Рамазан – Туура жолдун башаты

56
0

Рамазан – Туура жолдун башаты

Башы рахмат, ортосу кечирим жана соңу тозоктон кутулуу болгон Рамазан айынын акыркы он күндүгүнө жетип келдик. Аллахым баарыбыздын кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын.

Мусулмандар Ислам тарыхында өз динин канчалык бекем карманса мамлекет да ошончолук кубаттуу болду. Ал эми, динине суздук кылган чакта мамлекет да алсыз болгон. Мусулмандар шариатты бекем карманган учурда жүз жылдар бою адамзатты адилеттик менен башкарып, бакубат жашоо тартуулады. Пайгамбарыбыз (с.а.в) акыркы хутбасында айткан:

هلوسر ةنسو ،لَاعت للّإ باتك :امهب متكسمت ام إولضت نل نيرمأ مكيف تكرت “

“Силерге эки нерсени таштадым, аларды бекем кармансаңар эч качан адашпайсыңар. Бул: Алланын Китеби жана менин Сүннөтүм [Имам Малик “Муваттада” келтирген].

Туура жол – бул Аллах ыраазы боло турган жашоо. Аллах Таала ыймандан кийин эле кулдарынан талап кылган нерсе – Туура жолду кармануу. Мусулман – Роббисине ыйман келтиргенден кийин Анын буйруктарына моюн сунган адам. Калбдын туурасы – ыйман, тилдин туурасы акыйкат сөз, амалдын туурасы салихтиги, тагыраагы, шарий өкүмгө ылайык аткарылышы.

Бүгүнкү күндө Батыш лидерлик кылган куфр дүйнөсү жана алардын кызматчыларына айланган малай акимдер мусулмандарды Туура жолдон адаштыруу үчүн бар мүмкүнчүлүктөрүн жумшап жатышат. Экинчи тараптан, Аллага адамдарды адаштыруу үчүн убада берген шайтан (Алейхи лаана) адамдардын арзуу-каалоолорунан пайдаланып, адаштырууга аракет кылууда. Алардын бул аракетинен Роббисинен чын ыклас менен коркуп, Алла белгилеп берген Туура жол үстүндө баскандар гана сактана алышат.

Ислам үммөтү бир кылым бою ар түркүн зулумдук, кыргын жана кыянаттыктарга карабай дининен жана бул жолдогу күрөшүнөн кайткан жок. Тескерисинче, бул үммөт өзүнүн бекемдиги менен куфрдун пландарын текке кетирип, көпчүлүк аймактарда алардын шермендесин чыгарды. Иракта баткакка баткан Америка Афганистандан качып чыгууга аргасыз болду. Ондогон жылдар бою коргоп келген малай акимдерин алмаштырууга мажбур болду. Бүткүл куфр дүйнөсү Газадагы бир ууч мусулмандарга каршы согушуп, аймактын баарын талкалап, акыры ок атышууну токтотуу келишимин түзүштү.

А бирок, үммөттүн ушундай ийгиликтеринин артынан каалаган абалга жете албай жатышы, Туура жолду кармануу маселесине байланыштуу. Маселен, Сирия калкы 14 жыл бою оор курмандыктар берди. Бирок, бул ыңкылаптын артынан бийликке келгендер Исламдын ордуна республикалык  башкарууну тандады. Бул болсо Туура жолду таштоо болуп эсептелет. Бир жетекчинин Туура жолдо болушу кожоюндукту шариатка тапшыруу, Исламдан башка эч бир пикирди кабыл албоо, зулумдукка жакындабоо менен болот.

