Рамазандын акыркы түндөрү ибадат кылуучуларды күтөт!
Рамазан — анын башталышы ырайым, ортосу кечирим, ал эми аягы тозок отунан куткаруучу ай болуп саналат. Бул айда Жаннаттын дарбазалары ачылат, Тозоктун дарбазалары жабылат, шайтандар чынжырланат. Рамазан — бул такыбалардын жана ыхластуулардын айы. Бул айды тийиштүү түрдө өткөргөндөргө сыйлыктар убада кылынган. Рамазан — бул чексиз акылмандык жана ырайым алып келген ай. Курандын түшүшү, орозонун парз кылынышы, миң айдан абзел болгон Кадыр түндүн бул айда болуусу мусулмандар үчүн күнөөлөрү кечирилишине жетиштүү мүмкүнчүлүк. Бул Аллахтын ырайымын жана кечиримин билдирген жакшы кабар.
Бул берекелүү айда мусулмандардын жашоосунда көп нерсе өзгөрөт. Анткени, биз буга чейин айткандай, бул айда орозо кармалып, намаздар, Куран окулат. Бул нафсты тартипке салат жана мусулмандарды Улуу Аллахтын ыраазычылыгына жана кечиримине алып келет.
Бул ай — Аллахка жакындоо, улуу иштерди жасоо жана күнөөлөрдөн тазалануу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Бул айда бардык тармактарда жакшылыктын эшиктери ачылат, жамандык азаят, мусулмандар ойгонушат, такыбалык жана баш ийүү күчөйт, шариатты аткаруу каалоосу, мусулмандардын жандануусу байкалат.
Мунун баарын түшүнүү менен, биз бул ыйык Рамазан айын жемиштүү пайдаланышыбыз керек. Бул айда мусулмандар дубаларында тообо кылып, өткөн жашоосун талдап, катачылыктарды жана кемчиликтерди түшүнүү менен бирге өз нафсын жана жашоо образын оңдоого жакшы ниеттерди түзөт. Ошондой эле ойлор тазаланып, мусулман үчүн так максаттарды жана пландарды түзгөн артыкчылыктарды аңдоо пайда болот. Рамазан тоонун чокусуна чыгууга окшош, андан ага руханий бийиктиктен, күнүмдүк түйшүктөрдөн алыс, айлана-чөйрөгө көз караш ачылат. Адатта, чокуга чыккандан кийин аны жеңилдик жана алга карай чечкиндүү кадамдар күтөт. Алга карай кадамдар жаңы милдеттерди аткарууну жана жаңы максаттарга жетүүнү талап кылат. Бул үчүн мусулмандар ушул берекелүү айда даярданышы, пландаштырышы жана максаттарды коюшу керек. Анткени максаты жок кемеге эч кандай шамал жардам бербейт. Аллахтын Элчиси (с.а.в.) жана анын сахабаларынын бул айдагы жашоосу Аллахка кызмат кылуу, бул айдан пайда алууга аракет кылуу менен өткөн. Өздөрүнүн өрнөктүү жашоосуна карабастан, Рамазан айында дагы ибадат жана берилгендикте бекем болушкан.
Рамазанда адам баласынын ар бир иши он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлөт. Аллах Таала айткан: «Орозодон башкасы, чындыгында, орозо Менин жолумда (тутулат), жана Мен ага сыйлык берем, анткени адам Менин жолумда өз каалоолорунан жана тамагынан баш тартат!».
Ошондой эле айтылган: «Орозо кармаган адамды эки кубаныч күтөт: бири ооз ачканда, экинчиси — Раббиси менен жолугушканда. Чындыгында, орозо кармагандын оозунан чыккан жыт Аллах үчүн мускустун жытынан да жагымдуу!».
