Параллел өкмөттүн негизги келишими – светтик түзүмдү чыңдоо жана өлкөнүн биримдигин кыйратуу

33
0

Басма сөз баянаты

Бисмиллахир Рахманир Рахим

Параллел өкмөттүн негизги келишими – светтик түзүмдү чыңдоо жана өлкөнүн биримдигин кыйратуу

2025-жылдын 22-февралында, ишемби күнү кечинде, Кениянын борбору Найробиде “Жогорку колдоо күчтөрү” (RSF), Судандын айрым саясий күчтөрү жана куралдуу топтор “Биримдик жана тынчтык өкмөтү” деп аталган түзүмдүн негизги келишимине кол коюшту. Бул Дарфур аймагында RSF көзөмөлдөгөн аймактарда түзүлө турган параллел өкмөт болуп саналат.

Бул келишим Судандын биримдигине чоң сокку ура турганына карабастан, алар элди адаштыруу үчүн аны “Биримдик өкмөтү” деп аташты. Бирок иш жүзүндө бул Дарфурду бөлүп чыгарууга жана 2005-жылкы Найваша келишими менен башталган өлкөнү бөлүп-жаруу планын улантууга багытталган кадам. Ошондой эле, алар аны “Тынчтык өкмөтү” деп аташты, бирок акыл-эси бар адам элдин канына, намысына жана байлыгына кол салган “RSF” чындап эле тынчтык алып келет деп ишене алабы?!

Келишимдин негизги пункттарынын бири “Эркиндикке, теңчиликке жана адилеттикке негизделген светтик демократиялык мамлекетти куруу”. Ошондой эле, “Бардык аймактардын саясий, экономикалык жана маданий иштерин өз алдынча башкаруу укугун тааныган чыныгы борбордон ажыратылган башкаруу системасын түзүү”.

Бул келишимде сунушталган секуляризм – Суданга 1899-жылы баскынчы кафир Кишнердин армиясы алып келген секуляризм. Бул система биздин байлыктарыбызды каргышка айландырып, өлкөбүздү Америка жана анын аскерлери менен саясий партиялары бир тарапта, Британия жана анын жарандык күчтөрү менен куралдуу топтору экинчи тарапта күрөш жүргүзгөн эл аралык тирешүү майданына айлантты. Мунун кесепетинен өлкөбүз чоң согушка кирип, Судандын бөлүнүп-жарылышына шарт түзүлдү.

Бүгүнкү күндө Америка түштүк Суданды бөлүп чыгаргандай эле, Дарфурду да бөлүүгө аракет кылууда. Судандын биримдигине каршы турган Кениянын президенти Уильям Руто өзүнүн X платформасындагы билдирүүсүндө:
“АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Судандагы кырдаалды жана биздин өлкөнүн партияларды, жарандык коомду жана башка таасирдүү тараптарды чогултуу аркылуу Судандын башаламандыкка батуусун алдын алуудагы негизги ролун талкууладым”, – деп жазган (Al-Sharq).

Секуляризм, башкача айтканда, динди турмуштан ажыратуу – бул бурмаланган, жашоо системаларын камтыбаган динди карманган каапыр Батыштын идеологиясы. Ошондуктан алар напсилерин кудай кылып алышты жана көпчүлүктүн негизинде жашоо системаларын мыйзамдаштырышты. Демократия алардын башкаруу системасы болуп калды, алар эркиндиктерди ыйык деп эсептеп, туура жолдон адашышты. Дүйнөгө үстөмдүк кылышканда, адамдарды да адаштырды жана бузукулуктарын жайышты. Булардын баары Ислам динине карама-каршы келет. Исламдын ишеними “Лаа илааха иллаллах, Мухаммадур расуулуллах” деген негизге курулган. Бул Расулуллах ﷺ  Раббисинен вахий аркылуу келген, жашоонун бардык тармагын жана мыйзам чыгаруусун камтыган толук дин. Аллах Таала мындай дейт:

﴿الْيَوْمَ أكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الإِسْلَامَ دِيناً﴾

«Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, нематымды-жакшылыгымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн Исламды (гана) дин кылып тандадым».  (Маида, 3). Ошондой эле Аллах Таала мындай дейт:

﴿قُلْ إنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ)

«Айткын (эй Мухаммад): “Албетте намазым, ибадаттарым, тирүүлүгүм жана өлүмүм да ааламдардын Раббиси болгон Алла үчүн». (Анъаам, 162).