Адам баласына Туура жолду же адашууну тандоо укугу берилген. Эгер Туура жолду тандаса периштелерден да жогору даражага жетет. Ал эми, адашууну, нафсинин кулу болууну тандаса, айбандан да төмөн түшөт. Бул коомдорго да тиешелүү болуп, ар бир коомдун Туура жолду тандоо ыктыяры бар. Исламий коомдун Туура жолду кармануусун камсыздаган негизги күч, ыйман келтирген куллий пикири, тагыраагы Ислам акыйдасы болуп саналат. Мына ушул акыйдадан келип чыккан түзүм колдонулушу менен коом Туура багытка жетише алат. Бул үчүн шарий өкүмдөрдү ишке ашыра турган Ислам мамлекети талап кылынат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:

ملَسلْإ راح ناطلسلإو سأ ملَسلْاف ،هبحاصب لَؤ امهنم دحإو حلصي لَ مأوت نإوخأ ناطلسلإو سراح لَ امو ،مدهنم هل سأ لَ امو ،س عئاض

“Ислам менен бийлик эгиз бир тууган сыяктуу. Биринчиси экинчисинин бар болушу менен гана толук болот. Ислам бир имараттын пайдубалы, бийлик болсо анын коргоочусу. Пайдубалы болбогон имарат чөгөт, коргоочусу болбогон имарат текке кетет, жоголот” [Канзул Уммал].

 Жетекчилер бузган коомду аалымдар менен ойгок, мабдага ээ саясий жамааттар гана оңдой алат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн хадисинде, аалымдардын коомду оңдоодогу ролун баяндап берген:

ءاملعلإ ،سانلإ دسف إدسف إذإو سانلإ حل ص احلص إذؤ سانلإ نم نافنص ءإرملأإو

“Эки түрдүү адам бар, алар оңдолсо, адамдар оңдолот. Алар бузулса, адамдар да бузулат. Алар: уламалар жана жетекчилер” [Aхмад бин Ханбал].

Жамааттарга келсек, бүгүн үммөт ойгок жана ыкластуу саясий лидерликке болуп көрбөгөндөй муктаж абалда. Бул муктаждыкты мабдага ээ адамдар гана каршылай алат. Мындай адамдар болсо мабда негизиндеги саясий жаматтын ичинен жетишип чыгат. Анткени саясий жамаат мабдага ыйман келтирген адамдардан куралат. Аларды ыкластуу, саясий кылып тарбиялаган нерсе – жападан жалгыз мабда. Алар ушул мабданы коомго алып кирүү, башкарууга алып келүү жана эң көркөм көрүнүштө ишке ашыруу үчүн иш алып барышат. Алар Исламдын ишенимдүү корукчулары. Ислам мына ушул эки тайпанын Туура жолдогу бекемдиги аркылуу сакталып, жайылып келди. Муну азирети Умардын төмөнкү сөзү да тастыктап турат: “Биз Аллах Ислам менен азиз кылган коомбуз, качан азиздикти Исламдан башка жерден издесек, Аллах бизди кор-алсыз кылат!”.

Аллах Таала Туура жол үстүндө бекем болгондорго карата ушундай деген:

نوُعوت متنُ ۪لا ةنَلاِ اوِْاو اونُ زحت لَّو اوفاخت لَّا ةكئلملا مهيلع لنتت اوماقتسا مث للّٰاانبر اولاق نيذلا نا

Албетте: «Раббибиз Алла», – деп, андан соң (Жалгыз Аллага таат-ибадат кылууда) туура жолдо бекем болгон заттардын алдыларында (өлүм убагында) периштелер түшүп, (айтышат): «Коркпогула жана кайгы чекпегиле. Силерге убада кылынган бейиштин куш кабары менен шаатангыла!(Фуссилат: 30).

Демек, биздин мойнубуздагы жоопкерчилик, бул жолдо каршылашкан кыйынчылыктарга сабыр кылып, үмүтсүздүккө, суздукка кабылбастан Аллахтын ыраазылыгына жетүү. Рамазан айынын жакшылыгын мына ушул жолдо өнүмдүү пайдалануу. Мусулмандардын ойгонуусу, бутка туруусу, каапырлардын төмөндүккө кулашы үчүн пайдалануу. Анткени, Рамазан ибадат айы болуу менен катар Куранды тикелөө айы. Алла Таала айтат:

ناقرفلإو ىدهلإ نم تانيبو سانل ل ىده نإرقلإ هيف لزنإ يذلإ ناضمر رهش

Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү” (Бакара: 185). Аллахым бул Рамазанды нусрат жана Туура жолдун башаты кылсын. Мусулмандарга биримдик, азиздик тартууласын.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here