Бул айда, айрыкча орозонун акыркы 10 күнү жана түндөрүндө биз Раббибизге кайрылышыбыз, тооба кылышыбыз, өзүбүз жана бардык мусулмандар үчүн көп дуба кылышыбыз, Аллах Тааланын ысымын эстеп жүрүшүбүз керек. Калган 10 күн жана 10 түндө биз Аллах Таалага жакындата турган иштерди мүмкүн болушунча көбөйтүшүбүз зарыл.
Аллах Таала айткан:
«Раббиңер айтты: “Мага дуба кылгыла, Мен силерге жооп берем. Чындыгында, Мага сыйынуудан баш тарткандар Жаханнамга жеткирилет, кор болушат”» (40:60).
Аллахтын Элчиси (с.а.в.) айткан:
«Аллахка ант ичем, мен күнүнө жетимиш жолудан ашык Аллахтан кечирим сурайм жана Ага тооба кылам».
Нафсты тарбиялап, инсанды калыптандырган намаз – Аллахка жакындоо жолдорунун бири болуп саналат. Биз бул айда милдеттүү жана кошумча намаздар аркылуу нафсыбызды бекемдешибиз керек. Бул биздин даражабызды көтөрөт, көздөрүбүздүн нуру жана жашообуздун булагы болот. Намаздарыбыз, согуш талаасында да таштай албаган жоопкерчилик. Аларды аткаруу үчүн жашоонун бардык агымын токтотобуз. Ал бизди бардык жамандыктан жана адепсиздиктен сактап, Аллах менен байланышыбызды бекемдейт. Биз намазды күнүмдүк формалдуу же жөн гана ритуалдык кыймыл аракет катары эмес, чыныгы берилгендик жана коркуу сезими менен окуубуз керек. Биз намаздын мааниси жөнүндө бир же бир нече сүйлөшүүлөрдү угушубуз, тематикалык китепти окушубуз, тактык жана ишенимдүүлүк үчүн изилдөө жүргүзүшүбүз керек. Биз милдеттүү (фард) намаздарды гана эмес, күчүбүз жеткенче кошумча (нафил) намаздарды да улантышыбыз керек. Рамазан айында, айрыкча акыркы түндөрдө, сухурга турганда тахажжуд намаздарын окушубуз зарыл. Таравих намаздарын мечитте же үйдө окушубуз жана Пайгамбардын (с.а.в.) сахабалары сыяктуу түндөрдү пайдаланышыбыз керек. Расулулла (с.а.в) айтты:
«Силерге түндө туруу (намаз окуу) буйрулду. Чындыгында, бул Аллахка жакындоо, күнөөдөн сактануу, кемчиликтерди жоюу, денени оорулардан арылтуучу силерден мурун өткөн такыбалардын салты.» (Тирмизи).
Ас-Саиб ибн Язид айткан: «Умар ибн аль-Хаттабдын (р.а.) тушунда адамдар Рамазанда түнкү кыямды (таравих намазы) жыйырма рекет кылып окушчу». Андан кийин ал мындай дейт: «Алар жүздөн ашык аяттан турган сүрөлөрдү окуп намаз окушчу. Усмандын (р.а.) тушунда кыямдын узактыгынан улам таяктарга таянышчу» (аль-Байхаки).
Ошондой эле бул айда, айрыкча акыркы түндөрдө, мусулмандарды унутулган сүннөт — итикаф күтөт.
Аллахтын Элчиси (с.а.в.) жыл сайын Рамазандын акыркы 10 күнүндө итикаф кылып, жубайларынан обочолончу. Ал өзүнүн ибадатын күчөтүп, дайыма Куран окучу. Жабреил (а.с.) келип, Аллахтын Элчиси (с.а.в.) ага ошол кезде түшүрүлгөн аяттарды кайталачу. Итикаф Пайгамбардын (с.а.в.) күчтүү сүннөттөрүнүн бири эле. Тилекке каршы, итикаф Рамазанда да унутулган сүннөткө айланды. Биз, дайыма дүйнө менен алек болгондор, жашоону токтотуу, тышкы факторлордон арылуу, ойлонуу, өзүн-өзү талдоо, жаңы чечимдерди кабыл алуу, пландарды түзүү жана жаңы максаттар менен жашоону кайра баштоо жагынан чоң кемчиликке дуушар болуп жатабыз. Ошондуктан Рамазанда, айрыкча анын акыркы күндөрүндө, биз итикаф окулган чоң мечиттерде итикафка кирүүгө аракет кылышыбыз керек жана мусулмандар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, нафсыбызды бекемдешибиз керек. Биз такыбалык жана ихлас аркылуу кемчилик кетирүүдөн сактанып, өзүбүздү тергеп турууга умтулушубуз керек.