Ал эми жалпы эркиндиктер болсо, алар напсинин каалоолору менен кумарларды ээрчүүнү бекемдейт жана бардык жактан Исламга каршы келет. Ислам болсо, адамдын ишениминде, көрүнүшүндө, иш-аракетинде, сөзүндө жана табышында Аллахка кул болуусун бекемдейт. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إذَا قَضَى اللهُ وَرَسُولُهُ أمْراً أن يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أمْرِهِمْ وَمَن يَعْصِ اللهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالاً مُّبِيناً﴾

«Алла жана Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылган – буйруган убакта бир да момун эркек жана момун аял үчүн (Алланын өкүмүн таштап коюп) өз иштеринен бирээр ишти тандоого уруксат эмес. Ким Аллага жана Анын пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек, ал анык адашуу менен адашыптыр». (Ахзаб, 36).

Чыныгы борбордон ажыратылган системаны белгилөөгө келсек, бул – Судандын биримдигин алсыздандыруу максатында мурунку келишимдер аркылуу каапыр колонизатор жетишкен пайдаларды ээрчүү дегенди билдирет. Ниваша жана Доха келишимдери, андан соң Жуба келишими аркылуу Көк Нил жана Түштүк Кордофан аймактарына өз алдынча башкаруу укугу берилди. Андан кийин Дарфур аймагына да ушундай укук берилип, кийинчерээк Судандын бардык аймактары федералдык башкарууга өткөрүлдү. Булардын баары өлкөнүн биримдигин алсыздатуучу башкаруу формалары болуп, аймактардын бөлүнүп чыгышын жеңилдетет. Ушул эле максатты көздөгөн бул келишим жана түзүлө турган өкмөт Дарфур аймагын бөлүп чыгаруу үчүн иштейт!

Бул келишим мамлекеттин биримдигин сактоо үчүн жашоону каапыр Батыштын ишеним негизинде курууну милдеттендирет. Башкача айтканда, же секуляризм (динди мамлекеттен ажыратуу) Конституцияга киргизилет, же болбосо мамлекет элдердин өз тагдырын аныктоо укугу аркылуу бөлүнүп кетет. Келишимдин 7-пунктунда мындай деп белгиленген: “Эгерде убактылуу Конституцияда жана келечектеги туруктуу Конституцияда секуляризмди (динди мамлекеттен ажыратууну) кабыл алуу же аны ачык жазуу болбосо, же болбосо конституциялык негизги принциптердин бири бузулса, анда Судандын бардык элдери өз тагдырын аныктоо укугун ишке ашырууга акылуу”.

Келишимдин 14-пунктунда бирдиктүү армия түзүү тууралуу айтылганына карабастан, ал 20-пунктунда өлкөнүн биримдигин кыйратууну кепилдеген жоболорду киргизип, Батыштын каапырлары менен кызматташкан куралдуу кыймылдардын статусун мыйзамдаштырып, аларга мамлекетке каршы көтөрүлүү укугун эксклюзивдүү түрдө берип жатат. Бул болсо элди алдоо максатында “куралдуу күрөш” деп аталууда.

20-пунктта мындай деп жазылган: “Бул келишимге кол койгон куралдуу кыймылдардын куралдуу күрөштү улантууга укугун таануу, бул – өзгөрүү үчүн жана жаңы Суданды куруу үчүн мыйзамдуу күрөшүү ыкмаларынын бири!”.

Бул далилдердин баары көрсөтүп тургандай, келишим Дарфурду бөлүп чыгаруу жана Судандын калган бөлүгүн бөлүп-жаруунун негизин түзүү максатын көздөйт.

Оо, Судандын эли! Оо, ишенимине жана динине берилген момундар!

Жүрөгүңөр Аллахтын зикирине жана түшүрүлгөн чындыкка жумшарып, өлкөңөрдү бөлүп-жарууга “жетишет!” деп айта турган убакыт келбедиби? Секуляризмди жана каапыр системаларды колдонууга “жетишет!” деп айтчу кез келбедиби? Булардын баары Аллахтын силерге болгон каарынан кабар берет. Силер болсо Пайгамбарыбыз ﷺ  сүйгөн үммөтсүңөр, жашоодогу максатыңар – Аллахтын ыраазылыгына жетүү эмеспи?!

