналат. Имамга баш ийүү буйругу анын болушун да камтыйт. Анткени ага каршы чыгуу бул парзды бузгандай эле, анын жоктугу аны толук жокко чыгарат. Ким имамды орнотуу парзын аткарбай, бул парзды аткарбастан өлсө, анын өлүмү жахилия өлүмү болот, бул болсо күнөөнүн өтө чоң экенин билдирет.
Ошондой эле сооптуу амалдардын сообун жок кылуучу күнөөлөрдүн бири – зулум көргөндөрдү жалгыз таштап, аларды колдоого зарыл болгон нерселерди жасабоо. Кээ бир мухаддистер «хасан хадис» деген риваятта мындай деп айтылган:
“لا يقفن أحدكم موقفاً يُقتل فيه رجل ظلماً، فإن اللعنة تنزل على من حضر حين لم يدفعوا عنه، ولا يقفن أحدكم موقفاً يُضرب فيه رجل ظلماً، فإن اللعنة تنزل على من حضره حين لم يدفعوا عنه”.
«Силердин эч кимиңер бирөө зулумдук менен өлтүрүлүп жаткан жерде турбасын. Анткени ага жардам бербей жөн гана карап турган адамдарга лаанат түшөт. Ошондой эле эч ким зулумдук менен сабалып жаткан жерде турбасын, анткени ага жардам бербей жөн гана карап турган адамдарга лаанат түшөт».
Имам Ахмад жана Абу Дауд Жабир ибн Абдуллах жана Абу Талха ибн Сахл аль-Ансари (رضي الله عنه ) риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«مَا مِنِ امْرِئٍ يَخْذُلُ امْرَأً مُسْلِماً فِي مَوْضِعٍ تُنْتَهَكُ فِيهِ حُرْمَتُهُ وَيُنْتَقَصُ فِيهِ مِنْ عِرْضِهِ إِلَّا خَذَلَهُ اللهُ فِي مَوْطِنٍ يُحِبُّ فِيهِ نُصْرَتَهُ، وَمَا مِنِ امْرِئٍ يَنْصُرُ مُسْلِماً فِي مَوْضِعٍ يُنْتَقَصُ فِيهِ مِنْ عِرْضِهِ وَيُنْتَهَكُ فِيهِ مِنْ حُرْمَتِهِ إِلَّا نَصَرَهُ اللهُ فِي مَوْطِنٍ يُحِبُّ نُصْرَتَهُ».
«Ким бир мусулмандын ар-намысы тебеленген же аброю басмырланган жерде аны жалгыз таштаса, Аллах Таала аны жардамга муктаж болгон жерде жалгыз таштайт. Ал эми ким бир мусулмандын ар-намысы тебеленген же аброю басмырланган жерде аны коргосо, Аллах Таала аны жардамга муктаж болгон жерде коргойт».
Бухари жана Муслим риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ لَا يَظْلِمُهُ وَلَا يُسْلِمُهُ، وَمَنْ كَانَ فِي حَاجَةِ أَخِيهِ كَانَ اللهُ فِي حَاجَتِهِ، وَمَنْ فَرَّجَ عَنْ مُسْلِمٍ كُرْبَةً فَرَّجَ اللهُ عَنْهُ كُرْبَةً مِنْ كُرُبَاتِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ، وَمَنْ سَتَرَ مُسْلِماً سَتَرَهُ اللهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ».
«Мусулман – мусулманга бир тууган, ага зулумдук кылбайт жана аны (душмандарына) таштап койбойт. Ким бир тууганына жардам берсе, Аллах да ага жардам берет. Ким бир мусулмандын кыйынчылыгын жеңилдетсе, Аллах анын Кыямат күнүндөгү кыйынчылыктарын жеңилдетет. Ким мусулмандын кемчилигин жашырса, Аллах Кыямат күнү анын кемчилигин жашырат».
Бүгүнкү абалыбызды карап, мусулмандарды чоң парздарды аткарбоонун коркунучунан эскертип коюу зарыл. Ислам мамлекетин тикелөө жана дүйнө жүзүндө каны төгүлүп, зулумга учураган мусулмандарга жардам берүү сыяктуу улуу парздарды аткарбай коюу – коркунучтуу. Көпчүлүк адамдар денеге жана мал-мүлккө жеңил тийген ибадаттарды аткарып эле соопко жетем деп ойлоп, эң жогорку даражага жетип, Аллахка жакын болуп жатабыз деп өздөрүн алдашат. Бирок чындыгында, эгер биз Аллахтын динин, анын шариатын жана Пайгамбарынын ﷺ осуятын таштап, мамлекетин орнотуу үчүн аракет кылбасак, Аллах биздин орозобузду, намазыбызды жана башка ибадаттарыбызды кабыл алабы? Эгер биз дүйнө жүзүндөгү эзилген мусулмандарды жалгыз таштап, алар үчүн дуба кылуу жана алардын башына түшкөн кырсык, бомбалоо жана кыргындарды карап коюу менен гана чектелсек, анда биздин орозобуз менен намазыбыз кабыл болобу? Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«رُبَّ صَائِمٍ لَيْسَ لَهُ مِنْ صِيَامِهِ إِلَّا الْجُوعُ، وَرُبَّ قَائِمٍ لَيْسَ لَهُ مِنْ قِيَامِهِ إِلَّا السَّهَرُ»؟
«Канча орозо туткан адам бар, бирок анын орозосунан алган пайдасы ачкачылык гана болот! Канча түнкүсүн намаз окуган адам бар, бирок анын түнкү ибадатынан тапканы уйкусуздук гана болот!».
Ал ﷺ дагы мындай деп эскерткен эмеспи:
«مَنْ لَمْ يَدَعْ قَوْلَ الزُّورِ وَالْعَمَلَ بِهِ فَلَيْسَ للَّهِ حَاجَةٌ فِي أَنْ يَدَعَ طَعَامَهُ وَشَرَابَهُ».
«Ким жалган сөздү жана ага амал кылууну таштабаса, Аллахка анын тамактан баш тартуусу жана суусуз калуусу керек эмес».
Демек, биз башыбыздан өткөрүп жаткан абалга ыраазы болуу, мусулмандарды жалгыз таштап коюуну актоо жана Ислам жашоо образын кайра жандандыруу үчүн аракет кылбоо – эң чоң жалган эмеспи?
Парздардын иретин бузуу жана арам нерселерди баскыч-баскычы менен уруксат деп түшүндүрүп, жогорку деңгээлдеги парздарды таштап, жеңилине басым жасоо – эң чоң жалган эмеспи?
Шариаттын өкүмдөрүнө каршы келген башкаруу системаларын “зарылчылык”, “убактылуу” жана “жумшартылган саясат” деген шылтоолор менен актоо – эң чоң жалган эмеспи?
Оо, мусулмандар, этият болгула! Кыямат күнү соопко толгон тоолорду топтодук деп ойлоп, бирок Аллах алдында эч кандай далилсиз, соопсуз, бечара болуп калуудан сактангыла!
Ошондуктан, эй Ислам үммөтү, шариаттын өлчөмдөрүнө кайтып, бардык иштерибизди ошого жараша таразалайлы, парздарыбызды ошого жараша иретке келтирели. Балким, Аллах бизден жана силерден сооптуу амалдарыбызды кабыл кылат. Бардык мактоо – ааламдардын Рабби Аллахка!
Шейх Аднан Мизян
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук Маалымат бөлүмүнүн мүчөсү