Тарыхыбыздын эң оор мезгилдеринин бирин баштан кечирип жаткан биз Рамазан айын мүмкүнчүлүккө айлантып, Умматты бириктирүүчү улуу күч болуу үчүн олуттуу жана конкреттүү кадамдарды жасашыбыз керек. Биз даават ишиндеги ийгиликтердин бийиктиктерине исламий нафсияны жана мусулмандардын Умматты бириктирүүчү аң-сезимин калыптандыруу менен гана жете алабыз.
Муну Рамазан күндөрү менен түндөрүн чын ыкластан өткөрүү жана ислам жашоо образын кайра жандандыруу үчүн Пайгамбарлык минхажы негизинде рошид Халифалыкты орнотуу менен чын дилден иш алып баруу аркылуу гана жетишүүгө болот.
Бир сөз менен айтканда, сыноо уланууда жана Рамазан — инсандарды бекемдөө жана бул күрөштү күчөтүү үчүн эң маанилүү мүмкүнчүлүк. Бул айды баалабагандар чоң берекеден куру калышат жана Алладн эскертүү алышат.
Аллахтын Элчиси (с.а.в) айтты: “Анын мурду жерге сүрүлсүн! Анын мурду жерге сүрүлсүн! Анын мурду жерге сүрүлсүн!”. Ушул катуу эскертүүдөн кийин анын жанындагылар сурашты: “Кимди айтып жатасыз, оо Расулуллах?”. Аллахтын Элчиси (с.а.в.) айтты: “Менин атым айтылганда мага салават айтпаган адамга кордук жолугат! Рамазан айы келип, андан күнөөлөрү кечирилбей чыккан адамга кордук жолугат! Ата-энеси карылыкка жеткенде аларды Жаннатка алып кирбеген адамга кордук жолугат!”” (ат-Тирмизи).
Кааб ибн Ужрат (радыяллаху анху) айтат: «Бир жолу Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) минбарга жакын келгиле!» – деди. Биз минбарга жакын келдик. Пайгамбар, (саллаллаху алейхи уа саллам) минбардын биринчи тепкичине бутун койгондо: «Аамиин»,-деди. Экинчи тепкичке бутун койгондо да: «Аамиин»,-деди. Анан үчүнчү тепкичке бутун койгондо да: «Аамиин»,-деди. Хутба айтып минбардан түшкөндө: «Оо, Аллахтын Элчиси, бүгүн биз сизден мурун укпаган нерсени уктук» – деп айттык. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам): «Ошол учурда Жабрейил периште келип: «Рамазан айына жетип, күнөөсү кечирилбеген адам (Аллахтын ырайымынан) алыс болсун!» – деп айтты. Мен «Аамиин» – дедим. Экинчи тепкичке көтөрүлгөнүмдө: «Сенин атың аталганда сага салават айтпаган адам (Аллахтын ырайымынан) алыс болсун!», – деп айтты. Мен «Аамиин» – дедим. Үчүнчү тепкичке көтөрүлгөнүмдө: «Ата-энесинин бирөөсү же экөөсү тең карылыкка жеткен учурда кызматын кылбай, бейишке кирбеген адам (Аллахтын ырайымынан) алыс болсун!», – деп айтты. Мен «Аамиин» – дедим». (Байхаки)
Түркистон
Аллах күндөрүбүздү кечирисин