Өлкөңөрдүн бөлүнүшүнө каршы туруп, секуляризмди четке кагууга жана анын үгүтчүлөрүнө бөгөт коюуга убакыт келбедиби?! Алар силерди ушул абалга жеткирди, биримдигиңерди жана бардык ыйык нерселериңерди ушул секуляристтер талкалады, ыйык жайларыңарды жана байлыктарыңарды алардын кожоюндары талап-тоноду! Аллах Таала мындай дейт:

﴿ألَمْ يَأنِ لِلَّذِينَ آمَنُوا أن تَخْشَعَ قُلُوبُهُمْ لِذِكْرِ اللهِ وَمَا نَزَلَ مِنَ الْحَقِّ وَلَا يَكُونُوا كَالَّذِينَ أوتُوا الْكِتَابَ مِن قَبْلُ فَطَالَ عَلَيْهِمُ الأمَدُ فَقَسَتْ قُلُوبُهُمْ وَكَثِيرٌ مِّنْهُمْ فَاسِقُونَ﴾

«Ыйман келтирген заттар үчүн көңүлдөрү Алланы эсте тутуу жана түшүрүлгөн Чындык-Куранга кунт коюу (убагы) келбедиби? (Ошондой эле алар үчүн) илгери Китеп тартуу этилген, андан соң (алар менен пайгамбарлары ортосундагы) мөөнөт узарганда, жүрөктөрү катып кеткен кимселер (тактап айтканда, яхудий – жөөт жана насранийлер) сыяктуу болуп калбастыктын (убагы келбедиби)? Алардан (яхудий – жөөт жана насранийлерден) көптөрү бузуку-баш ийбестер!» (Хадид, 16).

Оо, Аллахка чын ыкласы менен баш ийген мусулмандар!

Секуляризмди, демократияны жана өлкөңөрдүн калган бөлүгүн бөлүп-жарууга умтулган эркиндик үгүтчүлөрүн колдоп жаткандарга бөгөт коюп, аларга каршы үнүңөрдү көтөргүлө! Өлкөңөрдүн бир карыш жерин да бөлүп-жарууга макул эместигиңерди билдиргиле! Силер үчүн жалгыз кабыл алынуучу нерсе Ислам дини жана анын башкаруу системасы болгон пайгамбарлык минхажындагы Халифалык. Бул системанын негизи толук моюн сунуу менен Ааламдардын Раббиси Аллахка кулчулук кылуу. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالأنسَ إلَّا لِيَعْبُدُونِ﴾

«Мен жиндерди жана инсандарды Өзүмө гана кулчулук кылуулары үчүн жараттым» (Зарият, 56).

Оо, күч-кубат ээлери!

Билип алгыла, силер бул кырдаалды өзгөртүүгө жана аны түп-тамыры менен оодарып салууга кудуреттүүсүңөр! Эгерде силер Аллахка чын ыклас менен таянып, Ага татыктуу ишенсеңер, албетте!

Билип алгыла, силердин артыңарда Ислам акыйдасы жүрөктөрүнө бекем орношкон мусулмандар турат, алар Жаннаттын эшиктерин издешет. Алар үчүн Аллахтын жолунда өлүү – Ага күнөө кылып жашагандан да сүйкүмдүү! Тарых барактары жаңыдан Ислам Умматынын даңкын жазууга даяр.

Аллахка баш ийүү үчүн көтөрүлгүлө! Халифалыкты кайра тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат (жардам) бергиле! Ошондо жашооңор туура жолго түшүп, каапыр колонизаторлордун таасири мусулмандардын жерлеринен тамыры менен жулунуп, баскынчылардын арамдыгынан өлкөлөрүңөр тазаланат. Ошондо силер адамдарды караңгылыктан жарыкка чыгара турган умматка айланасыңар.

﴿يَا أيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла!» (Анфал, 24).

24Шаабан, 1446 жыл.

23-февраль, 2025жыл.

Хизб ут-Тахрир – Судан вилаяты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here